ЖОЛ КЫРСЫГЫНДА СУУГА АККАНДАРДЫН ЭКӨӨ ТАБЫЛА ЭЛЕК

Апта сайын жол кырсыктарын угуп үрөй учууда. 21-августта саат 22:00 чамасында Кара-Көл шаарында автокырсык катталды. Ош-Бишкек унаа жолунун 373-чакырымында Тойота-Королла унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен. Автоунаанын ичинде 8 адам болгон. Сууга кулаган унаадан бир аял гана аман калып, анын 2 баласы жана 2 иниси каза тапкан. Балдарынын эң кичинеси 3 жашта болгон. Алардын ичинен сууга агып кеткен 2 жаш баланын денеси дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти. Учурда 20 куткаруучу, 30 жергиликтүү жаран жана 6 укук коргоо кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул жол кырсыгында каза болгондор:
1. Пазилат Балбыкова, 63 жашта. Базар-Коргон районунун тургуну
2. Айчүрөк Мусабаева, 42 жашта. Базар-Коргон районунун тургуну
3. Насипа Юсупжанова, 12 жашта. Базар-Коргон районунун тургуну
4. Элдияр Ботобеков, 7 жашта. Базар-Коргон районунун тургуну
5. Айдар Миталипов, 5 жашта. Базар-Коргон районунун тургуну
6. Мээрим Миталипова, 3 жашта. Базар-Коргон районунун тургуну
7. Тимур Култемиров, 32 жашта. Базар-Коргон районунун тургуну, унаанын айдоочусу

Кенже Тынымбек кызы
Jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
sydykova.janna1989
2013-09-02 11:38:25
Кудай сактай кор Аман эле бололучу
0
aruuzat88
2013-09-02 14:57:16
Аллахым кай жерде болсок да озун сактай кор.
0
azamat.k
2013-09-02 15:03:45
Эмнеге эле ар машиненин маркасын жаза беришет,бир туруп Хонда Степ,дагы туруп Тойота каролла жазышат.
0
allan
2013-09-02 22:07:35
azamat.k,кызыксын го?болгонун жазып атышат да?Сен оз ойуна ала бербе!
0
kg.boys86
2013-09-09 21:26:21
azamat.k, мен да окуп алып тан калдым. бирок ар бир сайтта ар башкача жазылып журот.
0
gulperi.kg
2013-09-04 01:17:40
кудайым ай кантебиз айла жок баш ийебиз анткени биз кудайдын кулубуз
0
admin_media
2013-09-16 16:14:03
guchi,
Саламатсызбы! Рахмат, ката түзөтүлдү.
0
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан