22-августта Ысык-Көл облусунда катталган кара тумоо оорусунан кийин Нарын облусундагылар да бул дарттын алдын алуу аракетин көрүшүүдө. Нарын облусунда 27-августта тийиштүү тармактагы адистер облус башчы менен бирге жыйын өткөрүп, Ысык Көлдөгү абалды талкуулашты. Адистер тобу 27-августтан тарта жайлоолордо рейд жүргүзүшүп, тиешелүү аймактарды көзөмөлгө алышат. Жайлоодон кыштоого түшүп келе турган мал жана чабандар текшерилип, эмделет. Бул боюнча комиссия түзүлүп, 2 ай аралыгында малчыларды көзөмөлгө алуу каралмакчы.
Нарын облусунда акыркы жолу 1800-жылы Баш-Кайыңды айылында кара тумоо катталып, бир нече адам каза тапкан.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg