«КҮЙӨӨМ СИҢДИМДИ ОЙНОШ КЫЛЫП АЛЫПТЫР»

«Менин тагдырымды уккан ар бир үйдүн кожоюну, жашоонун ачуу-таттуусун сезе элек секелек кыздар эсине келишер» деп сөз баштады Дамира (Айрым себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу айым. Макала кимдир бирөөлөр үчүн сабак болор деген максатта гезит бетине жарыялоону туура көрдүк.
– Биз үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, иним жана сиңдим бар. Ата-энем автокырсыктан каза таап, чоң энем бизди багып чоңойтту. Мен мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарында тамак-аш сатуучу жайларда идиш жуугуч, кийин нан жасаган ишканада иштедим. Чоң энемдин көзү өткөндөн кийин үчөөбүз Караколдон батир алып күн өткөрүп жүрдүк. Иним эстүү чыгып, ар кайсы жумуштардан иштеп, тапканын мага алып келет. Экөөбүз акча чогултуп Караколдон бир бөлмөлүү үй сатып алдык. «Биз окубай калдык, эми Чолпонду окуталы» деп сиңдимди медициналык окуу жайга тапшырттык.
Жашообуз бир аз өз нугуна түшүп калганда Кыялбек аттуу жигитке жолуктум. Буйрук экен, Кыялбек экөөбүз баш кошуп, уул-кыздын ата-энеси болдук. Иним үйлөнүп, сиңдим болсо турмушка чыгып, ажырашып кетти. Мен көр турмуш менен алышып базардан товар алып, Бишкекте калып калган күндөрүм да болчу.
Ошол күнү Бишкектен товар алып, чарчап такси менен келе бергем. Түнкү саат үчтөрдө үйгө жетип, балдарды ойготпоюн деп эшик какпастан ачкыч менен ачып кирдим. Балдар уктап жатыптыр, өз бөлмөмө өтсөм, күйөөмдүн жанында бир аял жатат. Менин киргенимди байкашпады. Жарыкты күйгүзүп, күйөөмдүн жанындагы аял менин бир тууган сиңдим Чолпон экенин көргөнүмдө өзүмдү жоготуп коюптурмун. Спирт жыттатып, бетиме суу чачса да өзүмө келе албай, мени ооруканага жеткиришкен экен. Бир күндөн соң эсиме келдим. Көрсө, мындай окуя көп кайталанып жүрүптүр. Балам «Сиз жокто Чолпон эжем үйгө келет, атам болсо бизди жаткыла деп урушат. Экөөбүз коркуп, уктап калабыз» дегенде тегеренип кеттим. Ошондо экөөнү тең өлтүрүп салсамбы деп да ойлодум. Бул кадамдан балдарым гана сактап калды. Аларды да жетим кылгым келген жок. Ооруканада жатсам күйөөм келип, «Чолпон экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз, тоскоол болбо» деп күйгүздү. Башкалардай болуп ичимдик ичсе да мастыгы менен айтып жатат дейт элем, бирок Кыялбек ичпейт. Чолпонду болсо ошол боюнча көргөн жокмун. Жолдошум кийим-кечегин алып үйдөн чыгып кеткен. Мен тирүүнүн өлүгү болуп жашап келем. Эч кимден деле жардам күтпөйм. Болгону арманымды айтып жеңилдеп алгым келди.

Дамира

Айзат Анарбекова
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (117)
suiutbekov1989
2013-09-06 16:11:56
ар кимге ынсап берсин кудайым
0
Gulzada91
2013-09-06 18:51:55
Ой тобо Кудай урган айбандар го малдар ,экоо бу дуйнодо жыргабайт бироонун убалына калса, эжеси акыл-эстуу экен унчукпай калыптыр намыской экен ,чокпонуз кудайым сизди тушунгон акылдуу эрге жолуктурат ,балдарыныздын келечеги учун курошунуз, эгер эриниз баарын тушунуп кайтып келсе балдарыныз учун кечирин.
0
dinaika95
2013-09-06 22:59:12
тооба кылдым ган деш керек тооба кылдым
0
adilet.talas
2013-09-07 06:19:15
сабыр кылыныс кайсы бир айал жаман куйосуно сабыр кылса ал айалга алах таала ася энебиске берген даражаны берет экен жанатан
0
jake
2013-09-07 10:13:26
Анда сиз деле сиңдиңиздин ажырашып кеткен күйөөсү менен жүрүп алыңыз. Ошондо бирге бир болот
0
allan
2013-09-07 11:36:51
бирок,ошол синдиси жыргап кетпейт.Кудай бар экенин унутпаш керек.Акыры эжесинин,балдарынын коз жашы соо койбосо керек!Ал эми эркекке ар жок деп койот эмеспи.Кептин баары аял кишиде.Кунаажын козун сузбосо...деген эле кеп да.эжесине Аллахым сабыр берсин!
0
eduardali
2013-09-07 13:50:00
куйоосундо деле акыл жок экен го
0
Nursultan.m.n
2013-09-07 16:02:42
блииин как они смог!!вааабще жеесть
0
nur_kg94
2013-09-07 22:52:54
да уйят деле жок экен
0
konfetka_love
2013-09-08 13:31:38
Кантип мындайга барышат? Тообо. Башка адам калбай калыптырбы?! Башка адам болсо да, НИКЕ жок болбойт!
0
makentosh-007
2013-09-08 18:41:02
Балдыздыкы бал болот )))))
-2
Shekerbek
2013-09-09 11:16:50
бир эркек менен бир аял жалгыз калган болсо учунчусу шайтан болот деген ушул да
0
nazmar
2013-09-25 15:52:41
синдисин окутуп караса анан эжесинин турмушун бузса, башы жок синди экенго,кудай сакта...
+1
Айдай
2013-12-09 15:00:47
тупизим
0
milady
2013-12-12 20:11:51
Уяты жоктор,буларга окшогондун бетине тукурсо да аздык кылат.
0
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан