Манас районунун Покровка айылында помидорду кайра иштетүүчү завод курулуп, ишке берилүүнүн алдында турат. Аталган заводго 3 миллион долларлык помидорду кайра иштетүүчү заманбап жабдыктар орнотулган. Сентябрь айынын башында ишке кирише турган бул заводдун кубаттуулугу күчтүү экени айтылууда. Кошумчалай кетсек, заводдон чыккан томат пастасын, кетчупту, томат пюресин Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы «Балтимор» компаниясы сатып алуу боюнча алдын ала келишимдер түзүлүүдө.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg