24-август күнү «Кара куурай» деп аталган рейддин жүрүшүндө Талас ОИИБинин кызматкерлери тарабынан Талас шаарынын Турдалиев көчөсүнүн тургуну кармалды. 1988-жылы туулган А.Снын үйүнөн күбөлөрдүн катышуусунда жалпы салмагы 365 граммды түзгөн баңгизаты табылган. Кошумчалай кетсек, өткөн апта ичинде облус аймагында «Кара куурай» рейдинин жүрүшүндө баңгизатына байланышкан 7 факт аныкталып, жалпысынан 421 грамм баңгизаты алынды.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg