Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Чүй районундагы Мээнеткеч айылындагы суу каналына Дастан Эмилов аттуу 5 жаштагы бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кырсык болгон каналда Токмок шаардык 4 куткаруучу жана чөккөн баланын туугандары тарабынан 10 адам издөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада 2-сентябрь күнү саат 00:30 чамасында баланын сөөгү Жаңы-Жер айылынын жанындагы каналдан сугатчылар тарабынан табылып, туугандарына берилди.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg