Жаңы окуу жылынын башталышы менен айдоочулар жана окуучулар үчүн кооптуу абал жаралды.
Буга карата Жол көзөмөлдөө кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери 20-августтан 30-сентябрга чейин жалпы республика боюнча «Абайлагыла, балдар!» аттуу акция өткөрүшмөкчү. Баарынан мурда ата-эне балдары мектепке чейинки баруучу маршрутту туура тандаш керек. Аларга мектепке автоунаа аз жүргөн жол менен барууну үйрөтүп, шарт болсо узатып барып, кайра балдары мектептен чыкканда тосуп алуу зарыл. Мындан тышкары ата-эне балдарына жолдон кантип өтүүнү, жол эрежелерин үйрөтүүсү кажет.
«Ата-энелер, балдарыңарга автоунаа жогорку ылдамдыкта же жакын келип калганда жолду кесип чуркап өтүү жана жолдо ойноо коркунучтуу экенин түшүндүргүлө. Балдарыңарды өз алдынча мектепке барып келүүгө жарап, чоңоюп калгыча мектепке узатып барып келгиле. Балдарыңарга жогорудагы айтылган кеңештерди кайталоодон тажабагыла»,- деп Жол көзөмөлдөө кызматы кеңеш берет.
МАИ кызматкерлери айдоочуларга да жаңы окуу жылынын башталышы менен көчөлөрдө окуучулардын саны көбөйөрүн, жолдо, өзгөчө мектептин жанынан өтүп баратканда ылдамдыкты ашырбай айдап, сак болуусун эскертишет.
Статистикага таянсак, 2013-жылы 7 ай аралыгында эле борбор калаабызда 1644 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 66 адам көз жумуп, 2013 адам денесинен ар түрдүү жаракат алган (анын ичинен 8 бала көз жумса, 306 бала жаракат алган). Ошондуктан жол көзөмөлдөө кызматкерлери жогоруда аталган иш-чаранын алкагында балдар менен биргеликте 29-августта Бишкек шаарынын көчөлөрүндө «Абайлагыла, балдар!» деген аталыштагы үгүт автожүрүш уюштуруп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Кырсык болгондон кийин өкүнүп калгандан көрө кырсыктын алдын алган оң.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg