Жаныш Момуновдун жубайы Жеңишгүл:«ЖАНЫШТЫН ЭМГЕК АКЫСЫН КӨРӨ ЭЛЕКМИН»

Түшүнүктүү жан шеригиң, өйдөдө өбөгүң, ылдыйда жөлөгүң болгону кандай жакшы. Турмуштун канчалаган сыноосунан өтүп, үч баланы татыктуу тарбиялап келе жаткан ырчы, аранжировкачы Жаныш Момунов жубайы менен «Жан шерик» рубрикасынын коногу.

– Рубрикабыздын аты «Жан шерик» болгондон кийин сөзүбүздү жан шерикке айланган күндөргө чейинки мезгилден баштасак. Сүйлөшүп үйлөндүңөр беле?
Жаныш: – Ала качып эле алгам. Булардын үй-бүлөсү биздин жакшы тааныштар эле. Кызыл-Кыяга концерт коюп барган сайын Жеңишгүлдүн ата-энеси бизди коноктошчу. Тарбиясы жакты, кичи пейил, адамгерчиликтүү экен. Анан ала качып кеттим.
Жеңишгүл: – Биздин үй-бүлө «Жаныш-Байыш» тобунун ашынган күйөрманы эмес болчу. Болгону менин апам менен Жаныштын апасы бир айылдан. Булар концерт коюп келген сайын чакырып сыйлап калчубуз.
ЖОЖду аяктап, мектепке жумушка орношуу жөнүндө сүйлөшкөнү барганга даярданып жаткам. Аңгыча Жаныш достору менен келип «концерт коёт элек, клуб башчысынын үйүн көрсөтүп берчи» деп калды. «Ал кишини тааныбайм» десем, «кагазда дареги жазылуу, таап берсең» деп машинага салып алышты. Карасам Кызыл-Кыядан чыгып калыптырбыз. Кайда баратканыбызды сурасам, «досторго жолугабыз да, анан сени үйүңө таштап коёбуз» дешти. Үйүнө алып келишкенде билдим ала качканын. Башка кыздардай болуп ыйлап-сыктаган деле жокмун. Ошол кезде мен деле Жанышты жактырып жүрсөм керек деп азыр ойлоп коём.

– Үйлөнгөндөн кийин дароо гастролго чыгып кеткен жокпу?
– Эки жумадан кийин эле гастролго кетти. Байыштын аялы, кызы, кайненем төртөөбүз калдык. Мындай турмушка көнө албай бир топ кыйналдым.

– «Абысын – аңдышкан жоо» деп коюшат го, абысының менен кандай мамиледесиң?
– Өтө сый мамиледебиз. Башка абысындардай сырдашып, ушакташпайт да экенбиз. Үйүнө барарда тигини сурайын, муну сурайын деп барам. Бирок баргандан кийин аны деле сурабайм. Ортодо эмнегедир тартынуу, чек бар.

– Үйдөгү таарынычтар эмнеден улам болот?
Жаныш: – Мени салат же жеңил тамак менен алдап койгонго болбойт. Сөзсүз камыр тамак жана колго бышырылган нан болуш керек. Анан да үйдүн чачылып турганын жактырбайм. Жумуштан келгенде үй чачылып жатса жаным кашайып кетет, тезинен жыйнаштыр дейм. Ошонун айынан урушуп кетебиз.

Жыйнашып жиберейин дебейби?
Жеңишгүл: – Чачылып жаткан буюмдарды өйдө кылып койгондун ордуна үстүнө жатып алып жаңылыктарды көрөт.

– Акча-тыйыны жок калган учур архивдеги кызыктуу күндөрдүн бири болуп калат экен. Ошондой көз ирмемдер болгонбу?
Жаныш: – Жеңишгүл кош бойлуу, экинчи уулубуз бир-эки айдан кийин төрөлмөк. Ооруканага текшерилүүгө барганбыз. Ал учурда атым таанылып калган, коомдук унааларга түшсөм «Жаныш деген ушулбу?» деп мага угуза эле сүйлөшүп калышчу. Ушундай шыбырашуулардан тажап, коомдук унааларга түшкөндөн уялып жүргөм. Ал аз келгенсип ооруканадан чыгып үйгө кетели десек, чөнтөктө 3 эле сом калыптыр. Анан Ахунбаев менен Совет көчөлөрүнүн кесилишинен Чоң Чүй каналына чейин жөө барганбыз.

– «Акчабыз жок эле, ала кетиңизчи» деп айдоочулардан сурансаңар болот эле го...
Жеңишгүл: – Кайдан, бул антип айтмак түгүл троллейбуска түшкөндөн уялып жүрсө. Көчө көк жалтаң муз, тайгалак болчу. Түшкү 12де ооруканадан чыкканбыз, үйгө саат 4тө жеттик.
Жаныш: – Базардан соодалашсам «Апей, силер да соодалашасыңарбы?» деп таң калышат. Андайда «биз деле адамбыз, силерге окшогон, акча чыгарган заводубуз жок» дейм.
Жеңишгүл: – Бир жолу ак костюм-шым кийиш керек болду. Жаныш «бир эле жолу кием, ошого да 1500-2000 сом коротобузбу, арзаныраак эле алалы» дегенинен ылайыктуусун издеп жүргөнбүз «Дордойдо». Мен Жаныштан бир топ артта калган элем, бир аял менин бетиме карап туруп «Тетиги Жаныш Момуновбу? Булар да базардан соода кылышабы, кымбат дүкөндөрдөн алышпайбы?» дейт. Мен унчукпай күлүп басып кеттим.

– Үйдөгү кассаны ким кармайт?
Жеңишгүл: – Жаныштын эмгек акысын бир да жолу көргөн жокмун. Чынын айтсам, канча аларын билбейм.
Жаныш: – Маданият министрлигинде иштейм. Андан сырткары үн жазуучу студия иштетем. Бир айлык маянам деп баарын жыйнап алып келбейм да. Бөлүп-бөлүп алып келе берем. Ошондуктан Жеңишгүлгө көрүнбөсө керек. Акчаны мен кармайм.

– Жеңишгүл, жолдошуңдан алган баалуу белек...
– Ушул жылы «балдарды мектепке алып барып тур» деп туулган күнүмдө машина белек кылды.

– Балдар кимиңерден сестенип турушат?
Жеңишгүл: – Жаныштан коркуп турушат. Улуубуз Актанды Актан Исабаевдин, экинчибиз Батырханды Батырхан Шукеновдун атынан, кичүүбүз Каныкейди Каныкей апабыздай болсун деп Жаныш өзү койгон. Актан 2-класста, Батырхан 1-класста 67-гимназияда окушат.

– Атасынын ырчылыгы кимисинде бар?
– Батырхан ырга шыктуу. Орусияда иштеген туугандар Кыргызстанга келгенде сөзсүз биздикине түнөп кетишет. Бир жолку келгендеринде «Кана, Жаныштын балдары, кимиңер ырчысыңар?» деп калышты. Ошол кезде «Тамчы шүүдүрүм» хит болуп жаткан. Батырхан дал өзүндөй аткарып берсе, ыраазы болуп баары акча кыстарышты. Актан анын акчасын көрүп, ырдагысы келип кызыгып калды. Анан экөө бир бөлмөгө кирип алып сүйлөшүп жатышыптыр. Тыңшасам Батырхан «макул, анда мен «Тамчы шүүдүрүмдү» ырдабайм, сага бердим» деди. Ошондон кийин ал ырды такыр ырдабай калды.

– Жеңишгүл, Жаныш маданият министри болом дейт. Максатынын ишке ашуусуна жардам берип жатасыңбы?
– Башында тамаша катары кабыл алгам. Анан министр болууга олуттуу мамиле кыла баштагандан кийин мен да ойлонуп калдым. Балдардын жакшы окуганына кубанса, тамагымдын даамдуулугуна ыраазы болсо, иштеген ишине да чоң таасирин берет деп ойлойм.

– Жаныш, эмнеге маданият министри болгуң келет? Башка деле жумуштар толтура го...
– Маданият тармагын көтөргүм келет. 11 жыл Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окудум. Андан кийин консерваториядан фортепиано бөлүмүн аяктагам. Эстрадага азгырылып бул окуумду да таштап койгон элем. Кийин кайрадан калыбына келтирдим. Азыр Маданият министрлигинин концерттик бөлүмүндө башкы адис катары мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу иштери менен алектенем. Быйыл КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистратурасына тапшырдым. Саясатчылар келип, «Мамлекетти кантип башкарыш керек?» деген теманын айланасында лекция өтүп турушат экен. Башкача айтканда, өзүмдү толугу менен саясатка арнайын деп жүрөм.

– Бул оюңду Султан Раев укса, «Жаныш ордумду тартып алганы жаткан экен» деп капа болбойбу?
– Султан байкеге магистратурага тапшырып жатканымды айттым. Ал киши туура кыласың деп колдоду.

– Рахмат маегиңерге, бактылуу түгөйлөрдөн болуп жүрө бергиле.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жаныш менин төртүнчү балам" дейт жубайы Жеңишгүл
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
teitka
2013-09-09 10:43:11
аябай шайыр уй було экен!!!бактылуу болгула!балдарынардын убайын коргуло!
0
nazi91
2013-09-09 11:34:49
соонун маек
0
Jamalym
2013-09-09 11:39:42
Максат-тилектеринерге жеткиле,балдарыныздардын убайын корунуздор.
0
Asus84
2013-09-09 14:02:57
шумдук башкасы ким болот болду экен
0
Shekerbek
2013-09-09 15:16:44
Клара Алибекова кимисинин келинчеги болчу ?
0
allan
2013-09-11 14:55:24
Shekerbek, байыштын
0
nurbek_posol
2013-09-09 15:33:10
Сооонун маек болуптур! Бактылуу болушсун! Сонун уй було экен !
0
madina.00
2013-09-09 21:07:59
Ото эле современная келинчеги бар окшойт Жаныш аганын. Байыш улуу болсо ага деп, кичуу болсо кайним деп айтса деле болмок, Байыш дебей, кыргызда кайын журту тарабын атынан айтып тастандабайт го)))Байыш мырза элдин козундогу, журт кадырлаган адам болсо...
+1
AFRODITA-89
2013-09-09 22:51:20
madina.00, туура айтасын мен да ойлондум окуп алып.
0
Rostov-on-Don
2013-09-11 15:56:49
madina.00, Ош жакта ошондой атын атабайт,аркалыктар кайнилерин аттарын атап айта беришет.
0
konya
2013-09-12 13:04:44
Байкесин тарткан эмес го э....?
0
fizik
2013-09-13 09:27:19
ой, аркалыктар деле кайнаганын атынан атбайт. Тим эле озунорду сезип аласынар ээээ.
0
Rostov-on-Don
2013-10-13 21:04:59
fizik, Мен кайнаганын атынан деген жокмун,кайнилерин деп жатам.Мен мисалы кайнилерими н аттарынан эле айтамын,себеби оздору уруксат беришкен жана жолдошум да макул болгон.
0
sneg88
2013-09-13 22:27:57
Жаныш сиздин бул жашоодогу чыныгы женишиниз бул- келинчегиниз Женишгулго туш болгонунуз. Кандай сонун уй-було коз тийбесин. Аял жакшы эр жакшы деген ушу да
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан