Жакшыгүл Курамаева:«РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ ТЕБЕТЕЙИМДИ КИЙГИЗИП, ЧЕКЕМДЕН ӨПТҮ...»

Жакшыгүл айым кезинде ырчылык өнөрү менен белгилүү болгон. Кийин 90-жылдардагы баарыбызга белгилүү болгон «легендарлуу парламентке» эл тарабынан көрсөтүлүп депутат болгон. 300 депутаттын ичиндеги саналуу аялдардын бири болуп 5 жыл эмгектенет. Бир кездеги эл көзүндө жүргөн депутат, кубулжуган добушу менен элге жакшы маанай тартуулаган Жакшыгүл Курамаева айым менен болгон маегибизде ал өзүнүн жашоосунда күбө болгон ары кызыктуу, ары өкүнүчтүү көз ирмемдерине кайрылды.

– Турмушка 1966-жылы чыктым. Ал учурда элдик театрда ырчы элем. Сыртымдан акмалап, байкап жүрсө керек, өзүмдөн 22 жаш улуу адам ала качып кетти. «Таш түшкөн жеринде оор» десе эле оор болуп кала берсек керек. Ошентип 2 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрдүк. Каның менен бүткөн талантты эч жакка жашыра албайт экенсиң. Ошондо эле ушул таланттын артынан түшсөм болмок экен деп коём азыр. Тагдыр экен, мен ойлогондой болбой калды. Анткени жолдошум каршы чыкты. Ошондой болсо да ар кандай кечелерде, уюштурулган концерттерде буулугуп, жарыла албай жүргөн жаным жумуштан качып барып ырдап, кайра келип калар элем.
Кийин эмгектенип, анын үзүрү менен депутат да болдум. Ушинтип элдин көзүндө жүрүп, элиме бир аз да болсо кызмат кылып, анан эми эле эч кимге кереги жок болуп отуруп калдым. Ушул көрүнүш мени аябай капалантат. Кээде отуруп алып аябай ыза болуп ыйлагым келет. Мына жакындан бери эле Энелер күнүн белгилей баштадык. Мындай даталарга деле чакырылбай калдык. Канча жылдан бери бааланбаган эмгегим биринчи жолу бааланып, жакында Султан Раевдин колунан төш белги алдым. 150 кишинин ичинен атымды атап чакырып, «Маданияттын мыкты кызматкери» деген төш белгини тапшырды. Анан концертинде биринчи чыгайын деп суранып чыгып:
Бааласын, баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин,- деп ырдадым.

Ушинтип таарынычын айтып алган каарманым эсте калган күлкүлүү окуяларынан айтып берди.
– Театрдагылар менен гастролдоп кетебиз. Ошондой күндөрдүн биринде Оштун бир театрына концерт коюп барып калдык. Менин кезегим келгенде боюм кыска болгондуктан, өмүрүмдө кийбеген бийик такалуу бут кийим менен чыктым. Жаңы эле чыгып, 2-3 кадам таштаганда полдун жыртыгына баягы шиш такамдын бирөө кирип кетти да, чыкпай калды. Мындай кылсам да чыкпайт, андай кылсам да чыкпайт. А кыякчы болсо сахнанын ортосуна барып туруп алды. Такыр чыкпай койгонунан бут кийимимди чечтим да, жылаңаяк чыгып барып ырдадым. Ошол окуя эсимен түк кетпейт. Мындай учурлар көп. Эсиме түшкөн сайын күлүп алам. Дагы бир жолу ошол эле Ош жергесинде концерт коюп жүрөбүз. Биз барган айылга коңшу турган айылда атактуу ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыров жашайт экен. Концертке ал да келиптир. Ошентип, концерт башталды. Кезек-кезек менен чыгып ырдап жатышат. Бир кезде кезек мага келди:
Жүрөмүн, селки, муңдана,
Жүлүндө бардай бир жара.
Жүрөгүм калсын сүйүнүп, эй...- деп ырдап келип ырдын акыркы сабындагы «Жүзүңдү бурчу, Гүлнара» деген сабын созуп, аягында башымды силкип жиберсем эле кийип турган үкүлүү тебетейим ыргып барып элдин арасына түшүп калбаспы. Мына ошол жерден күлбөгөн адам жок. Так ошол учурда элдин арасынан Рыспай Абдыкадыров чыгып, тебетейимди алып келип башыма кийгизип, маңдайыман өөп, анан кетти эле жарыктык киши. Ошондуктан кээде ойлоп коём, Кудай берген талант өчүп калбайт экен деп. Анткени азыр да ушундай бир ырдагым келет. Көпкө ырдабасам кадимкидей буулугуп калам.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Lana_g
2013-09-11 15:23:23
Таланты толук ачыкка чыкпай, баркталбай калганы окунучтуу. Бирок, каалосу бар болсо, эми деле кеч эмес деп ойлойм.
0
kirpik
2013-09-12 15:29:05
Оштун сахнасы ошондо жыртык тешик болсо анда азырчы
Качан окумайын такам тешикке кирип кеткен дешет
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан