ЖҮЗҮМ

Бир да жыл мезгили мөмө-жемиштердин арбындыгы менен эрте күзгө тең келе албас. Кайда караба витаминдүү азыктардан көз таят. Алардын арасынан өзгөчө пайдалуу, дарылык касиеттери зор болгон жүзүмдү бөлүп карап кетүүнү туура көрдүк.

АМПЕЛОГРАФИЯ – ЖҮЗҮМДҮ ИЗИЛДӨӨЧҮ ИЛИМ
Жүзүмдү биздин заманга чейинки мезгилдерде эле адамзаты пайдаланганы маалым. Ага далил катары байыркы грек уламыштарын, Мисирдеги фараондордун күмбөздөрүнө чегилген сүрөттөрдү алууга болот.
Жүзүмдүн илимий аталышы – «vitis vinifera». Бул байыркы мөмөнүн мекени жана качан пайда болгону так аныкталбаганы менен, жалгыз ага арналган атайын илим бар. Ампелография –
айлана-чөйрөнүн жана адам баласынын таасири астында жүзүмдүн өзгөрүшүн изилдөөчү илим. Өзгөрүшүн гана изилдеп тим болбостон, адамдар жүзүмдүн дарылык касиетин да терең үйрөнүшкөн. Атүгүл анын мөмөсүн жана ширесин ооруларга каршы пайдаланып, ага ампелотерапия деген ат ыйгарышкан.
Ампелотерапияны өз алдыңызча кылууга аракет жасабай эле койгонуңуз оң. Анткени аны врач-диетологдун көзөмөлүндө жасоо керек. Ал эми мөмөсүн, ширесин, мейизди жана шарабын чени менен кабыл алсаңыз, организмиңизге бир топ пайда алып келесиз.

ПАЙДАСЫ

  • Организмге керектүү В, С витаминдерине жана глюкоза, фруктозага бай.
  • Ашказан, ичегилердин иштешин жакшыртат.
  • Астма (деми кысылуу), плеврит (өпкө кабыгынын сезгениши) ооруларына каршы каражат.
  • Жүрөк, кан-тамыр ооруларынын алдын алат.
  • Кызыл жүзүм кандын курамын жакшыртып, гемоглобинди жогорулатат.
  • Бөйрөктүн иштешин жакшыртып, заара кубалап чыгуучу касиетке ээ.
  • Кимдерге сунушталбайт?
  • Кант диабети менен ооругандарга;
  • Ашказан жарасы барларга;
  • Ич өткөк маалында;
  • Кариеси барларга.

КЫЗЫКТУУ

  • Байыркы гректердин Жүзүм Кудайы Дионис болгон.
  • Украинада аты жүзүмдүн урматына коюлган Изюм шаары бар.
  • Германиялык астроном Франц Кайзер өзү ачкан астероидге жүзүм эккен бабаларынын урматына Винифера (жүзүмдүн илимий аталышы) деген атты ыйгарган.
  • Жүзүмдүн дүйнө жүзү боюнча 8000, ал эми КМШ өлкөлөрүндө 3000ден ашуун сорту бар.
  • Данеги жок дагы сорттору кездешет. Алар: Ак таш, Бедона, Александрит, Ванесса, ак кишмиш.
  • Дүйнө жүзү боюнча 10 129 000 гектар жүзүм аянты бар. Анын ичинен эң көбү Европада (7 306 000 га). Ал эми Азияда 1 331 000 га аянтка өстүрүлөт.

Жалбырагынын дарылык касиети жогору. Кавказ элинин тамактарында кеңири колдонулат. Салаттарга да кошууга болот.

Мөмө катары желет. Шире жана шарап алууда пайдаланылат. Мейиз даярдалат.

Данегинен май алынып, ал косметологияда, укалоодо кеңири колдонулат. Скрабдарга кошулат.

Эскертүү! Ампелотерапия учурунда же жүзүмдү көп жегенде сүттөн, газдалган суусундуктардан, маринаддалган азыктардан баш тарткан оң. Антпесе ич оорушу ыктымал.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жүзгө жакын пайдасы бар жүзүм
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
miniusha
2013-09-09 09:52:02
))) жузумдун жалбырагынын ичине фарш салып тамак жасасам,балдарым жолдошум баш болуп жалбырагын терип салышкан...чынында жалбырагында пайдасы коп да.
0
Bekko
2013-09-09 17:39:01
miniusha, мен деле ошентмекмин ))
0
venchik
2013-09-09 12:12:46
Организмимди жакшы эле тазалап жатыртырмын да мен. Акыркы кезде жүзүмгө табитим аябай тартып калды.
0
Asus84
2013-09-09 14:09:00
хаа жакшы кенеш
0
Asyl.jazi
2013-09-10 09:37:07
Жузумду аябай жакшы кором даа
0
marin
2013-09-11 11:43:34
Рахмат Супер инфо!
0
AFRODITA-89
2013-09-11 21:26:56
Чын эле канды кобойтсо кош бойлуу мезгилде коп жегенге болот экенда. Рахмат супер. Жузумду негизи аябай жакшы кором айрыкча дамский пльчик дейби ошондойду.
0
muxammet
2013-09-14 05:35:47
жегенинер жузум болсун омурунор узун болсун
+1
Aizat_1991
2013-09-15 08:43:15
Жакшы эле окуп келатканда ашказан жарасы барларга болбойт деп мени жаман акыбалга калтырасынар. Айткылачы супер, кичине жесем болобу?
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан