КИРИШҮҮ
Аял – негизинен эркектер менен бирге жашап, чарбачылыкты да бирге жүргүзүүгө ыңгайлашып, алтургай, эркектин жашоосун ууландырып жиберүүгө мүмкүнчүлүгү жеткен зат.
ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
1. Аталышы – аял.
2. Биринчи ачкан – Адам.
3. Атомдук салмагы – 45-100 килограммдын тегерегинде.
4. Денсоолугу – өтө назик.
5. Нерв системасы – «күйөөм канча таап келет болду экен?» деп тынымсыз ойлонгондуктан, дайыма бошоңку абалда.
6. Энергия алуу булактары –сүйүү, эс алуу.
7. Эркектерди өзүнө тартуучу, бир нече убакыттан кийин кайра түртүүчү касиетке ээ.
8. Жалтырак-жултурактарды, өзгөчө баалуу металлдарды көргөндө гипноздолуп калат.
ФИЗИКАЛЫК ТҮЗҮЛҮШҮ:
ХИМИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШҮ:
”АЯЛ” ДЕГЕН ЗАТКА ТИЕШЕЛҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР:
1. Ансыз жашоого болбойт.
2. Качан болсо да “конокко кийип бара турган кийим жок” деп турат.
3. Мык какканды билбесе да, анын каерге кагыла турганын так билет.
4. Анын тааныштарынын бири ушакчы же обу жок.
5. Анын ою боюнча “химия” илим эмей эле, чач жасалгасы.
6. Ал балконду тамеки чегүүчү жай катары эмес, кир жаюучу жай катары эсептейт.
7. Жогорку билим алуу ал үчүн максат эмес, тескерисинче, күйөөгө тийүү куралы.
8. Мүнөтүнө 500 сөз ылдамдыкта сүйлөп, 10 мүнөттө эркек аттуу затты иштен чыгара алат.
БУЛ ЗАТТЫ БАГЫП КАРОО:
1. Убактысынан эрте колдонуудан чыгып калбаш үчүн жылуу, ыңгайлуу бөлмөдө кармоо керек.
2. Бул заттын ишке жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн модалуу кийим, гүл, атыр менен азыктандыруу талапка ылайык.
3. Жылына бир жолу күн нуру менен тазалоо үчүн курортко жиберүү зарыл.
КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ:
1. Колдонуу алдында «өбүү» деген дары менен майлап коюу зарыл.
2. Белек тартуулай койсо “жакшы көңүл” деген белгиге карай бурулуп иштей алат.
КОМПЛЕКТИСИНДЕ:
1. Башы 1 даана. Башынын ооз бөлүгүндө кааласа бал тамыза турган, кааласа уу тамыза турган өзгөчө тили жайланышкан.
2. Колу (оң, сол) 2 даана.
3. Буту (оң, сол) 2 даана.
4. Тулку-бою 1 даана.
Эскертүү: Түзүлүшүндөгү кемчилиги добушун өчүрө турган кнопканын жоктугу.
Абайлануу чаралары:
Жыйынтык:
Бул көрсөтмө аялды колдонуу учурунда келип чыгуучу бардык маселелерди камтыбайт. Ошондуктан, азыркыга чейин аягына чейин изилденип бүтө элек “аял” деген затты сатып алуудан мурда аны менен сөзсүз таанышып, жакындан изилдеп көрүүңүз зарыл деп эскертебиз!