31-август күнү Казакстандын Алматы шаарындагы «Прайм-Плаза» соода борборунда «Караокенин мыкты аткаруучусу» аттуу сынактын финалчыларынын концерти болмок. 5000ге жакын эл чогулган концерт токтотулуп, массалык баш аламандык чыкты. Буга Кайрат Нуртасты күнөөлөшүүдө. Кайрат менен байланышканга аракет кылып, натыйжа чыгара албадык. Андыктан интернет баракчаларындагы ойлорго назар салдык.
14 УНАА ӨРТТӨЛДҮ
Кайрат Нуртас сахнага чыкканда эле көрүүчүлөр аскер кордонун (тосмосун) бузуп, сахна тарапка жулуна башташыптыр. Коопсуздугунан чочулаган ырчы ырын ырдап бүтөрү менен коопсуздук көзөмөлчүлөрүнүн коштоосунда ал жерден кетип калыптыр. Элге бул көрүнүш жакпай, алгач сахнаны көздөй таш, желим жана айнек бөтөлкөлөрдү жаадырып, аппаратуранын баарын талкалашкан. Андан кийин бири-бири менен мушташууга өтүп, массалык жаңжал чыгып, 14 автоунаа жана жайкы кафелердин бири өрттөлгөн.
ЖАЛПЫСЫНАН 90 АДАМ ЖАБЫРКАГАН
Маалыматтарга таянсак, соода борборунун аймагында концерт өткөрүүгө шаар жетекчилиги тарабынан уруксат берилген эмес. 29-августта уюштуруучуларга концертти көп адамга ылайыкталбаган жерде өткөрүүгө болбой тургандыгы тууралуу эскертүү берилип, токтотуу сунушу айтылган. Бирок аталган соода борборунун жетекчилиги коомдук тартипти өздөрү көзөмөлгө ала тургандыктарын айтышкан. Жыйынтыгында жабыркап ооруканага кайрылгандардын саны 90го жеткен.
«Баш аламандыкка катышты» делинип соода борбордун аймагынан 165 адам кармалып, учурда аларга «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле иш-чараны уюштургандарга да кылмыш иши козголуп, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы, ээлеген кызматтарынан биротоло же белгилүү бир убакытка чейин бошотулушу мүмкүн экени айтылды.
Кайрат Нуртас:«МАГА МЫНДАЙ ПИАРДЫН КЕРЕГИ ЖОК»
Соода түйүндүн жетекчилиги «Кайраттын бир эле ыр ырдап кетип калышы баш аламандыктын чыгышына себеп болду» деп ырчыны күнөөлөшүүдө. Кайрат Нуртас менен продюсери маалымат жыйын өткөрүп, төмөнкүлөрдү билдиришти:
– Концертке уюштуруучулар айткан убакытта, 20:15те бардым. Бул менин жеке концертим эмес болчу, конок катары гана чакырылгам. Бирок концерттин афишалары менин концертим болчудай чоң сүрөттөрүм менен чыгыптыр. Баш аламандыктын чыгышына уюштуруучуларды күнөөлүү деп эсептейм. Алар коопсуздукту, тартипти тийиштүү деңгээлде карашкан эмес. Сахнада ырдоо таптакыр мүмкүн эмес эле. Ар ким ар кайсы жерден колун созуп, кээ бирөөлөр өбүүгө аракет кылышты. Ал жерден 5 жан сакчынын коштоосунда араң кеттим. Мага мындай пиардын кереги жок.
Кайрат Нуртастын апасы жана продюсери Гүлзира Айдарбекова:«БАШ АЛАМАНДЫКТЫ БАЛАМДЫ КӨРӨ АЛБАГАНДАР УЮШТУРУШТУ»
– «Прайм-Плазада» болгон окуя кимдир бирөөлөр тарабынан уюштурулган чагымчылдык болушу мүмкүн. Анткени көрүүчүлөрдүн арасынан элди кадимкидей сахнага түртүп жаткандарды көрдүм. Ал күнү уулум түнү менен «Апа, эмне кылышым керек? Кабатыр болуп жатам» деп чыкты.
Кайрат сахнага чыгып, «Ауырмайды журек» аттуу хит ырын ырдай баштаганда эле көпчүлүк ага умтулуп, айрымдары сахнага жулунуп чыга башташты. Ырдап бүтөрү менен ал сахна артына өтүп, «Эл тынчыса кайра чыгам» деп бир аз күттү. Бирок бул учурда эл толкуп, ырдоого мүмкүн болбой калган эле. Анан кетүүгө туура келди. Уюштуруучулар мындай чоң иш-чараны өткөрүүгө даяр эмес экендиктерин көрсөтүштү.
Негизи, Кайрат аталган концертке 7-8 ырын даярдап барган. Анысы үчүн 5000 доллар алган. Чынында, уулум мындай гонорарга эч качан ырдабайт. Анын ставкасы 7000 доллардан 30 000 долларга чейин. Мен аны 5000 долларга ынандырган элем.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg