АСМА ШАМ БӨЛМӨНҮН КӨРКҮН АЧАТ

Асма шам бөлмөнүн ичин жарык кылуу менен гана чектелбей, өзгөчө кооздук тартуулап, көркүн ачат. Бирок асма шам деп эле шыпка колго тийгенин иле берген болбойт. Бөлмөнүн ичине ылайыктап жана жарыктын таралышын айкалыштыруу үчүн көңүл буруучу жагдайлар бар. Бүгүнкү макалабызда мына ушуларга токтолобуз.

БӨЛМӨНҮН ЖАСАЛГАСЫ БҮТКӨН СОҢ ГАНА АСМА ШАМ ТАНДАҢЫЗ
Үйдү жаңы салып же оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатсаңыз, анда толугу менен үйдүн ички жасалгасы бүткөн соң гана асма шам тандаганыңыз туура. Ага чейин акча жок болуп кетпесин деп сатып алсаңыз, кийин бөлмөңүзгө ал ылайык келбей маанайыңызды бузушу мүмкүн. Себеби асма шамды бөлмөнүн узун, туурасы жана бийиктигине чактап алуу керек. Ошондой эле дубалдын жана бөлмөдөгү буюм-тайымдардын өң-түсүнө да шайкеш келгидей болуусу шарт.

АСМА ШАМДЫН ТҮРЛӨРҮ
Асма шам түзүлүшү боюнча чоң жана чакан болуп бөлүнөт.
Чоң асма шамдар (классикалык) шыптан ылдый көздөй салаңдап турат жана көлөмү чоң. Булар негизинен дубалынын бийиктиги 2,5 метрден жогору болгон жана кең бөлмөгө орнотулат. Шыбы жапыз бөлмөгө орнотсо, мейкиндикти кысып, тар көрсөтөт.
Чакан асма шам шыпка жакын орнотулат жана көлөмү кичине болот. Ошондуктан аталган түр шыбы 2,5 метрден төмөн болгон бөлмөгө ылайыктуу.

АСМА ШАМДЫ КӨЛӨМҮНӨ ЖАРАША ТАНДОО
Бөлмөнүн ичине канчалык көлөмдөгү асма шам туура келерин аныкташ үчүн төмөнкү эрежени колдонуңуз.
(Бөлмөнүн туурасы, метр+бөлмөнүн узундугу, метр) х10=асма шамдын диаметри, сантиметр.
Мисалы, туурасы 4 метр, узуну 6 метр болгон бөлмөнү алалы.
(4 +6) х10=100 сантиметр
Ошондо жогорудагы бөлмөгө диаметри 100 сантиметрди түзгөн асма шам туура келет.
Ал эми узундугу боюнча алсак, бийиктиги 2,5 метрге чейинки бөлмөлөргө асма шамдын узуну 30 сантиметрге чейин гана болуусу шарт. Бийиктиги 2,5 метрден жогору бөлмөлөргө 60 сантиметрге чейинки асма шамдар сунушталат.

КАЛПАГЫ...
Асма шамдагы калпак айнектен, желимден, кездемеден, кагаздан жана металлдан жасалат. Булардын ичинен жарыкты айланага жакшы таратуучу болуп айнек эсептелет. Андан кийинки орунда кагаз менен желим турат. Ал эми кездеме менен металл жарыкты такыр эле таратпайт. Алар жарыкты лампанын калпагынын ачык бөлүгүнөн гана берет.

ЛАМПАЛАРГА ДА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
Айрым бөлмөлөрдү абдан жарык кылууга туура келсе, айрым бөлмөлөрдүн жарыгы азыраак болушу шарт. Бөлмөнүн ичи абдан жарык болсо, ал көздү чарчатып жиберсе, ал эми күңүрт бөлмө адамды чарчатып, уйкуга тартат. Андыктан лампаны тандоого да көңүл буруу зарыл. Үйдү жарык кылууда колдонулган лампанын кеңири тараган эки түрү бар:

1) Люминесценттик лампанын (энергияны үнөмдөөчү лампа) кадимки лампага салыштырмалуу жарык берүүсү жогору жана энергияны 5 эсе аз чыгымдайт (1-сүрөттө).
2) Кадимки зым менен иштөөчү лампанын жарыгы көздү оорутпайт, бирок жарык берүүсү аз (2-сүрөттө).
Ошондой эле асма шам бөлмө ичин толук жарык кылуу үчүн анда жайгашкан лампалар жетиштүү санда болушу зарыл. Бул үчүн төмөнкү таблицада бөлмөнүн 1 чарчы метрин жарык кылуу үчүн канча ваттык лампа керек экени көрсөтүлгөн:

Мисалы, узундугу 6 метр, туурасы 4 метр келген конок бөлмөгө жалпы кубаттуулугу 480 Ватт болгон асма шам жарайт.

КАЙСЫ БӨЛМӨГӨ КАНДАЙ АСМА ШАМ ОРНОТУУ КЕРЕК?

  • Көлөмү чоң, айнек калпактуу асма шамдар конок бөлмөсүнө орнотулат.
  • Балдардын бөлмөсүнө калпагы желим, чакан асма шамдар туура тандоо болот. Формасы жагынан мөмө-жемиш сыяктуу формадагы жана ачык түрдүү түстөр жакшы жарашат. Ал эми калпагы айнек асма шамды балдар сындырып денесине зыян келтирип алышы мүмкүн.
  • Жуунуучу бөлмөгө суу кирбеген чакан асма шамдар орнотулушу шарт.
  • Уктоочу бөлмөгө чакан асма шам ылайыктуу.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
sher89
2013-09-10 09:41:44
Супер инфо кенешинерге чоон рахмат
0
AFRODITA-89
2013-09-10 21:57:06
Сонун экен рахмат...
0
MEDER_KULETOV
2013-09-10 21:59:49
Оо айабай кызыктуу маалымат экен мен мурда тандоо жагына коп конул бурчу эмесмин жон гана кооздугуна карачым эми баарын билип алдым рахмат супер инфо
0
abaychik
2013-09-11 14:20:50
чоон рахмат кенеш учун!
0
Aizat_1991
2013-09-15 08:33:58
Супер силер суперсинер! Кенешинерге чоон рахмат!
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан