«МЕНИ БИР ЭМЕС, ЭКИ ЖОЛУ ӨМҮРҮҢ БҮТҮПТҮР ДЕШКЕН»

«Өмүрү бүтүп калыптыр, айтканын берип үйдө карай бергиле». Албетте, бул сөздү айтуу дарыгерге оңой эмес болсо керек. Бирок аны угуу оорулууга дүйнө аңтарылганга барабар. Кимдин гана жашагысы келбесин?! Каарманыбыз Икбал айым дал ушинтип жашоодон үмүт издеп, ажал менен кармашып, жыйынтыгында өмүрү жеңип чыккан. Биз ооруканага барып, аны менен маектештик.

«ТАК ДИАГНОЗ КОЁ АЛБАЙ, АР КАЙСЫ ООРУ МЕНЕН ООРУТУШТУ»
– 2012-жылы ашказаным катуу ооруп калды. Ош облустук ооруканага барып текшерилсем, дарыгерлер «Ашказаның таза, сен раксың, онкологияга бар» дешти. Ал жерге барып УЗИге тартылып, анализ тапшырсам, «Таптаза экенсиң, эч кандай рак жок. Бөйрөгүң шамалдап калыптыр, дарылан» дешти. Алар айткан боюнча дарылана баштадым. Дарылануу курсу башталганда бир аз жакшы болуп баштагам, кийинчерээк оорум күчөп кетти. Ош шаарындагы №1-поликлиникада баштан-аяк тартчу компьютердик диагностика бар экен, ошого текшерилсем, «Өтүң иштебей, шишип кеткен» дешти. Анан өтүмдү дарылатып баштадым.
Анык оорумду аныктай алышпай, мени ар кайсы оору менен оорутушту. Жакшы болуп калганымдан 2012-жылдын май айында иштеп келейин деп Орусиянын Санкт-Петербург шаарына кеттим. Бир айдан кийин денем саргарып, оорум күчөп, аз убакыттын ичинде 12 килограммга арыктадым. Сарык болуп калдым го деп көрүнсөм, дарыгерлер «Сарык эмессиң, боордо бир нерсе бар, шашылыш операция жасаш керек» дешти. Мен кантсе да өзүмдүн жериме барайын деп келе бердим.

«ИЧЕР СУУМ ТҮГӨНӨ ЭЛЕК ЭКЕН»
– 2012-жылдын август айында бир туугандарым мени Ош облустук ооруканасына алып барышты. «Боордо альвеококк бар» деп анализ чыгарып, дарыгерлер бир туугандарыма «Муну дарылоого болбойт, өмүрү бүтүп калыптыр» дешиптир. Туугандарым мени үйдө карашып, белгилүү бир фирманын дарыларын ичире башташты. Аны ичип жүрүп, денемдеги сарылар кетип калды.
Өмүрү бүтүп калыптыр деген жаным дагы бир жыл жашадым. Жумушка да орноштум, ошентип жүрүп быйыл августтун башында ичим жарылайын деп шишип, дене табым көтөрүлүп кетти. Күн сайын «Тез жардам» чакырам, алар эс алдыруучу укол сайып кетишет. Акыры чыдабай калганымда бир туугандарым онкологияга алып барышты. Ал жерден УЗИнин кагаздарын көрүп эле, «Аз эле өмүрү калыптыр. Айыктырууга мүмкүнчүлүк жок, карай бериңиздер же Бишкекке алып барып көрсөткүлө» деп коюшту. Ушуну менен мени эки жолу «өлөт» деп чыгарышты. Кудайга шүгүр, ичер суум түгөнө элек экен, тоолуу аймактын дарыгерлери өмүрүмө өмүр кошушту.

«КӨЗ АЛДЫБЫЗДА 3 КЫЗЫНЫН ТАГДЫРЫ...»
Икбал Асанованын эжеси МАХБУРАТ АСАНОВА:
– Үй-бүлөдө 10 бир тууганбыз, Икбал жетинчибиз. «Аз эле өмүрү калыптыр» дегенди угуп, дендароо болуп отуруп калдык. 3 кызы бар, эң кичүүсү 3-класста окуйт. Ошолордун кийинки тагдыры көз алдыбызда туруп алды.
Үмүтүбүздү үзгүбүз келбей, айыктырууга башка жол бардыр деп ар тараптан сураштыра баштадык. Кичүү сиңдимдин бир таанышы «Алай райондук ооруканасында ушул ооруга операция жасашат» деп айтып калды. Сиңдим экөөбүз ошол эле замат эч ким менен кеңешпей туруп Икбалды алып Алайды көздөй жөнөдүк. Барсак жумуш бүтүп, врачтар үйлөрүнө кетишкен экен. Бизди көрүп мээрман айым врачына байланышты. Жумушунун бүткөнүнө карабай Алай райондук ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев келип, бизди аябай жакшы кабыл алды. УЗИге өзү баш-көз болуп текшерип чыкты да, сиңдим экөөбүздү чакырып алып боордун сүрөтүн көрсөтүп, кайсы жеринде эмне бар экенин, анын кайсы жерин кесип алып салыш керек экендигин айтып берди. Анан «Аракет жасап көрөйүн, бирок айыгып кетет деп толук кепилдик бере албайм» деди. «Операция 4 саатка созулушу мүмкүн» деген эле, бирок 6 жарым саат дегенде аяктады. 4 сааттан өткөндө биз катуу сарсанаа болуп, өлөт деген ушул экен да деп калдык. Бирок дарыгерлер операцияны ийгиликтүү жасап, «10-15 күндүк өмүрү калды» деген сиңдибиздин өмүрүнө өмүр улашты. Дарыгерлерге көз тийбесин, ыраазычылыгыбызды айтып бүтө албай жатабыз.

«БУЮРСА, ДАГЫ КӨП ЖАШАЙТ»
Алай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери ТАЛАНТБЕК БЕЛЕКБАЕВ:
– Альвеококк бул – ракка жакын оору. Оорулуу аябай оор абалда келди, боордогу альвеококк куртунун пайда болгонуна он-он беш жылдай болуптур. Боорду жеп, тегереги ириңге толуп кетиптир. УЗИден жакшылап карасак, уч тарабында таза жери көрүндү, ошондон улам дарыласа болот деген үмүт пайда болду. Ал таза жери УЗИге көрүнбөгөн жакта болгондуктан, башка врачтар боор 100 пайыз жараксыз болуп калган деген жыйынтыкка келип жүрүшкөн. УЗИге тарткан адис канчалык күчтүү болбосун, УЗИнин жыйынтыгын врач өзү караш керек. Аппараттын туура эмес жыйынтыгынан да адамдын тагдыры чечилип калышы мүмкүн. Операция жеңил илдетке жасалабы, оор илдетке жасалабы, баары бир түйшүктүү. Билгизбегенибиз менен оорулуу үчүн жакындарынан өтүп биз сарсанаа болобуз. Азыр Икбал эженин өзүнүн 30 пайыз боору калды. Боор өсөт, 100 пайыз болбосо да 80 пайызы калыбына келет да, кадимки эле функциясын аткара берет. Кудай буюрса, эже дагы көп жашайт, себеби анын башка органдары таза экен.
Менин принцибим – республикалык ооруканада жасалган операциялар биздин ооруканада да жасалышы керек. Тоодон араң келген оорулууну ого бетер кыйнап «Биздин колдон келбейт, борборго бар» деп айтуу мен үчүн оор. Жогорудагы ишибиз болгону милдетибизди аткарганыбыз, өзүбүздү андан да оор операцияларды жасоого даярдап келебиз. Кээ бир учурда тийиштүү жабдыктардын жоктугунан оорулууга жардам бере албай, борборго жиберүүгө туура келет. Керектүү жабдыктарды алсак, республикалык деңгээлдеги операциялар жасала баштайт.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
abaychik
2013-09-11 15:24:32
Омурунуз узуун болсун, 2 дуйно бактылуу болун!
0
pearl89
2013-09-11 16:02:49
Borbordogu darygerlerden e4 resul'tat bolgon jok.Men da apamdy uwul darygerge korsotot okshoim.
+1
Lana_g
2013-09-11 16:53:58
Ушундай оз ишин мыкты билип, аны эл учун жумшаган Талантбек байке сыяктуу жонокой адамдар ото аз, анан эмнеге булардын эмгеги дайыма комускодо калат, эмнеге ушундай кишилерди эч ким тааныбайт?
+1
jibek_1984
2013-09-11 18:51:41
Ишинизге ийгилик Талант ака. Уй булонуз мн бактылуу болун. Эже мындан кийин оорубай кыздарыныздын пешенесине бар болун.
0
rozka
2013-09-11 21:57:00
Талант байке ишининизге ийгилик сиздейлер кыргызстанда кобойо берсин дагы коп адамдарды даарылап журо бериниз
0
kolya121212
2013-09-12 13:01:02
дайым текшеилип турса ушул ооруу пайда болбос эле. биз кыргыздар олоор алдында гана козувуз ачылат.ал эми врачтарга келсек врач-бул призвание. адам нарагынан таланты кызыгуусу болбосо бироонун омурун сактап калуу оной ишпи. кобунчо эле райондордо чыныгы врачтар иштешет. ал эми борбордо же облус центрлерде эптеп акча менен бутуп агасы губернатор же атасы депутат болуп тааныш билиш болуп ишке киргендер. курска барып жургондо коптогон Медфактын студенттерин коргом. эки ооз соз орусча билбегендер.
0
erali
2013-09-12 22:41:08
Талантбек Белекбаевдей оз ишин мыкты билген ак халатчандар кобойо берсин,азаматсыз Талатбек ага.
0
Bahar
2013-09-13 01:22:36
Demek murun kaysi vrachka gorunso alar oz ishin bilbegen dokturlar go anda,mina ushunday azamattar goboyo bersin demekchimin.
0
shuma94
2013-09-13 02:54:43
окуп алып ушундай суйундум кыргызымда ушундай ПАТРИОТ адамдар коооп эле болсунчу. Аллахым ыраазы болсун
0
Eliza83
2013-09-13 09:43:35
shuma94,
эн туура айтасыз!Чыныгы ПАТРИОТ экен!"мен кучтуу врачмын,борбордо иштешим керек"дебей же чет олкого кетип калбай эл учун куйгон,кесибин суйгон чыныгы ПРОФЕССИОНАЛ экен!Дайым бар болунуз,жаштарга улгу болунуз!
0
merikgz
2013-09-13 11:42:50
жараткан ыраазы болсун
0
ASS2013
2013-09-13 16:43:59
Азаматсыз Талантбек Белекбаев!!! Сиздер элим деп журогу соккон патриот адамдарыбыз коп болсун! Кудайым сизге омур, ден соолуук берсин!
0
akkuu2013
2013-09-14 10:33:50
урмату редакция менин апамдын да боору гепатит болуп калган врачтын номерин алып бере аласыздарбы мен да апамы алып барайын сураныч...
0
alinevajnokg
2013-09-15 18:29:42
алла раазы болсун....
0
patriot_kyrgyzstan
2013-09-15 19:47:21
макбурат асанова менин классташым болот
0
patriot_kyrgyzstan
2013-09-15 19:48:59
деди апам
0
patriot_kyrgyzstan
2013-09-15 19:50:44
синдиси жакшы болуп сакайып чыгып кыздарынын бактысына аман болсун
0
altysha.kg
2013-09-20 15:32:58
ИншАллах Талант байке сизге Аллахымдын эки дуйно раазычылыгын тилейбиз!Икбал эже сизге Аллахымдын шыпаасын жана раазылыгын тилейбиз кыздарыныздын насип кылса болочок куйо балдарыныздын сый урматын корунуз!
+1
munarxan
2013-09-22 06:58:04
Урматтуу редакция ушул врачтын жардамы керек номерин алып бериниздер сураныч менда ежедей айыгып кет ишти каалайм !!!
+1
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан