Гезитибиздин №564-санында Таластагы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну Гүлсада Такенова апанын тагдыры тууралуу жазган элек. Анда 84 жашка таяп калган карыянын мурдунан сексенден ашуун курт алынганы баяндалган. Окуяны кыскача эске сала кетсек. Ак кан менен ооруганын ооруканадагы дарыгерден уккан апа инсультка кабылып, бети менен кулагандан улам мурду жабыр тарткан. Жакындарынын баамында, ошол учурда чымын «булгап» кетип, мурду курттап кеткен. Мурду, башы ооруп, дене табы көтөрүлгөндө райондук ооруканага балдары алып барат. Аны эки жума көзөмөлдөгөн райондук лор-врач Эркин Абдылдаева Левомеколь деген мазь жазып берип «Мурунга ушуну коё бергиле» дейт. Бул дарыдан улам мурундагы курттар ого бетер көбөйүп, бет сөөктөрүнүн ферменттерин эритип, этин жеп салган.
Жакшы боло албаган Гүлсада апа Талас шаардык ооруканасына көрүнсө, дарыгер «Мурду курттап кетиптир, бул рак окшойт» деп Бишкектеги Республикалык онкология борборуна жолдомо берет. Республикалык оорукананын эң тажрыйбалуу деген лор-врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Г.Флейгин «Өмүрүмдө биринчи жолу мындай нерсеге туш болуп жатам» деп кемпирдин ден соолугуна жооп бере албай тургандыгын айтып жолго салган. Андан кийин да бир катар дарыгерлерге барышканы менен, баары «тобокел кыла албайбыз» деп кабыл алышпайт. Аягында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы салттуу жана эксперименталдык академиянын академиги, элдик дарыгер О.Нарбековдун дарылоосунда апанын мурдунан 60тан ашуун курт түшкөн.
Андан бери эки жума өттү, апанын ден соолугу кантти экен деп небереси Гүлзат Дооронбековага байланыштык. Тилекке каршы, апанын ден соолугу дале начар экен. «Таласка таенемди көргөнү барып келдим. Учурда сол көзүнүн көрүүсү начарлап, сол кулагы жакшы укпай жатыптыр. Курттардын саркындылары сөөктү эритип салганда таңдайы тешилип калган экен. Азыр мурдуна дары куйса, экинчи таноосунан куюлуп, суюктук ичсе мурдунан чыгып жатыптыр»,- деп билдирди Гүлзат айым.
Бул окуяны жазып баштаганда эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып, «Ушундай абалга туш болгон жарандар кайсы бөлүмгө, кимге кайрылышы керек? Ким көзөмөлгө алуусу шарт эле?» деген суроо менен кайрылганбыз. Министрликтин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Гүлмира Ибраевадан медициналык жардамдын ыраатын укканбыз. Гүлмира айымдын окуя боюнча «Кызматтык иликтөөдөн кийин жооп бере алам» деген кошумчасын да гезит бетине жарыялаганбыз. «Кызматтык иликтөө жүрүп жатабы?» деген суроолорубуз менен кайрадан министрликке кайрылдык. Тилекке каршы, биз Гүлмира Ибраевадан «Азырынча эч нерсе айта албайм» деген жооп алдык. «Таластагы бул окуя боюнча эч ким арызданган жок. Билишимче, алардын арызданар ою жок. Бир нерсе деп айта албайм. Кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн сиздерден болсо да кайрылуу түшүшү керек. Биз жөн эле иликтей бербейбиз да»,- дейт Ибраева.
Министрликтин мындай кайдигер мамилесине таң калдык. Сөзсүз түрдө киши кайтыш болуп, бирөөлөр сыздап, «соттотуп, абакта чиритем» деп чатак салып барганда анан кызматтык иликтөө жүргүзүлүшү керекпи? Кызматтык иликтөө жүргүзүүгө бул фактынын өзү жетишсизби? Дүйнөлүк практикада чанда кезикчү окуя орун алып жатса, «Эч ким арызданбаса, биз кантип иликтөө жүргүзмөкпүз?» дегендери кызык болду. Эл арасындагы «Дарыгерге күнүң түшпөсүн» деген сөз өмүр сакчыларынын дал ушундай кайдигер мамилесинен улам айтылат да. Гүлсада апа айыгып кетсин, анын кейиштүү тагдыры баарыбызга сабак болсун, анын ичинде медицина кызматкерлерине дагы.
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg