АККАН АРЫКТАН СУУ АГАТ

“Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген кеп бекер эместир. Адатта уул-кыздардын ата-энесинин чыйырына түшкөнү кубандырат эмеспи. Ал эми залкар инсандардын артында көз кубанта турган таланттуу балдары калганы эки эсе сүйүнүч. Эмесе, таланттуу ата-эненин чыгаан улан-кыздары алдыңызда.

Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат

Бир кезде бүтүндөй кыргыздын башын кошкон, өмүрүнүн акыркы күн­дөрүнө чейин мамлекеттик саясый иш­мердүүлүгүн токтотпой жашап келген агабыз Апсамат Масалиевдин чынчылдыгы, принципиалдуулугу тууралуу кептер эл арасында айтылып жүрөт. Бир жолу жакын таанышы ыраазычылык билдирүү үчүн козу алып келип таштаса, ошол күнү кеч кирип кеткенине карабай, козуну кайра үйүнө жеткирип берген экен. Ушундай чынчыл аганын уулу Исхак Масалиев учурда саясый чөйрөдө төбө­сү көрүнгөн адамдардын бири. Эл алдын­да өзүн өтө сыпаа кармаган, ашыкча бир да кыймыл кылбаган Исхак Масалиевдин токтоолугуна эл да таң калып келет. Бул мүнөзүн Исхак Масалиев атасынын катуу тарбиясы менен байланыштырат. “Атам бизди катуу кармачу. Апам үйдө отургандын ордуна кийим тигүүчү болуп, ти­ричилик комбинатында иштеген. Мен биринчи жолу 1983-жылы гана жолдомо менен Ысык-Көлдө эс алгам”,- дейт.

«Айдын» кызы Асел

«Махабат дастаны» аттуу фильмди көрдүңүз беле? Андагы көзүнөн нуру, уур­тунан күлкүсү төгүлгөн Бегимай атактуу Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы – Асел Эшимбекова. Апасынын талантын гана эмес, сулуулугун да мураска алган Асел 9-класста жүргөнүндө аталган фильмге тартылып, элдин көзүнө түшкөн. Кызыгы, Таттыбүбү Турсунбаева да Асел да он алты жашында киного тартылышкан. Андан кийин “Махабат закымдары” фильминде башкы ролду ойногон. «Бийчи Алтынбүбүнүн ролун аткардым. Көркөм дүйнөнүн күчүн ушундан билдим. Өткөн кылымдардын мезгилинде кадимкидей жашадым окшойт. А бийдин түр­күн сырларын мага тажик элинин таланттуу өнөрпозу Малика Календерова үйрөттү. Негизи эле бул өнөр көп эмгекти талап кылат экен”,- деген экен Асел бир кезде. Ал эми таякеси Нуркан Аселдин чыгармачылыгы тууралуу мындай дейт: “Карындашымдын кызынын искусствого аралашканы мени өзгөчө кубанткан.
“Махабат дастаны” фильмине тартылганда премьерасына барып, жүрөгүм жарылып кете жаздады. Мага Таттыбүбүм жылмайып, алдымда тургандай сезилди. Ыйлап чыгып кеткем.Үмүтүм чоң болчу.”
Өкүнүчтүүсү, көптү үмүттөндүргөн таланттуу актриса кийин кино өнө­рүн таптакыр таштап койгон. Өнөрүнө кызыккан агаларынын бири: “Апаңдай атактуу актриса болгуң келеби?”- десе: “Жок, апамдай жакшы адам болгум келет”,- деп жооп берген экен. Эмнеси болсо да, Асел жүрөккө жакын Таттыбүбүнүн кызы...

Эки доордогу Бейшеналиевдер

Кыргыз киносунда аттын кашкасындай таанымал Болот Бейшеналиевди кимдер гана билбейт. Чыгаан агабыздын өнөр жолун улаган уулу Азиз Бейшеналиев да актёрлук кесипти аркалап, бир катар мыкты ролдорду жаратып келет. Атасы менен апасы ажырашып кеткенде Азиз 2 гана жашта эле. 17 жылдан соң атасына жолуккандан кийин көкүрөгүндө сактап келе жаткан максаты ачыкка чыгат. Ошондон кийин “актёр болом” деген ою бекемделет. Азиз алгач 1997-жылы «Темирлан» фильминде атасы менен бирге тартылган. Болот Бейшеналиев Темирландын ролун, ал эми уулу Азиз баласынын ролун аткарышкан эле. Андан соң «Мосфильмде» «Трио» аттуу фильмге, 2006-жылы казактардын «Көчмөн» фильминде роль жараткан. Ошондо режиссёрдун көзүнө илинген Азиз аз өтпөй эле казактардын «Мустафа Чокай» фильмине тартылууга чакырылат. Башкы каарман Мустафа Чокайдын ролун Азиз мыкты аткарган. Учурунда Болот Бейшеналиев уулуна «сен Бейшеналиев боло албайсың. Болот Бейшеналиев болуш үчүн Бейшеналиевдин доору керек. Башка кесипти танда» деген экен. Чыныгы талант үчүн доордун деле мааниси болбосо керек. Азиз өз доорунун чыгаан актёру экени талашсыз.

Манастын уулу Семетей эмес... Санжар

Күлкү дүйнөсүндө өзүнүн өлбөс-өчпөс изин калтырып кеткен инсандардын бири – Манас Бердибеков. Анын канчалаган сатиралары, курч юмору эл ичинде жашап келет. Ал эми Манас Бердибековдун уулу Санжар дагы өз ордун шоу-бизнестен тапканы баарыбызга бел­гилүү эмеспи. Баарынан кызыгы, өмүрүндө кезикпеген ата-баланы сахна кезиктирген экен. Атасынын колунда тарбияланбаса да, өнөр сересине кол сермеген Санжар өз алдынча эл алдына чыгууга аракет кылып жүрөт. Бир концертте экөө сахнанын артынан жолугуп калышат. Санжар Бердибеков алгач атасын туурап куудул болуп чыгып, кийинки кездери ырлары менен эл оозуна алынып келет.

Шумкардан шумкар, комузчудан ырчы...

Комуз үнүн шаң­шыт­кан айтылуу Самара Токтакунова жана “Камбаркан” фольклордук ансамблинин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаевдерди ким билбейт. Бул таланттуу үйбүлөнүн уулдары да өнөрлүү чыкты. Искусствонун улуу деми менен жашаган ата-энесинин таасири кичинекейинен эле сезилип, өнөр менен таланттын кудурети аларды наристе чагынан эле туткундаса керек. Үч кыл комузда ой­ногон Самара Токтакунованын улуу баласы Аслан Исабаев скрипканы сыздатса, кичүүсү Актан Исабаев эстрада жылдызы болуп таанылды. Аслан «Эсимдеси» менен көптөгөн хитпараддардын алдында жүр­гөнү көпчүлүктүн эсинде. “Биз балдарыбызды музыкалык духта тарбияладык. Экөө тең биз ойлогондой адам болуп чыгышты. Мен уулдарым менен сыймыктанам”,- дейт Самара эже.
Ата-энесинин өнөрүн жерге таштабаган уулдар азыр эл оозунда.

Скрипканын “атасын” тааныткан Курмангазы, а балдары...

Кыргыздын атын туу кылып, кыргыз аспаптарында кол ойноткон Курмангазы Азыкбаевдин таланты Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да таанымал. Комуз, сыбызгы, чоор, флейта, саксофондон баштап 62 музыкалык аспапта ойной алат. Ал эми анын кызы Нурайым – 12, уулу 7-8 аспапта ойнойт. 62 аспапта ойногон музыкант Курмангазы Азыкбаевдин да үйбүлөсүндө чыгармачыл адамдар көп. Улуу кызы Нурайым скрипканын “атасын” таанытса, уулдары Нурсултан менен Нургазы аспаптарда да ойноп, ырдап да жүрүшөт. Эл арасында Курмангазы аганын балдары жарык дүйнөгө келгенде эле колдоруна бирден музыкалык аспап кармап төрөлгөн деген азил кеп жүргөнү да бекер эместей.
Ал эми кичүү уулу Нурсултан Астанада өткөн Казак Респуб­ликасынын Президентинин инаугурациясында «Кыргыз Робертиносу» атка конгон. “Балам үнүн созгондо Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин ордунан тура калды. Ал эми «Мекеним» деп казакча ырдаганда, Нурсултан Назарбаевдин көзүнөн жаш да чыгып кетти”деп сыймыктанат Курмангазы ага. Ал эми кызы Нурайым кече жакында эле АКШнын Калифорния штатында өткөн “Дүйнө чемпиону-2009” Эл аралык конкурсуна катышып, алтын медалга ээ болуп келди.

Аккордеонду атасындай сыздаткан Кубаныч

80-жылдары кичинесинен чоңуна чейин Чубак Сатаевдин “Арман” аттуу ырын ырдап калышканы эси­ңиздеби? Кыска жашаган өмүрүндө популярдуулуктун туу чокусуна жеткен бул таланттуу инсанга эрксизден суктанасың. Чубактын замандаштары анын тамашакөйлүгүн, ачык кабагын, кайталангыс талантын көп эскеришет. Ушул даңктуу агабыздын уулу Кубаныч да учурда төбөсү көрүнүп, атасынын чыйырын улап келет. Атасынын достору баарынан да Кубанычтын аккордеонду Чубактын дал өзүндөй кылып тартканына баа беришет. Атасынын атын унуттурбай, анын ырларын кайрадан жаздырып, жаңыча жашоо берип, клип тарттырып, эмгек кылып жатканы да жакшы жөрөлгө.

Ушундай, окурман, атанын чыйырын улап, өнөрүн аркалаган уул-кыздарга ийгилик каалап кетмекчибиз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 354, 14-20-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан