Калайыктын калың катмарына сиңип калган актёр-актрисаларды көздөгөн максатына жеткирген, көпчүлүккө көгүлтүр экрандан көрсөткөн режиссёрлор кимдер? Азыркы тасма жылдыздарынын багын ким ачканы тууралуу кеп салмакчыбыз.
Эрнест Абдыжапаров:«ЖИГИТТЕРИН ДА МЕНИН СЫНЫМДАН ӨТКӨРҮШКӨН»
Кыргыз эли сыймыктанчу режиссёрлорунун бири Эрнест Абдыжапаров «Боз салкын» тасмасын тартуу менен үч кыздын тасма талаасындагы тушоосун кескен. Алар – Асема Токтобекова, Элина Абай кызы, Зарема Асаналиева. Бул бийкечтер кантип режиссёрдун сынынан өтүшкөн, эмнеси менен режиссёрдун көзүнө илинишкен, сурап көрөлү.
– Азырынча актёр-актриса тандоодо жаңылыша элекмин деп ойлойм. Режиссёр сценарийди карап оюна бир образды тартып алат да, анан ошол сүрөттү издей берет.
«Боз салкын» тасмасын тартуу иштерин пландап, актёрлорду издештирип жатканыбызда борбордо концерт коюп калдык. Ошондо жаш кыздар үчүн эпизоддук ролго деп сынак жарыялаган элек. Жыйынтыгында Элина баарынан мыкты болуп, тандалып алынган. Ал эми Зареманы болсо спектаклден көрүп жактырып, өзүм тасмага тартылуу сунушун киргизгем. Башында «Боз салкында» бул эки кыздын ролу жок болчу. Кийин экөө үчүн атайын сценарий жазылган.
Асеманы болсо иним аркылуу тапкам. Инимдин кадыры менен ал фотосынакка катышпай, дароо видеотандоого келген. Анда көшөгөдөгү эпизодду аткарган. Асеманын аткарганы айрым продюсерлерге жакпай, талаш-тартыштан соң башкы ролго ээ болгон. Жыйынтыгы жаман болгон жок деп ойлойм. Кийин ырчылыкка кадам таштаганында да андан жардамымды аябадым.
Азыр да бул үч кызды менин тасмаларымдан көрүүгө болот. Мен аларды өз кызымдай, алар мени атасындай көрүшөт. Мени менен кеңешип, сырдашып турушат. Ал тургай жигиттерин да менин сынымдан өткөрүшкөн.
Нурбек Эген:«МАРАЛ КЫЯГЫН КӨТӨРҮП КИРИП КЕЛГЕН»
Турмуштун ачуу чындыгын «Ээнсиреген үй» тасмасында мыкты чагылдырып берген ажарлуу селки Марал Койчукараева, Атай Өмүрбековду кимдер гана тааныбайт. Башкалардан чечкиндүүлүгү менен айырмаланган бул эки жаш талантты тасма талаасында таанытууга жетишкен, албетте, режиссёр Нурбек Эген.
– Албетте, тасманын көркүн актёрлор ачышат. Кеп аларды туура тандоодо эмес. Эң негизгиси, режиссёр менен алардын дүйнө таануусунун дал келиши, тил табышуусу, көздөгөн максатынын бирдиктүүлүгү деп эсептейм. Каармандарды тандоодо тартуучу топтун да салымы чоң болот. Режиссёр өзү жалгыз тасманы кыйратып жибере албайт. Ошондуктан кастингге келген улан-кыздарды баарыбыз биргелешип тандайбыз. Кээ бир учурларда мага жаккан актёрлор башкаларга жакпайт дегендей. Кыскасы, актёр тандоо аябай оор жумуш.
«Ээнсиреген үй» тасмасына келсек, Атайды Нурлан Абдыкадыров деген агам аркылуу тапкам. Атай адистиги боюнча актёр. Аталган ролго аны менен катар 3 жигит даярданып жүргөн эле. Ошолордун ичинен фильмдеги каарманыбызга эң жакыны деп Атайды тандап алганбыз. Ал эми Марал 50дөй кыздын ичинен тандалган. Аны биринчи жолу кастингден көргөм, кыягын көтөрүп алып кирип келгени эсимде. Ачык-айрым, тайманбас, жылдыздуу кыз экен. Бир нече сынактан кийин дал ушул кыздын тасмадагы образды толук кандуу ачып берерине көзүбүз жетти. Биз жаңылышпадык деп ойлойм.
Руслан Акун:«МЫКТЫ РЕЖИССЁР ТАШТЫ ДА АЧЫП БЕРЕ АЛАТ»
Кезектеги кеп салчу актёр Бектемир Мамаюсуповдун багын режиссёр Руслан Акун ачты десек болот. Себеби Бектемир режиссёрдун «Бишкек, мен сени сүйөм!» тасмасында колунда жок, билимдүү жигиттин ролу менен жакшы деген баага татыса, экинчи «Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы ролу аркылуу атактуулукту багындырды.
– «Бишкек, мен сени сүйөм!» тасмасына актёрлорду тандоого мен катышкан эмесмин. Себеби актёрдук курамды бекитүүгө атайын топ дайындалган эле. Аталган тасманы тартып жүргөндө Бектемирдин аракетчилдигин аябай баалагам. Анын «Салам, Нью-Йорктун» кастингине жөнөткөн сүрөттөрүн көргөндө эле көңүлүм жылыды. Себеби мен Бектемирдин кандай иштээрин билем, аябай билимдүү, актёрлукка кызыгуусу күч жигит. Аны менен тил табышуу да оңой. Мына ошентип менин тандоомдон өтүп кеткен.
Алгачкы тасмага тартылып жатканда ал 25 жашта болчу. Мен аны жылдыз кылдым, кыйраттым деп айтпайм. Бирок кандайдыр бир салымым бар болсо керек. Негизи, кеп актёрдо эмес, тасманы тартып жаткан адамда. Режиссёр ишин мыкты билсе, жерде жаткан жөнөкөй ташты да ачып бере алат.
Рустам Аташов:«АКТЁРЛОРДУН АЙРЫМДАРЫ МАГА ЫРААЗЫ, АЙРЫМДАРЫ НААРАЗЫ ЭКЕН»
Убагында уу-дуу кептин очогуна түшкөн «Министрдин кызынын махабаты» тасмасын көрбөгөн жан жок чыгар. Андагы жаш таланттар Аскат Эрбаев, Асел
Чоткараева, Роза Азимбаеваны бул кесипке жетелеп келген Рустам Аташов болгон.
– Тасма «Министрдин кызынын махабаты» аттуу чыгарманын негизинде тартылган. Фильм тартылганга чейин эле бул чыгарманы баары окуп чыгышкан болчу. Кастингге келгендердин көпчүлүгү да аталган чыгарманын күйөрмандары экен. Сценарийди менден да жакшы билген таланттуу кыздардын арасынан Розаны Зинанын ролуна, Аселди Мадинанын ролуна тандап алгам. Ал эми Жоробектин образын ачып берген Аскатты эч кандай тандоосуз эле, машыгып жүргөн жеринен тапкам. Аскат өзү да айылдык, жөнөкөй бала болчу. Режиссёр катары көзүм каныгып калган да, ким образды ийинине жеткире ачып бере аларын дароо билем. Актёр тандоодо жаңылышкан жокмун деп ойлойм. Аны тасма элге аябай тездик менен тараганынан эле билсек болот.
Ачыгын айтыш керек, каражаттын тартыштыгынан аларга гонорар төлөп бере алган эмесмин. Ошондуктанбы, мен тууралуу элде түрдүү кептер айтылып жүрөт. Бирөөсү мага ыраазычылыгын айтса, бирөөсү нааразы экен. Эмнеси болсо да, жок жерден жогору кылып, актёрлук кесипти аркалаганга түрткү болгон биринчи адам мен экенимди унутушпаса.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg