МИЛЛИОН ҮЧҮН БОЛГОН БЕТТЕШ

31-август – Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгына карата «Аккула» ат майданында салтка айлангандай ат оюндары болуп өттү. Мелдештин эң кызыктуу бөлүгүн көк бөрү боюнча КРнын Президентинин Кубогу үчүн болгон финалдык оюндар түздү. Оюндун байгеси ири болгонгобу, айтор, атаандаштык өтө курч болду.

БЕТТЕШ КАЛЫСЫН САБАП...
Бул жолку көк бөрү боюнча КРнын Президентинин Кубогуна арналган мелдештин байге фонду 2 миллион 400 миң сомду түзгөн. Атаандаштык жогорку деңгээлде болуп, бир оюн чыр менен коштолду. Тактап айтсак, жарым финалда «Кожомкул» менен «Талас» командасынын оюнунда беттештин башкы калысы сабалды. Оюн учурунда калыстын чечимине нааразы болгон «Таластын» оюнчулары аны аттан оодарып салышты. Анан нааразы болгон күйөрмандар ат майданга чуркап чыгып, беттеш калысын ур-тепкиге алууга өткөндө коопсуздук кызматкерлери арачалап калышты. Тартип орногондон кийин Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү жана катышуучу командалардын капитандары атайын жыйынга чогулушуп, «Талас» командасынын эки оюнчусун талаадан чыгаруу чечими кабыл алынды. Ал эми беттеш 10:6 эсебинде «Кожомкулдун» пайдасына чечилип, «Талас» командасынын оюнчулары оюндан соң түшүнбөстүк болуп кеткенин айтып, башкы калыстан жана жалпы күйөрмандардан кечирим сурашты.
Экинчи жарым финалдык беттеште «Суусамыр-Тынай» менен былтыркы кубоктун ээси «Бөрүлү» командасы кез келип, 7:4 эсебинде «Суусамыр-Тынай» жеңишке жетти.

УЧУРДУН МЫКТЫ КОМАНДАСЫ – «СУУСАМЫР-ТЫНАЙ»
31-августта ат оюндары менен кошо көк бөрү боюнча финалдык беттештер орун алды. Алгач ат майданга «Талас» менен «Бөрүлү» командасы чыгып, 3-орун үчүн ат салышты. Беттеш соңунда эсеп тактасында 7:2 эсеби жазылып, «Бөрүлү» командасы коло менен 400 миң сомду куржунга салды. 4-орундун ээси «Талас» командасы 150 миң сом менен сыйланды. Эң кызыктуу делген баш байге үчүн болгон кармашта «Суусамыр-Тынай» менен «Кожомкул» командалары беттешти. Бүйүр кызыткан беттеште командалар чыныгы финалга татыктуу оюн көрсөтүштү. Оюн 6:2 эсебинде «Суусамыр-Тынайдын» пайдасына чечилип, учурдун мыкты командасы экенин далилдеди. Финалдын башкы каарманы «Суусамыр-Тынайдын» капитаны Нурмамбет Койчукеев болду. Ал атаандаштардын тай казанына 5 ирет улак ыргытканга үлгүрдү.
Ошентип, баш байгеге коюлган 1 миллион сомду «Суусамыр-Тынай» утса, «Кожомкул» 600 миң сом менен сыйланды.

«АТ МАЙДАНЫН МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРАБЫЗ»
«Аккула» ат майданы адаттагыдай оюнду көрүүгө миңдеген улактын ышкыбоздорун чогултту. Кыргыздын жантыгынан жата калып көрүүчү улак тартыш өнөрү орун алган аянт мамлекеттин колунан чыгып, жеке ишкерлердин колуна өтүп кеткени азыркы күнгө чейин чуу жаратып келет. Ушул күнкү мелдештен соң Көк бөрү федерациясынын президенти Канат Исаев: «Японияда сумого, Испанияда корридага мамлекет кандай көңүл бурса, Кыргызстанда көк бөрүгө ошондой деңгээлде караш керек. Менчиктештирилип кеткен «Аккула» ат майданын мамлекетке кайтаруу үчүн болгон аракеттерди жасайбыз. Айыл жергесиндеги жаш балдардан бери Месси ким экенин билишет. Бирок бири да көк бөрү боюнча бир оюнчунун ысымын атай алышпайт» деген пикирин айтты.

АТ ЧАБЫШ...
Көк бөрү менен кошо ат оюндарынын эки түрү: ат үстүндө жаа тартуу менен ат чабыштар орун алды. Жаа атмайга кызыккандар аз болгону менен, ат чабыштар мыкты деңгээлде өттү. Бул жолку оюндарда биздин аткаминерлердин күлүктөрү көрүнгөн жок. Маалыматтарга ылайык, кээ бир аткаминерлер күлүктөрүн башка кишилердин ысымдары менен чыгарышыптыр. Ат чабышта алдыңкы үчтүккө кирген күлүктөр:

Кунан чабыш (аралыгы – 11 чакырым, байге фонду – 262 миң сом)
1-орун: Караш (Аламүдүн району).
Байгеси – 130 миң сом. Ээси – Айдар Үтүров.
2-орун: Ибарат (Аламүдүн району).
Байгеси – 60 миң сом. Ээси – Айдар Үтүров.
3-орун: Салюкс (Бишкек).
Байгеси – 30 миң сом. Ээси – Жолдубай Бекжанов.

Топ байге (16 чакырым, байге фонду – 190 миң сом)
1-орун: Асыл зат (Чолпон-Ата).
Байгеси – 120 миң сом. Ээси – Талас Бегалиев.
2-орун: Фунтик (Бишкек).
50 миң сом. Александр Фёдоров.
3-орун: Персия (Кара-Балта).
20 миң сом. Рамазан Баров.

Жорго салыш (11 чакырым, баш байге – автоунаа)
1-орун: Барон (Ысык-Көл облусу).
Байгеси – Мазда Демио автоунаасы.
Ээси – Сыймык Аламанов.
2-орун: Космос (Ысык-Көл облусу).
80 миң сом. Бакыт Шерматов.
3-орун: Глабр (Ысык-Көл облусу).
40 миң сом. Бакыт Шерматов.

Аламан байге (25 чакырым, баш байге –автоунаа)
1-орун: Тачанка (Нарын облусу).
Байгеси – Хонда Авансир автоунаасы. Ээси – Адамкул Жунусов.
2-орун: Кара байыр (Сокулук району). 120 миң сом. Касым Кубатов.
3-орун: Олигарх (Түп району).
60 миң сом. Азамат Чыңгышев.

«АККУЛА» АТ МАЙДАНЫ
Курулган жылы: 1950-1956
Канча киши батат: 2500-3000
Маалыматтарга ылайык, «Аккула» ат майданы Союз ыдыраганда менчиктештирилип кеткен.

АЛДЫДА КАЗАКСТАН...
Ат оюндары үчүн бул сезондун акыркы мелдеши эмес. Кеч күздө кайрадан өлкө биринчилиги орун алат. Азырынча улакчыларыбызды Казакстанда биринчи ирет өтүүчү Азия чемпиондугу күтүп турат. Эске салсак, 9-11-сентябрь аралыгында Астанада өтүүчү мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Орусия, Кытай командаларынын катышуусу күтүлүүдө. Бул мелдешке Кыргызстан төмөнкү курам менен катышат:
Машыктыруучу – Азиз Уралиев
1. Тилек Урмамбетов (минген күлүгү Торпедо, командасы «Кабылан»)
2. Сыргак Ногоев (Зидан, «Кабылан»)
3. Улан Насакеев (Ак жол, «Бөрүлү»)
4. Эльдияр Тургунбеков (Зорро, «Кабылан»)
5. Баку Таалайбек уулу (Месси, «Кабылан»)
6. Нурмамбет Койчукеев (Лексус, «Суусамыр»)
7. Рустам Тыналиев (Соң-Көл, «Кожомкул»)
8. Урмат Мусаев (БТР, «Кабылан»)
9. Жолдош Орозбаев (Зайчик, «Кабылан»)
10. Сейитбек Анарбек уулу (Кобра, «Кабылан»)
11. Белек Мукаев (Мустанг, «Кабылан»)
12. Жышан Кайырбеков (Акбар, «Кабылан»)

Айбала Эргешов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
eduardali
2013-09-10 11:56:52
Байыш Эмирбектер корунбойтко? Эс алып жатышат окшойт.
0
Almaz.
2013-09-13 00:07:17
оо жакшы ойун
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан