БАЛАНЫ ОКУУГА КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?

Мектеп босогосун аттаган баланын даярдыгы анын 36 тамганы таанып, окуп, жаза билгендиги менен гана чектелбейт. Аларды психологиялык жактан да тарбиялоо шарт. Баланы мектеп шарттарына кантип көндүрүү керек? Өз алдынчалыкка кантип үйрөтүүгө болот? Бул суроолорго «ParadiseSun» психологиялык борборунун психологу Гуля Акбутина жооп берет.

ӨӨП-ЖЫТТАП ОЙГОТУУ МААНАЙДЫ КӨТӨРӨТ
Баланы эртең менен «Ай, турбайсыңбы, кечигесиң сабактан!» деп шаштырып же болбосо жулкулдатып ойготуу туура эмес. Мындай мамиледен анын маанайы бузулат, күнү бою кандай нерсе болбосун шашылыш, чала бүткөрүүгө өтөт. Ар дайым аны эркелетип, кучактап ойготууга аракеттениңиз. Эгер балаңыздын уйкусу кеч ачылса, анда белгиленген убакыттан 10-15 мүнөт эрте тургузуңуз. Бул аралыкта анын уйкусу толук ачылат.

ЖЕГЕН ТАМАГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
Эч убакта баланы ач карын мектепке жетелеп жөнөбөңүз. Анткени курсагы ач баланын сабакка көңүлү чаппайт. Мүмкүн болушунча эртең мененки тамакка жакшы көргөн даамын даярдоого аракет кылыңыз. Бул анын маанайын көтөрөт. Карандай чай, газдалган суусундук, чипсы, момпосуй менен өзөк жалгашына жол бербөө керек. Сиздин эң негизги милдетиңиз – баланы ачык маанайы менен мугалимдин колуна тапшыруу.

КЕЧИКПЕЙЛИ, КЕЧИКПЕЙЛИ САБАКТАН
Бала ата-энеден үлгү алат. Андыктан баланы сабактан кечиктирбеңиз! Кечиккен учурда «Сен бат кыймылдасаң кечикмек эмеспиз» деп аны күнөөлөгөн туура эмес. Анткени бала өз убактысын бөлүштүрүүчү куракка жете элек. «1-2 мүнөт кечиктик, эч нерсе болбойт» деп камырабастык кылуу да болбойт. Кийин ал муну адатка айлантып алышы мүмкүн.

ЖЫЛУУ УЗАТЫП, ЖЫЛУУ ТОСУП АЛЫҢЫЗ
Мектепке жеткенде «тентектик кылба», «сабакта отурганда быдылдап сүйлөбө», «жаман баа алба» деп эскертүү бербеңиз. Мындай эскертүүлөр үйдө айтылганы оң. Класска киргизип жатып балага «Мен сага ишенем, бизди уяткарбайсың, күнүң ийгиликтүү өтсүн!» деп айтып, бетинен сүйүп коюу гана жетиштүү.
Сабактан чыкканда да жылуу тосуп алып, кандай жаңылыктар болгонун сураңыз. Эгер анын күнү жагымсыз жаңылыктар менен коштолсо, ал тууралуу кайра-кайра суроонун кажети жок. Мүмкүн болушунча көңүлүн жагымдуу нерселерге бурганга аракеттениңиз.

КАТАСЫН КӨРСӨҢҮЗ ШЫЛДЫҢДАБАҢЫЗ
Балам өз алдынчалыкка үйрөнсүн десеңиз, китеп-дептерлерин өзү алып чыгып, тапшырмаларды өзү аткарсын. Сиз жөн гана жанында көзөмөлдөп, жардам бергенге даяр туруңуз. Бала тапшырмаларын аткарып болгон соң «Кайсы тапшырманы ишенимдүү аткардың, кайсынысы көңүлүңө толбой калды?» деп сурап туруу керек.
Мүмкүн болушунча өз катасын тапканга машыктырыңыз. Эгер таап чыкса, анда сөзсүз сиз тараптан мактоо айтылсын. Анын кетирген катасын көргөндө «Бул сөздү канчанчы жолу жазып жатасың?!» деп ачууланбастан, «Ой, бул эмнеге минтип калган?» деп таң калгандай түр көрсөтүңүз. Кыйшаңдатып жазган тамгаларын көрүп шылдыңдап күлбөңүз. «Кол жазмаң оңоло баштаптыр. Буюрса, 1-2 жумада эжейиңдей сулуу жазып каласың» деп кубаттоо керек. Мындай жол менен баланын жакшы нерсеге болгон умтулуусун күчөтөсүз.
Үй тапшырмасын мүмкүн болушунча мектептен келгенден кийин 2-3 сааттан соң аткартуу туура. Анткени бул учурда бала эс алып, сергий түшөт. Саат 5-6дан кийин баланын бир нерсени кабылдоосу басаңдайт. Андыктан тапшырмаларды кечкиге калтырбаңыз. Анан да тапшырмаларды татаалынан жөнөкөйүнө карай жана оозеки, жазуу түрүн кезектештирип аткартуу керек.
Балага китеп карматып кечке үйгө камоо анын түнт тартышына жана мектепке болгон кызыгуусунун солгундашына алып келет. Бир тапшырманы аткарууга 15-20 мүнөт коротуп, 5-10 мүнөт танапис жарыялаган соң кийинкисине киришүү зарыл. Сабакты жакшы билбегени үчүн аны элдин көзүнчө уяткарбаңыз. Бул баладагы өзүн-өзү баалоо сезимин төмөндөтөт.

ИЙРИМДЕРГЕ БЕРИҢИЗ
Баланы жалаң гана сабакка байлап койбостон, андан башка кызыктуу нерселер бар экенин айтып, ийримдерге бериңиз. 1-класстын окуучусу үчүн 1-2 гана ийрим жетиштүү. Анткени тыгыз күн тартиби баланы физикалык да, психикалык да жактан алсыратып, стресске кабылтат. Мунун айынан бала бат-бат ооруйт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
БАЛДАРЫҢЫЗДЫН САПАТТУУ БИЛИМ АЛЫШЫНА ШАРТ ТҮЗҮП БЕРЕ АЛДЫҢЫЗБЫ?

Гүлнара Байболотова, Ысык-Көл облусу:
– 9-класста окуган балам бар. Тамак-ашы, жаткан үйү, кийим-кечеги баары түгөл. Алма, картошкабызды сатып, жаңы окуу жылына 6 миң сомго керектүү нерселерин алып бердик. Мектепте 2-3төн баласын окуткандарга кыйын эле болуп калыптыр.

Койчу Гаипов, Жалал-Абад облусу:
– Негизи, балдардын сапаттуу билим алышы үчүн мамлекет мыкты мугалимдерди даярдашы керек. Албетте, ата-эне да баласы үчүн жөн турбайт. Учурда 3 неберем мектепте окуйт. Аларды кийим-кече, окуу куралдары менен толук камсыздадым. Үйгө стол, стул да алып бердим.

Гүлзат Орозбекова, Талас облусу:
– Балабыздын сапаттуу билим алышына колубуздан келишинче шарт түзүп бердик. Керектүү окуу куралдары менен камсыздадык. Өлкөбүздүн келечеги жаштардын билиминен көз каранды эмеспи. Ошондуктан өзүбүздүн келечегибизден эч нерсе аябашыбыз керек деп билем.

Эрмек Калилов, Баткен облусу:
– Баткен шаарында толук билим алууга шарт бар. Себеби окуучулар талаа иштерине чыгышпайт. Ал эми айыл жерлеринде балдар жыйым-терим иштери бүткөнгө чейин сабактан калып калган учурлар болот. Күз келип жыйноо башталганда эгиндин баарын ата-эне жыйнай албай, балдары да жардамдашышат.

Бактыгүл Дүйшөмбиева, Чүй облусу:
– Ар бир ата-эне баласынын сапаттуу билим алышына болгон аракетин жумшаса керек. Кызыма керектүүлөрүнүн баарын алып бердим. Комуз ийримине бергем. Үйдөн такай сабагын көзөмөлдөп турам. Буюрса, аракети жакшы, эң алдыңкы окуучулардын катарында.

Рустам Асанов, Ош шаары:
– Бир уул, бир кызым окуйт. Алардын окуусуна керек болгон бардык муктаждыктарды алып берип турам. Ден соолугуна байланыштуу гана сабак калтырышпаса, себепсиз калтырышпайт. Анын үстүнө алар окуган Ломоносов мектебинин билимге болгон талабы да күчтүү.

Айзат Бокоева, Нарын облусу:
– Балдарды толук кандуу даярдадык деген күндө да, баары бир кем-карчы чыга берет экен. Четинен толуктап алып берип жатабыз. Бардык окуучуларга бирдиктүү форма киргизилгенден бери да чөнтөккө бир аз жеңил болуп калды. Эң башкысы, мурдагыдай атаандаштык жок.

koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Баланы окууга кантип даярдоо керек?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
venchik
2013-09-09 12:13:43
Жакшы кеңеш болуптур, эске алабыз. Рахмат пайдалуу кеңеш үчүн.
0
baky-baku
2013-09-09 15:05:49
Жакшы кенеш бирок балдарым жанымда эмес апамдарда кантип жонотуп атышты болду экен эээх озум жанында болгондо
+2
aryn
2013-09-13 10:00:07
baky-baku, ата энебизге ден соолук берсин.
0
deva
2013-09-09 16:42:03
кызымды эркелетип ооп-жыттап тургузуп жатам. Жыйынтык жакшы буюрса. Жоопкерчиликти сезип жатат окшойт, кынк дебестен туруп жатат. Бала бакчага барганда аран тургузчу элем, атам уктап жатат го деп атасына атаандашчу эле.
+1
Narynbek
2013-09-10 15:38:33
менин төрт балам окуйт мектепте.Айтылгандай эле кем карчы чыга берет.Спортук кийим,майда чүйдөсү дагы эле алып жатабыз.
0
AFRODITA-89
2013-09-10 22:21:44
Эн сонун кенеш экен чоон рахмат.
0
alinevajnokg
2013-09-15 19:45:04
керектуу кенеш экен рахмат айтам кенеш учун...
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан