Кыргыз сахнасында саналуу гана ырчы бийкечтер бар. Алардын арасында алып баруучулукту, актрисалыкты да кошо алып жүргөн, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2012-жылдын сахна ажары» наамынын ээси Чолпонай бул аптанын каарманы болмокчу.
– Салам, Чолпонай, 2010-жылы продюсериң Эрнест Уметалиев экөөң 3 жылга келишим түзгөн элеңер. Келишимиңер эмне болду?
– Ооба, Эрнест экөөбүз ынтымактуу иштештик, келишим бүткөндө аны дагы 5 жылга узартып койгонбуз. Башка продюсер менен иштешүүгө такыр каалоом жок. Себеби Эрнест экөөбүз бала чагыбыздан чогуу өстүк, бири-бирибизди айттырбай түшүнөбүз.
– Элдин көңүл чордонунда болуп жаткан «До+Фа» тасмасына кайрылсак, анда «жакшы ойной албай калдым» деп өкүнгөн жерлериң болдубу?
– Албетте, кемчиликтерим көп. Мен өзүмдү аябай сын көз караш менен карайм. Тасмада бир жеринде чачымды тарабапмын, айрым учурларда эмоцияларымды жакшы чагылдыра албапмын деп өкүндүм. Эң акыркы эпизоддо сахнага чыгып ырдаган жерим бар го, ошол жери такыр жакпайт. Себеби мага жакпаган көйнөктү каршылыгыма карабай кийгизип коюшкан. Кинону көрүп жатып бүтөйүн дегенде шарт өчүрүп салам. Ошол кадрды өзүм да көргүм келбейт, элге да көрсөтпөй коём.
– «Тасмадагы роль менин жашоомду чагылдыргандай» дедиң эле. Демек, сенин сүйүктүүң менен бирге болушуңа ата-энең каршы?..
– Мен сценарийди окуганда эле башкы каарман Фариданын кыял-жоругун өзүмө окшоштурдум. Ал да ырчы болгонду каалайт. Тилегине умтулган кыз. Бирок чыныгы жашоодо тасмадагыдай ата-энем жигитимди жактырбай, кыйналган учурлар болгон эмес. Андай болбой эле койсун, Кудай сактасын. Бирок баарын убакыт көрсөтөт да.
– Чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп сүйүүгө убакыт табылып жатабы?
– Сөзсүз да, эгерде адамдын жүрөгү сүйүү даамын татпаса, анда эргүү кайдан келмек эле? Мен да башкалардай сүйүү, жактыруу сезимдери менен жашайм. Сүйүүсүз жашоо жок деп эсептейм.
– Анда жигитиңе акыркы жолу качан сүйүүңдү билдирдиң?
– (Ойлонуп) Бир жума мурун сүйүүмдү билдирдим.
– Кыздардын сезимдерин биринчи айткандарына көз карашың кандай?
– Кыргыз кыздары үчүн бул жат нерсе, бирок азыр заманга жараша боло берет деп коюшат. Кандай заман келбесин, баары бир кыздын кадыр-баркы жигит алдында бийик болушу керек. Жеке мен эч качан сезимимди жигиттен мурун билдирген эмесмин.
– Сүйүү үчүн ыйлаган күндөр болду беле?
– Мен аябай эмоционалдуу адаммын. Алгач ыйлап-сыктап, анан «ии, бул маселени оңой эле чечип койсо болот экен го» деп өзүмө келип калам. Сүйүү жаатында да ошол сыяктуу. Ичимдеги бугумду чыгарып туруп жаным жай алат.
– Анда бойго жетип калган кызын апасы кантип турмушка даярдап жатат?
– Бойго жеткеним чын, бирок өзүм күйөөгө чыгууга даяр эмесмин. Апам да аны жакшы билет, үй-бүлө жөнүндө кеп козгой бербейт. Бирок келиндик кызматтын ачуу-таттуусун, кайындарга кандай мамиле жасоону таенем дайыма кулагыма куюп турат. «Ашканада мыкты бол, үйүң чачылбасын, өзүңө тыкан жүр» дегенден тажабайт. Мунун баарын эсиме сактап жүрөм.
– Ырчы, актриса, алып баруучулуктан мурун негизгиси сен аялзатысың да. Чолпонайды бийкеч катары эмне бактылуу кылышы мүмкүн?
– Жаңы нерселерди билүү, изилдөө. Окуй элек чыгарманы окуп чыксам эле кандай бактылуу болом! Дайыма өзүм үчүн ачылыштарды жасап турганга аракеттенем. Мисалы, айдоочулук күбөлүктү 4 жыл мурун алгам. Быйыл ата-энем машина белекке бергенде гана толук кандуу айдоону үйрөндүм. Бул да болсо жашоомдун жаңылыгы. Азыр унаа айдоодон ырахаттанып жүргөн кезим. Бирок жанымда дайыма жакын адамым болот, «акырын айда, ылдамдыкты азайт» деп турганга дебейинби (күлүп).
– Кел, эми сөздү чыгармачылыкка буралы. Жаңыдан ырдап чыккандан бери бир топ убакыт өттү. Өзүңдөн өзгөрүү, өсүү сезе алдыңбы?
– Аябай чоң айырма бар. Сахнага жаңы кадам таштаганымда мен 16 жашта элем. Уялчаак, тартынчаак болуп, өзүмө такыр ишенчү эмесмин. Азыр менин өткөөл курактагы кемчилик деп эсептеген сапаттарым жок, баарына ыраазымын. Эң негизгиси, өзүмө ишеничим күчтүү. Баягыдай калтырап-титиреп сахнага чыккан жаш кыз жок.
– Көпчүлүк ырчылардын жашоосуна суктанат, «ырдап коюп жүрө беришет» дешип. Ырчылык кесиптин терс жактары болсо керек?
– Ооба, сахнага жалтырап чыгып койсок эле дайыма жыргап жүрүшөт деп ойлошот. Бирок түнү уйкудан калып ыр жаздыруу, ал ырды ийинине жеткире аткарып берүү тынымсыз эмгекти талап кылат. Сахнанын артындагы түйшүктү айтпасам да белгилүү. Ырчылардын дээрлик баары тойлордон акча табышат, ал жактан түрдүү адамдарга туш болосуң. Ичип алып ырдатпагандарычы?.. Ырдап жатсаң сени эч ким деле укпайт, сүйлөшүп отурган же тамак жеп жаткан болушат. Айтор, маанайды түшүрчү көрүнүштөр толтура. Ошондуктан тойлорго чакыруу албаганга аракеттенем. Тууган-урук, достор чакырганда гана сый-урматымды билдирип ырдап берем.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg