Өткөн аптада Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун «Кумтөрдүн» топ-менеджеринен 3 миллион доллар акча сурагандыгы боюнча кылмыш иши козголгон эле. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жашыруун тасманын каармандары 31-август күнү эки айга коопсуздук кызматынын СИЗОсуна камакка алынган.
Бишкекте 4-сентябрда маалымат жыйын өткөргөн саруулуктар айыпталып жаткан балдарды колдоп кенге кетчү жолду тосуп, электр жарыгын өчүрө тургандыктарын билдиришкен. Алардын айтымында, жергиликтүү тургундар 10-сентябрдагы өкмөттүн чечимин күтүп жатышат. Айыл тургуну Кадырбек Үсөнбаевдин пикиринде, «Кумтөрдөн» акча сураган балдардын күнөөсү жок. Айыл жашоочулары тасманы «митингдерди болтурбоо үчүн ойлоп чыгарылган ыкма» деп божомолдошууда. Мындан сырткары алар «Кумтөрдүн» жабылышын талап кылабыз деген ниеттерин да билдиришти.
Эске салсак, 28-августта «Кумтөрдүн» жетекчилигинин жашыруун тартып алган тасмасы телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн. Анда май айында өткөн Жети-Өгүздөгү митингде Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев, Бактияр Курманов жана «Кумтөр» компаниясынын өкүлүнүн сүйлөшүүсү түшүрүлгөн. Тасмадагы титрлерде жазылгандай, аталган жарандар кен иштетүүчүлөрдөн
3 миллион доллар талап кылышкан. Эгер айтылган сумманы берүүдөн баш тартышса, кенди барып талкалай тургандыктарын да эскертишкен.
Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg