Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун улуу баласы, экс-министр Аскар Айтматов өкмөт тарабынан берилген мамлекеттик резиденциядагы атасынын дачасын саткандыгын Президенттик иш башкаруу бөлүмүнүн башчысы Т.Коёналиев ачыктады. Бул тууралуу ал ЖКнын 4-сентябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, дачаны Аскар Айтматов 500 миң АКШ долларына саткан. «Бирок биз аймакка жаңы кожоюнду киргизген жокпуз, уруксат да бербейбиз»,- деди ал. «Мамлекеттик резиденциянын аймагынан берилген дачаларды ким пайдалана алат?» деген талкууда эл өкүлү Өмүрбек Текебаев «президент жана анын жубайы гана жашаш керек» деген пикирин ортого салды. Анын пикиринде, өлкө башчысы менен жубайынан башка эч ким мамлекеттик резиденциядагы өкмөт тарабынан берилген дачага ээлик кылбашы зарыл. Белгилүү болгондой, мамлекеттик №1-резиденцияда 26 мамлекеттик, 3 жеке менчик дача бар. Менчик дачалар Чыңгыз Айтматовго жана Турдакун Усубалиевге берилген. Жазуучуга тиешелүү үйдүн жарымына жубайы Мария Айтматова экинчи жарымына тун уулу Аскар Айтматов ээлик кылышары белгилүү болгон эле.
Дүйнө жүзүнө белгилүү адамга берилген мамлекеттик резиденциядагы дача уулу тарабынан сатылып жатса, Алыкул Осмоновго ата-жотосу тууган эмес Бактыбек Асанбаев аттуу жаран ал жашаган үйдү музейге айландыруу убаракерчилиги менен жүрөт. Бул окуя тууралуу гезитибиздин өткөн санында жазганбыз. Алыкул Осмоновдун күйөрманы анын Чолпон-Атада жашаган үйүн жергиликтүү бийликтен сурап алып акындын үй-музейине айлантып, кыргыздын кийинки муунуна керектүү жумушту жасаган. Ал акындын «Эмне арман, көл жээгинде атым турса кара таштан» деген сабына таасирленип, Чолпон-Атадагы үйүн издеп таап барып бул ишти жүзөгө ашырыптыр.
Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg