КАГАНЕР ОШТО ЭМНЕ КЫЛЫП ЖҮРӨТ?

Курманбек Бакиевдин тушунда Президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеванаянын орун басары Максим Каганер 31-август – Эгемендүүлүк күнүндө Ош шаарынын борбордук аянтында майрамдык шаан-шөкөттү сүрөткө тартып жүрдү. Айтымдарында, ал аймактык жаңылыктарды чагылдырган интернет-сайт иштетип жатыптыр. Эске салсак, Апрель окуясынан кийин Каганер катуу сабалды деген маалыматтар айтылган. Ошондой эле буга чейин «Гезиттер» интернет-сайтын түптөп, кийинчерээк башка колдорго өткөрүп берген деген кептер тараган. Ал Максим Бакиевге жакын адамдардын бири болчу.

Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Jamalym
2013-09-09 17:47:36
Дагы бир балээни баштабаса болду.Бакиевдер очубузду алабыз дептир деп журушту беле? Акылы жоктор.
-1
Zverchik
2013-09-09 20:47:17
Jamalym, бир адамдын башына таш тийседа БАКИЕВДЕРДИ КУНООЛОГУЛО эми
+2
munara_00
2013-09-10 21:13:13
Zverchik, бакиевдин адамы болуп атса кунолойбузбу анан!?
-1
Attokurov
2013-09-11 00:36:28
munara_00, Бакиевдин адамдары дебей эле койгулачы бийликтин баары Бакиевдин адамдары эле
+1
asha302
2013-09-11 14:16:56
Башкача айтканда шпион деп коет
+1
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан