КЫРГЫЗСТАНДА ГАЗ АРЗАНДАДЫ...

  • ИИМдин Академиясынын башчысы болуп полковник ЖЕҢИШ ЖАКЫПОВ дайындалды.
  • Кыргызстанда жарым жыл ичинде 333 адам балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн АТАЛЫК УКУГУНАН ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун алдындагы соттук департамент кабарлады.
  • БШК билдиргендей, «АТА ЖУРТ» фракциясындагы үч бош орунга Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мырзабеков жана Бакыт Шаршеевдер депутат болуп катталды.
  • АДАХАН МАДУМАРОВ Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды.
  • ШКУнун саммити учурунда, 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү унаа кыймылына убактылуу ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛЕРИН ИИМдин Жол кайгуул кызматы билдирди.
  • ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы РАФИК МАМБЕТАЛИЕВ кримтөбөл Камчы Көлбаев №47-тергөө колониясынын ооруканасында жатып, жарандарды кабыл алып, криминалдык маселелерди чечип жаткандыгын кабарлады.
  • Сентябрь айында жаратылыш газынын 1 метр кубу үчүн өлкөнүн түштүгү 15,13 сомдон, түндүгү 15,14 сомдон төлөмөкчү. Буга чейин өлкөдө көгүлтүр оттун 1 метр кубу 15,21 сомдон болгон.
  • Талас облусунда СИБИРЬ КУЛГУНАСЫ менен ооруган жаран катталды. Муну Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
  • 3-сентябрда Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде
    4 ЭМ жарык дүйнөгө келди. Ымыркайлар 7 айлык болуп төрөлүп, алардын эң чоңу 1700 грамм жана эң кичинекейи 1300 грамм салмакта төрөлдү.

Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
best-life
2013-09-09 10:05:35
хехххххеее мен да кандайча, канча сомго арзандап кетти десем))))))) макул эми бул да болсо арзандатуунун аты арзандатуу ))))))))))
0
asil-08
2013-09-09 10:56:43
торт эмдин канчоосу кыз канчоосу эркек экен
0
admin_media
2013-09-09 11:36:47
asil-08,
Саламатсызбы! 2 эркек, 2 кыз (Диана, Милана, Лев, Влад).
0
allan
2013-09-11 15:10:38
admin_media, орустардыкы го?
+1
Nur_meerim
2013-09-09 11:56:08
Уаау, соонун го! Иши кылса, ден соолугу чын балдар бекен? Эм болуп торолгондорду алсыз болушат дешет го.. Энеси байкуш кантип тойгузуп, кантип караар экен?
0
Rostov-on-Don
2013-09-11 15:46:55
10 тыйынга да арзандабаптыр го?
0
AFRODITA-89
2013-09-11 21:18:00
Торт эм торогон энеге чон рахмат эми ошолорду аман эсен чонойтконго кч кубат берсин. Улуту андай экен алардын.
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан