ТАШТАНДЫГА АРАЛАШКАН ТУРМУШ

Бишкекти айланта салынган жаңы конуштар борбор калаабызды акырындан “муунтуп” баратат. Жадакалса жаңы конуштар шаардык таштандынын тегерек-четине чейин салынууда. “Бул жерге жаңы конуш кандайча пайда болгон? Шаар бийлиги кантип уруксат берди экен?” деген суроо бизди бир топтон бери тынчсыздандырып келет.

“Арманыбыз аттын башындай”

“Миң уккандан бир көргөн артык” деп коюшат эмеспи. Бир канча жолу көргөнүбүзгө карабай, өз суроолорубузга жооп алмакчы болуп, шаардык таштанды тарапка бет алдык. Мына, көздөгөн жерибизге да жеттик. Каңылжаарды ачыштырган жыт алыстан эле келди. Жакындаган сайын бул жыт күчөп баратты. Бир топ гектар аянтты ээлеп жаткан таштандыны айлана топ-топ болуп каргалар учуп жүрүшөт. Ошол каргага толгон боз чаңдуу асман алдында, таштандыга катар эле жаңы конуш жатат. Боз топурактын чаңын чыгара басып, биринчи кадамды айылдыктар менен баарлашуудан баштадык. Өзүн Инаят деп тааныштырган эженин үйү таштандылардын так четине салынган экен. Колуна чака кармап, сууга бараткан аны биз кепке тарттык.
– Инаят эже, таштандынын жанында жашаган бир топ эле ыңгайсыз болсо керек?
– Ий, айтып отурсам, арманым аттын башындай. Мен бул үйдү арзанына карап 1500 долларга сатып алып, эми башты мыкчый өкүнүп жүрөм. Саткан адамдар да мени алдашыптыр. Алардын айтымына караганда, бул жер бардык шарттары бар, кадимки эле жаңы конуштардын бириндей болмок. Көрсө, бул жерге Бишкек шаардык Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тараптан уруксат берилбептир. Тургундардын басымдуу бөлүгү жерди мыйзамсыз басып алышып, үй салышыптыр. Муну мен үйдү алгандан кийин билип отурам. Арзанына качырам деп чымын-чиркейге таланып, жагымсыз жыт менен дем алып, күн кечирип жатабыз. Бул көйгөйлөрүбүздү айтып, канча жерге арыз жазып, канча эшикти тештик. Эч жыйынтык чыкпады. Эми “захват” кылынып алынса деле эл отурукташып, үй куруп алышкандан кийин шаар бийлиги бул жактын шартын аз болсо да жакшыртууга аракет кылышы керек деп ойлойм. Кийинчерээк эле айылдын тургундары мага далысын сала башташты. Тиги же бул жакка арыз жазалы десек эле качып калышты.
Бизде Рыскулбеков Осмон деген өзүн-өзү эле бул айылга башчы кылып шайлап алган адам бар. Көрсө, ал элди коркутуп-үркүтүп, “ашыкча сүйлөбөй, тынч жашагыла” деп коюптур. Чогулуш болгондо мени атайлап эле чакыртпайт. Дагы эмнелерди айтып жатканын билбейм. Мени менен маселелерди чечели деп чуркап жүргөн Марафат аттуу келин ушул кишинин айынан беш баласы менен бул жерден кетүүгө да аргасыз болду. Тим эле элди өзү билет. Бул жерде деле жашабайт. Кез-кезде келип, жерлерин сатып, элге чогулуш өткөрүмүш болуп коюп жоголуп кетет. Баарынан да окуу жылы жакындап келе жатканда балалууларга азап болду. Биздин балдарды эч бир мектеп кабыл албайт экен. Мен неберемди киргизем деп бутум үзүлгүчө чуркап жүргөн кезим. Кайсы жакка барбайын, «жашаган жериңден аныктама алып кел» дейт. Бул жерден алып барайын деп акыры Осмонго кайрылсам, ал ичи толтурулбаган кагазды карматты. Эми аны алып барган жерим жаратабы, жаратпайбы деп беймаза болуп турам.

“Үмүтүбүздү үзбөй жашап келебиз”

Ал эми Ны­шанбүбү аттуу апа төрт жылдан бери бул конушка электр жарыгы келишин күтүп, үмүтүн үз­бөй жашап келет экен. Бизди көрүп басып келген бул апаны да кепке тарттык.
– Апа, айылда зым-карагай­лар көрүнбөйт, электр жарыгы жок көрүнөт...
– Биздин айыл сырттан келгендерге өзүнчө эле экзотика же шумдук көрүнөт болушу керек. Айла жок, азыркы замандан эки кылым артта калгандай элебиз. Силер айтмакчы, свет деген эмне экенин унутуп деле калдык. Анысы аз келгенсип, сууну да 3 чакырым алыстыктан ташып келип ичебиз. Шарты барлар машиналары менен алып келишет. Ал эми бизге окшогондор ичерге сууну кылдырап, кол араба менен ташыйбыз.
– Бул жерге кандайча отурукташып калдыңар эле?
– 2006-жылы жерди “захват” кылмай башталбады беле, ошондо алганбыз. Батирден батирге көчүп, тап­ка­ныңды ичпей-жебей кожоюнга төлөп жашагандан көрө үңкүр да болсо үйүң болгон жакшы эмеспи. Негизи, бул айылдын тургундарынын көбү эле ошол “захват” кезинде жер алып, үй салгандар. Баары эле жыргаганы үчүн бул жерде жашап жаткан жок да. Ошол себептен үйлөр салынып, чоң айылга айлансак да ушул убакка чейин свети, суусу жок куурап отурабыз. Көп эле чоңдор келип жыргатып, “баарын жасап беребиз” деп кетишет. Айылдын бир топ тургундары үйлөрүн сатыкка коюшту. Дагы бирөөлөрү тургуза баштаган үйлөрүн бүтүрбөй, таштап кетип жатышат. Айыл ичинде “бир чоң бул жерди толугу менен сатып алган жатыптыр” деген да сөздөр тарап жатат. “Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дейт эмеспи. Анысы чын болсо, дагы шорубуз катат окшойт. Президентке деле кат жазып көрдүк. Жетпей жатат окшойт. Балким, силердин гезиттен окуп биздин көйгөйгө көңүл буруп коёттур. Жакында эл каттоо болгондо айылда 3000 түтүн бар экенин билдик. Бир түтүндө эле жок дегенде төрт адам жашайт. Ушунча адам үмүтүбүздү үзбөй жашап келебиз.

“Балдарыбыз көп ооручу болду”

Турсунай деген айым бул айылдын жаш балдары ар кандай инфекциялардын айынан көп жабыркап жатканын билдирди. “Бала деген бала да, кой дегенге болбой, таштандыга барып ойношот. Анан эле оозу-мурдуларына жара чыгып, ооруп калышат. Жеке балдар гана эмес, чоңдор деле ооруп жатабыз. Айла жок, үйүбүз жок болсо, кайда барып жашамак элек?”,- деп ийин куушурат.
Таштандылардын четине тамак-аш саткан күркө ачып алган Айдар аттуу жигит биздин эмне максатта келгенибизди уккан соң сүйлөшүүдөн баш тартты. Электр тогу жок болгон соң күркөдө муздаткыч да жок экен. Бирок муздаткычта сакталып сатылуучу тамак-аштын түрү турат. Аларды кантип сактап, элге сатат болду экен деп жооп таба албадык. Негедир, Айдарга окшоп биздин суроолорубузга жооп берүүдөн качкан тургундар көп болду. Алар жерди мыйзамсыз түрдө басып алганы үчүн уялышабы же дагы башка себеби барбы, биле албадык.

“Күнүнө 1000 тоннадай таштанды төгүлөт”

Конуштун тургундары менен баарлашып алып шаардык таштандыда иштеген адамдар менен баарлашууну чечтик. 15 жылдан бери механик болуп эмгектенген Марат агай: “Мындай көй­гөйгө айылдыктар өздөрү кү­нө­лүү”,- деп сөз баштады.
– Жашоого ыңгайсыз болгондуктан, бул жер таштанды ташталууга бөлүнгөн. Аны түшүнбөй жатышпайбы. Бул жерде чоңойгон бала-бакыранын келечегин тобокелге салып жатышат. Мына, бул жерге шаар ичинен күнүнө 1000 тоннадай таштанды алынып келинет. Машиналар төгүп кеткен таштандыны буга чейин эки бульдозер түрттүргөнгө жетишсе, азыр жетишпей калды. Жакында эле дагы бир тракторду ижарага алдык. Таштандынын аянты жылдан-жылга чоңоюп баратат. Учурда таштанды ташталчу аймактын жалпы аянты 28 миң гектар. Шаар калкынын саны өскөн сайын, аянты дагы кеңейиши мүмкүн. Анан билбейм, бул айылдын келечеги барбы, жокпу... Бизди баарынан да бул айылдыктардын айрымдарынын таштандыны казып, союз учурунда төгүлгөн темир-тезектерди чогултканы тажатты. Айта берип тилибиз тешилди окшойт. 2001-жылы 8 адам таштандынын астында калып, мерт болушканын да мисал кылып айтабыз. Баары бир болушпайт.
Бул аймактан ар түрдүү ойлорго тушалып кайттык. Чынында, жерди мыйзамсыз басып алып, каалагандай турак-жай салууга эч кимдин акысы жок. Анан да бир канча жылдан бери таштанды төгүлгөн бул жай ар кандай инфекциялардын булагы экени да белгилүү. Ошого карабай, таштандыга удаа конуш курулууда. Шаар жетекчилиги эмне үчүн бул курулушту токтотпойт? Айтор, суроолор көп. Аларга жоопту Архитектура жана шаар курулушу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынан издеп көрдүк. Таштанды Шаардык башкы курулуш архитектурасынын Свердлов районуна караштуу өндүрүш иштери боюнча бөлүмүнө карайт экен. Аталган бөлүмдүн башкы архитекторунун орун басары Ачилдиев Шарафхон мырзага байланышка чыктык.
– Шарофхон мырза, шаардык таштандынын капталында жа­ңы конуш курулууда. Бул конушка уруксат берилгенби?
– Уруксат берилген эмес. Бул жерди жарандар мыйзамсыз басып алып, айылга айландырып алышты. Айылга электр жарыгы жана суунун барбаганы мына ушундан. Ал жердин жашоочулары өз өмүрлөрүн коркунучка коюп жатышат. Дегеле, шаардык таштандынын жанына турак-жай салууга болбойт. Элдүү пункт менен таштандынын арасы эреже боюнча 8 чакырым болушу шарт. Эгер эски таштандынын ордуна конуш тургузуу керек болсо, ал жай алдын-ала атайын заттар менен бир топ жолу тазаланып чыгып, топурактын курамы толук кандуу болгондон кийин гана турак-жай салууга уруксат берилет. Толук кандуу дегеним, таштанды ташталган жердин топурагы борпоң болуп, курамы бузулуп калат. Ошондой эле санэпидемстанциянын да текшерүүсүнөн өтүшү керек. Таштандыдан ден соолукка коркунучтуу ар кандай уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Булар чети гана. Буга окшогон себептери толтура.
Өзүңүз айткандай, себептери толтура экен. Ага карабай эле төрт жылдан бери бул аймакта жашап жатышат. Эми алардын тагдыры эмне болот? Үйлөрүн сүрдүрүп, таштоо керекпи? Мисалы, Ак-Ордо жаңы конушуна мыйзамсыз түрдө турак-жай салгандардын үйүн бульдозер менен сүрдүрүп салышпады беле. Конуштун тургундарына башка жактан жер берилиши мүмкүнбү?
Бул сурооңорго азырынча комментарий бере албайбыз.

Мына окурман, таштандылар тө­гүлүүчү жайдын жанында пайда болгон жаңы конуштун тургундарынын арманы ушундай. Мыйзамга такай келгенде, тараза ташы жылуу, жарык кабинеттерде отуруп алып маселе чечип жаткан шаар бийлиги тарапка оойт. Бирок ар кандай илдеттерге, жагымсыз жытка, караңгылыкка карабай, ошол жайга үй салып жашоого аргасыз кылган жакыр турмуш да оңой эмес.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 354, 14-20-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан