Мелис Мырзакматов, Ош шаар башчысынын милдетин аткаруучу:«КӨП САЯСАТЧЫЛАРДАН АЙЫРМАЛАНЫП, КАЙРА ЭЛГЕ БАРА АЛАМ»

SUPER.KG расмий порталыбызда облус борборлорундагы шаар башчылары боюнча сурамжылоо жүргүзсөк, добуштардын көпчүлүгүн Оштун мэри Мелис Мырзакматов эңип кеткен эле. Окурмандарга убада кылынгандай, бул инсан менен маектештик. Интервью Мелис мырзанын Ош шаарындагы үйүндө, көк чайдын үстүндө өтүп, баарлашууда каармандын жөнөкөйлүгү өзгөчө таасир калтырды. Журналисттерден оолактыгы жана сөзүн куру кепке айлантпай, иш жүзүндө көрсөтүү далалаты менен таанымал болгон мэр сүйлөшүүдө ачык-айрымдыгы менен айырмаланды. Шаар тургундарынын өзгөчө колдоосуна ээ болуп турган бул инсан менен маегибизге назарыңыздарды бурабыз.

МЫРЗАКМАТОВ МЕЛИС ЖООШБАЕВИЧ

  • 1969-жылы 18-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында туулган.
  • 1989-жылы ОшТУга экономист-менеджер адистигине ээ болуу үчүн тапшырып, аны 1998-жылы аяктаган.
  • 1993-жылы Ош ОИИБинин инспектору катары эмгек жолун баштаган.
  • 2007-жылы ЖКга «Ак жол» партиясынан депутат болуп шайланып келген.
  • 2009-жылдын январынан бери Ош шаарынын мэри.
  • Үй-бүлөлүү, 4 кыз жана 1 уулдун атасы.

– ЖК сунуштаган «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзам долбооруна президент кол койбой, кайра иштеп чыгууга кайтарды. Анын демилгечиси Өмүрбек Текебаев өлкө башчы макул болбогон тоскоолдук жаратуучу учурлар «ата журтчулар» тарабынан киргизилгенин айтты. Сиз муну кандай кабылдадыңыз?
– Бул мыйзам долбоорунун акыркы үч жарым жылдан бери жазылып бүтпөй жатканы анын тегерегинде кызыкчылыктар көп экенин көрсөтөт. Бир адамдын айланасында гана болуп жаткан аракет, тагыраагын айтканда, менин айланамда. Анткени тегерегимде орун алган ызы-чууну эске албаганда, бул мыйзам долбоору мурдагы мыйзамдан дээрлик айырмаланбайт. «Мыйзам долбоорду өздөштүрүү жолу менен даярдап чыктык» дегендери жалган, ишенбегендер салыштырып көрсө да болот. Толуктоолор боюнча айтсам, аларды ким киргизди же кандай максатта алып чыкты, бул жагы менин трагедиям эмес, бул алардын трагедиясы.
Парламент кабыл алган мыйзам андан чыккандан кийин документ катары миң жолу өзгөрүп кетет экен. Ошонун баарын көрүп-билип турган инсан жана жетекчи катары, «казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» дегендей, кеп мыйзамда эмес, кеп адамдын өзүндө, жекелик сапатында экенин айткым келет. Ошондуктан Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзам качан, кандай вариантта кабыл алынар экен деп эле акыйып карап отурган жокмун. Мыйзам кандай жазылса, биз ошондой иштейбиз.

– Сизди борбордук бийлик менен тил табыша албагандардын бири катары сыпатташат. Мамлекет башчы жогорудагы мыйзам долбоорду кайтарып бергенинен кийин «расмий Бишкек Мырзакматов менен ымалага келиптир» деп айтууга болобу?
«Сатылып кетти» деген кеп жок. Тек гана президент деле бул мыйзамдын орунсуз, ыксыз экенин көрсө керек. Себеби тогуз жарым жыл премьер-министр болуп иштеген адам Оштун мэри боло албайт. Аталган мыйзам долбооруна киргизилген толуктоого ылайык, он жыл бою дыйкан чарбасынын жетекчиси, же бала бакчанын башчысы, же мектептин директору болушуң керек. Демек, он жыл бою бир жерден кыймылдабай иштеп жүргөн Кыргызстандагы саналуу гана адамдар мэр боло алышат экен.
Бул жагынан алганда, президенттин чечими акылга сыярлык болду. Себеби мыйзам так эмес, белгилүү бир максатка багытталып жазылып калган. Бирок менин тажрыйбам жетет болчу. Ошол үчүн Ош шаардык кеңеши да, мэриясы да «мыйзамга макулбуз» деп кат жөнөткөнбүз. Мыйзам деген бир эле мага жазылбайт да, ал жалпыга таандык болушу керек. «Мырзакматовдун тажрыйбасы жетпей калат экен, ошол үчүн биз кайтардык» деген кээ бир саясатчылардын сөзү туура эмес.

– Шайлоо белгиленип, бирок жетиштүү добуш топтой албай калсаңыз кандай кадамга барасыз?
– Саясий оппоненттерим билбеген бир жашыруун сырым бар. Мен бийликтен кетүүдөн коркпойм. Оппоненттерим болсо мени чөгөлөйт, суранат, жалынат деп ойлошот. Жок, андай болбойт. Көп саясатчылардан айырмаланып, мен элден чыкканмын жана кайра элге бара алам, аларга аралашып кете алам.

– Күздүн келиши менен саясаттагы оюндардын жаңы сезону старт алды. Ахматбек Келдибеков баштаган жаңыдан түзүлүүчү оппозициялык блоктун ичинде сиздин ысымыңыз да жүрөт. Аларга кошуласызбы?
– Келдибековдун билдирүүсү боюнча айтсам, ооба, эки жыл мурун ошондой келишим болгон. Камчыбек Ташиевдин чыгып кетиши менен ал келишим күчүн жоготкон. Биздин партия өлкөдөгү тынчтык, туруктуулук жана өнүгүүнү колдойт. Ар бир кадамыбызды акылдашып таштайбыз, өлкөнүн келечегине карата. Бүгүн позицияда, эртең оппозицияда, бир күнү кызыл, экинчи күнү жашыл боло албайбыз.

– Ошондо сиз ким жактасыз, Ахматбек Келдибековбу же Камчыбек Ташиевби?
– Экөөнү тең сыйлайм. Экөө тең менин досторум. Бирок саясатта келечектеги сунуштарын алар мага айтыша элек. Сунуш түшсө, карап көрөбүз. Бири жакшы, экинчиси жаман дей албайм.

– Ош шаарынын мэрлик кызматында турганыңызга беш жылга жакындап калды. Бул аралыкта сизди эң өкүндүргөнү жана эң кубантканы эмне болду?
– Эң өкүндүргөнү – кыргыз бийлигинин Июнь окуясына жол бергендиги. Бул үчүн бийлик башындагы инсан эле эмес, Кыргызстандын ар бир жараны жоопкер. Аны тарых да тастыктайт, өз баасын берет. Себеби биз өз колубуз менен ушундай коом курдук, анын жыйынтыгы да коомдун жүрүм-турумунан көз каранды. Өзүбүз тиккен бактын жемиши уулуу болду, ошонун даамын да татып көрдүк.
Ошондой эле кыргыз бийлигинин 1990-жылдагы, 2010-жылдагы окуялардан жыйынтык чыгарбаганы өкүндүрөт. Ал турак үйлөр, жолдор, мектептерди куруп коюу менен чечилбейт. Мындан кийин кейиштүү окуялардын алдын алуу, аны болтурбай коюу боюнча бир дагы мамлекеттик, улуттук деңгээлде план-программанын болбогондугу. Эгер ошондой иш-чаралар болсо, мунун баары үстүртөн жүргүзүлүп жатканы мени аябай өкүндүрөт. Араб элинде ушундай макал бар: «Бир жолу болгон окуя экинчи жолу болбошу мүмкүн, эки жолу болгон окуя үчүнчү жолу сөзсүз кайталанат».
А кубандырганы, биз шаарыбызды мурдагыдан да кооз кылып, калыбына келтире алдык.

– Мэрлик кызматты өзүңүз сурагансызбы же бийлик тараптан сунушталды беле?
– Мэр – коомдун, элдин бийликтеги өкүлү. Министрлер, губернаторлор – бийликтин элдеги өкүлдөрү. Кудайга шүгүр, Оштун эли мени үч жолу шайлады, баарында тең түз жана кыйыр түрүндө 100 пайыздык колдоо алгам. Демилге, мүмкүн, бийлик тарабынан чыккандыр, бирок мени эл шайлады. Эл каалабаса, добуш бербей эле коймок. Кээде мен да ушул суроонун үстүнөн өзүмчө ойлонуп калам, неге мен ушунчалык азапка, кыйынчылыкка салындым деп. Мүмкүн, бул Кудайдын ушундай мезгилге жараша тандоосудур.

– Эстеликтер, жаңы жылдык балаты, шаар ичинде тигилген гүлдөр... Коомчулукта Иса Өмүркулов менен Мелис Мырзакматовду салыштыруу күч. Атаандашасызбы?
– Коомчулук көп нерседен адашат. «Мырзакматовго борбордук бийлик миллиарддаган каражатты берди, ал шаарды башкарып жатат» дешет. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция аркылуу борбордук бийлик менен донорлор берген каражат өздөштүрүлдү. Анын ичинде Июнь окуясында турак жайсыз калгандарга үй тургузуп берүү иштери бар. А биз жогоруда аталып кеткен иштердин баарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасадык.
Бишкек жана Ош шаарларына келсек, таза атаандаштык болушу керек. Ал болбосо коом, экономика, саясат өнүкпөйт. Өзүм Иса Шейшенкулович менен жакшы мамиледемин. Байланышып, тажрыйба алмашып турабыз. 8-9 миллиард сомдук бюджети бар Бишкек менен 1 миллиард 300 миллион сомдук бюджети бар Оштун атаандашышы мүмкүн эмес. Мына, түрк грантынан Ош шаарынан бир да объект каралган жок, антпесе бардык республиканын аймактары каралды. 107 миллион доллардан Ош шаарына 1 цент да каралбады. Ошол эле мезгилде Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоого 30 миллион доллар акча бөлүндү. Же капиталдык курулуш статьясын алалы. Мына, сентябрь да келди. Ош шаарынын ичиндеги курулушка бир сом акча берилген жок. Ошол эле учурда башка облустар боюнча 15-16 социалдык объектке каражат бөлүндү. Эгер мен муну шаардык тургундарга айта турган болсом, коомдук жарылуу болот, «Бул эмне деген теңсиздик, биз эмне Кудайдын өгөй баласы болобузбу?» деп.
Кышка даярдык боюнча токтолсом, премьер-министр бир канча жолу протоколдук тапшырма бергенине карабастан, күз келип калды, бир сом акча которулбады. Антпесе биз Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп пилоттук долбоордун алкагында «Теплокоммунэнерго» ишканасын алып, 4000ге жакын батирди борбордук жылуулук тармагына кошконбуз. Буга жергиликтүү бюджеттен
50 миллион сомдой короткон элек. Мыйзамда болсо «ишкананын дотациясы республикалык бюджеттен болушу керек» деп жазылган. Андыктан бизди экономикалык блокадага алып жаткандай сезилүүдө.

– Өкмөттүн экономикалык блокадага алуусунун себеби эмне болушу мүмкүн?
– Кептин баары өкмөттүн коалициялык экенинде. «Канткенде Мырзакматовдун кадыр-баркын түшүрүү керек?» деп жатышкандыр? Балким, экономикалык жактан кысуу керек деп табышкандыр?..

– 1-сентябрга карата кандай жагымдуу окуя эсиңизде калган?
– Бир канча жыл мурун 1-класска кабыл алынуучулар боюнча мектепке барып калдым. Карап турсак, бири көпөлөк кууп кетип калат, экинчиси жер чукуп ойноп отуруп алат, үчүнчүсү башын кашыйт, антпесе баары катарда, колдорунда гүл. Класс жетекчиси ар биринин артынан чуркайт, жаңы окуучуларын кайра ордуна тизип чыгат. Анан «1-класстын окуучусу дале бөбөк бойдон, тентек болот экен» деп айттым. Ошондон тарта 1-класстын мугалимдеринин айлыгына 1000 сомдон коштук.
Жакында эле Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 1000 доллар жана алардын мугалимдерине 2000 доллардан акчалай сыйлык тараттык. Ош шаарындагы мугалимдерди 7 түрдүү төлөмдөн бошотконбуз. Газ, жарык, таштанды үчүн жана башкалар... Азыр эми бала бакчалардын тарбиячыларына колдоо көрсөтүү суранычы айтылды, аны да кабыл алганы турабыз. Мындай көрүнүш республика боюнча бир гана Ош шаарында бар.

– Иш күнүңүз көбүнесе кантип башталат?
– Шаар – тирүү организм. Ичет, жейт жана башка дегендей. Бир күн, бир саат кароосуз калтырууга болбойт. Жаңы жыл, Нооруз, туулган күн деген сыяктуу майрам жок бизде. Биз дайым иштейбиз. Шаардын кызматтары бир саат иштебей койгонун элестетиңиз. Кышында, мисалы, бир күндө 8-10 трансформатор, 3-4 жерден канализация жарылат. Көп кабаттуу үйдөгү батирлер эки саат суусуз калса, жагымсыз жыттар чыга баштайт. Мэрлик кызмат – энергиялуу, жаны тынбаган, уктабаган, кайраттуу кишинин иши.

– Балдарыңызга убакыт бөлүүгө жетишесизби?
– Эки күндөн бери үй-бүлөмдү көргөн жок элем, бүгүн кечинде келерим менен кызымды кучактадым. Элдин тагдыры ар бир сөзүмдө, ар бир ишимде турарын билем. Аны аткарбасам, бул дүйнөдө болбосо, о дүйнөдө азабын тартам. Өзүм 4 кыз, 1 уулдун атасымын. Жакында эле биринчи неберебиздин жытын искедик.

– Келечектен эмнени үмүт кыласыз?
– Пландар саясий кырдаалга жараша өзгөрүп турат. Турмуштагы кыялым, уулума «Сенин атаң жемкор, ууру, калпычы эле. Жер сатып, пара алып, убадасына турчу эмес» деп айтышпаса, мен ошого ыраазымын. Менин бу дүйнөдө бар-жоктугума карабастан,»бул жакшы адамдын баласы, атасы адилеттүү киши болчу, кел, төргө өткөргүлө» дешсе, менин көңүлүм толот эле.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (112)
Ali7788
2013-09-13 16:07:42
Мен да жогору айткандардын бироонон башкасынын айтылган создорунун баарына кошулам! Ал кошулбаган кайсыл адам экени дароо эле окуган адамга белгилуу болсо керек :)))) Мелис Мызакматов ишинизге ийгилик!! ушул кылган иштериниз 1-ден АЛЛАХ раазычылыгы учун кылсаныз керек деп ойлоймун. Башкалардай эл козунол эмес!!!! АЛЛАХ ыраазы болсун Сизден!
+6
Akyl_92
2013-09-13 18:53:46
Жогору жактагылардын жок эле дегенде 10% ушундай иштешсе гана...
+3
muxammet
2013-09-13 22:50:32
Ордолуу Ош шаарым алга!
+3
bemkow
2013-09-14 17:21:35
azamatsyz sizdei insandar koboio bersin alga osh
+4
Migrantkg
2013-09-15 18:42:21
Alga Allahym ky4-kubat berip, elge dagy da bolso kyzmat kyla berin.
+2
jansezim26
2013-09-15 22:34:30
Мелис мырза элдин сыймыгына,урматына татыктуу адам,бул адамга бир нерсе болуп саясий бут тосуулар б.со ак уйдун чаны да калбаса керек,талкалап салышат ко=)
0
muxammet
2013-09-16 02:34:16
Алга Ордолуу Ош шаарым
0
admin_media
2013-09-16 12:26:19
asmat6,
Башка сайттарга шилеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
0
belosnejka1
2013-09-20 11:46:46
Мелис байкенин берген маеги абдан жакты да. Ар бир айткан созуно кошулам.Башка шаарларыбыз да Оштой болуп онуксо экен. Сиздей талыкпай иштегенде мурун эле онукмок да. Мелис байке, сизге ишенем. Сизге Акжол каалайм!
0
ereka
2013-09-20 13:10:41
Даа, бийликтегилер биздин мерибиздин эл учун иштеп жатканын коро алышпайт, ар дайым кысымга алып турушат, Алайда Курманжан датканын 200 жылдыгында биздин чондорубуз аны чакырбай коюшкан дешет, бул бир эле мисал. Эми экономикалык кысым башталыптыр, бирок азаматсыз элди биринчи орунга койгон. Уй-булонуз менен тынч болуп, элдин керегине жарап журо бериниз.
+1
belosnejka1
2013-09-21 11:20:04
ereka, туура
0
elka-84
2013-09-27 12:56:43
Бийликтегилер билип коюшсун Оштун эли Мелис Мырзакматов менен аны дайыма колдойбуз
+1
k-rollan
2013-11-18 11:19:20
Бишкек шаарына мер кылсак анда укмуш кылып салмак 8.9 миллиард менен Бирок Оштон эч каяка кетирбейбиз Алга Мелис ака
0
sumaya90
2014-03-14 19:51:32
кыргызстандын чыныгы патриоту.Олкобуздо мындай адамдар кобойо берсин.Мелис байке алга.сизге ден соолук уй булолук бакыт.
0
samiev.nurbek.
2014-03-15 00:06:34
М.М.Жоошбаевич ишинизге ийгилик ар дайым денсоолукта болуп ачуу чындыкты айтып элге ак кызмат кыла бериниз.Буйруса озунуз мэр болуп копурону ж.а бутпогон жакшы иштеринизди буткоросуз.Айтмамат мойнунан байлаган иттей эле мэр болдуго.Элибизде соз бар мойнунан байлаган ит ууга жарабайт дешетго
0
samiev.nurbek.
2014-03-15 00:09:42
биздин бийлик М.Мырзакматов айткандай апенди.жанагы анегдот барго озун кыла албайсын бироо кылса коро албайсын болуп жатышат
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан