Беш жашында сахнада так секире ырдап-бийлеген Сауле эсиңизден чыга электир?.. Кичинекей Сауле азыр чоңоюп, 7-класска көчүп, мурункудай жайдары, шайыр мүнөзүнөн
жаза элек.
– Салам, Сауле, көрүнбөй кайда жүрөсүң?
– Саламатсыздарбы? Мындан эки жарым жыл мурун үй-бүлөм менен чыгармачылыкты токтото турайын деп чечкенбиз. Учурда 7-класста Кыргыз-Түрк «Айчүрөк» кыздар лицейинде окуп жатам. Окуумда деле вокал, хор, бий ийримдери бар. Чоң сахнага чыкпасам да, бийлегенди, ырдаганды унута элекмин.
– Окуу менен чыгармачылыкты чогуу алып кетсең болбойт беле?
– Канчалык чогуу алып кеткенге аракет кылбайын, баары бир окууга зыянын тийгизет экен. Көп жыл тыныгууга кеткенимдин дагы бир себеби, эл көзүндө 5 жаштагы кичинекей Сауле бойдон калбадымбы, кийин чоңойгондо сахнага кайтып келип элди таң калтыруу болчу. Буюрса, 16-17 жашымда сахнага кайтып келип, чыгармачылыгымды улантам. Кээ бир окурмандардын «Кичинекей Сауле кайда жүрөт, көрүнбөй кетти. Андан бир нерсе чыгат деп үмүттөнчү элек» деп сурап калгандарын окуп «Мени эстешет экен» деп кубанып калам.
– Мурунку кичинекей Сауле азыр жок, аябай чоңоюпсуң. Көчөдөн тааныгандар болобу?
– Ооба, таанышат. «Бул Сауле го, Сауле го» деп шыбырап калышкандарын байкап калам. Кээде «Сен Саулесиңби?» деп сурашса, капюшонумду башка кийип алып «Жок, адашып калдыңар» деп өтүп кетем.
– Өзүңө кичинекей Сауле жагабы же учурдагы Саулеби?
– Чынын айтсам, кичинекей Саулени аябай сагынам. Анда өзүм каалаганды кылчумун, жасачумун. Бийлегим келсе бийлеп, ырдагым келсе ырдап, сахна мага гана тиешелүүдөй туюлчу. Азыр чоңоюп калбадымбы, антип бийлей албасам керек.