Нурбек Эгендин «Аталар керээзи» тасмасындагы Айдардын ролун Болот Тентимишов келиштире аткарган эмес беле. Эми элестетиңиз, Болоттун ордуна Элдар Айтматовду. Анткени башында Айдардын ролуна так Элдар дайындалган экен. Кандайча ал образды жаратпай калды? Мунун себебин Нурбек Эген мындайча түшүндүрөт: «Айдардын ролуна башында Элдар Айтматов тандалган эле. Ал кезде Элдар чет өлкөдө окугандыктан, чакыртканымда атайын мамлекеттик сынактарын таштап келген. Эки айдай катуу даярданып, тартууга келгенде фильмдеги баш каарман, француз актрисасы Наташа Реньеге жашы жагынан туура келбей калды. Биз да аны тартуу иштери башталганда байкадык. Элдардын убактысын алганыбыз үчүн кечирим сурап, анан узатууга туура келген»,- дейт режиссёр.
Ким билет, балким, улуу жазуучунун уулунан мыкты маданият адамы чыкмак, эгер актёрлук дареметин сынап көрсө...