Айгерим Расул кызы интернеттеги жеке баракчасына мырзалардын делебесин козгогон сүрөтүн жүктөдү. Сүрөткө комментарий калтыргандардын арасында жактырбай «денеңди жап» дегендери да, Айгеримдин фигурасына суктангандары да бар. Баса, ырчы өзү сүрөтүнө «Мага «уялбайсыңбы, бети жок, уяттуу жериңди жап» деп айтпай эле койгула. Мындай комментарийлерди калтыргандар, мен силердин өзүңөрдүн сүрөттөрүңөрдү көрүп үрөйүм учту. Андыктан мага баары бир, силердин оюңарды укканга убактым жок» деген билдирүүсүн калтырган. Ырчынын өзүнө байланышканыбызда: «Ооба, сүрөттөгү менмин, киндигиме пирсинг жасаттым. Спорт залдарга барып, кыялымдагыдай дене түзүлүшкө ээ болдум»,- деп сүйүнүчүн жашырган жок.