КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова туулган күнүнө карата «Мен күздү күтөм» аталыштагы жеке концертин берүүгө камынып жүрөт. 9-10-сентябрь күндөрү өтчү концерти тууралуу ырчы: «Бул жылкы чыгармачылык кечем онлайн түрүндө болот. Кечеде бүт дүйнө жүзүндөгү кыргыздар менен байланышып, алар концертти, биз аларды көрүп баарлашабыз. Анан да былтыркы концертимде эл «Келген жаш ырчылар көп ырдады, өзү аз ырдап койду» деп капа болушкан эле. Быйыл азыраак чакырганга аракет кылам, бирок туулган күнүмдө куттуктап келген досторум сөзсүз болот»,- дейт чыгармачылык кечесине кызуу даярданып жүргөн ырчы.