ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (9-сентябрдан 15-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Таарынышып жүргөн адам менен ымалага келүүгө шарт түзүлөт. Бирок мүмкүнчүлүктү учурунда пайдаланып калбасаңыз, аны түбөлүккө жоготуп аласыз. Каржы жаатында пайдаңызды көбөйтүү үчүн тобокелчиликке баруудан коркпоңуз. Жекшембиде ден соолугуңуз начарлап, ооруп калууңуз мүмкүн. Андыктан өзүңүзгө этият болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Үй-бүлөгө байланышкан маселени чечүүнү сизге тапшырышат. Маселени жалгыз чечүүгө көзүңүз жетпей турса, жардамга тийиштүү адамды чакырыңыз. Ал эми жумуш орунун алмаштырууну көздөгөндөр жаңы жумушка орношкончо эски ордунан кетүүгө шашылбай турганы жакшы.  Дем алыш күндөрү үйүңүздүн төрүнөн дос-туугандар орун алышат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көптөгөн иштерди бүтүрүүгө жетишесиз. Ортодон акыл үйрөткөндөр чыгат, бирок кулак салбаңыз. Буюм алууну көздөгөндөр ашыкча чыгым болбоюн десе баасына эмес, сапатына көңүл буруусу абзел. Сүйүү жаатында бир кезде жүрөктү жаралап кеткен сезимдер кайрадан кол сунушу күтүлсө, айрымдардын дос мамилесиндеги адамы сүйүүсүн ачыктайт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Көйгөйлүү маселеге тушугуп, ал абалдан чыгуунун жолун издейсиз. Каржылык тартыштык да өз кедергисин тийгизет. Бирок түзүлгөн абалды ар тараптан иликтеп чыккан соң чечим кабыл алсаңыз, ийгилик сиз тарапка оойт. Бүтпөй калган иштерди соңуна чыгарууга аракет кылыңыз. Болбосо кийинки апта оорчулук жаратат.


АРСТАН (23.07-23.08)
Өзүңүзгө пайдалуу көп иштерди бүтүрөсүз. Капчыгыңыз да “семирип”, каржылык абалыңыз жакшырат. Бойдоктордун жаңы таанышкан адамы кийин өмүрлүк түгөйү болуп калуусу мүмкүн. Андыктан көңүлүңүзгө жаккан адамдан кыя өтпөңүз. Апта соңунда ден соолугуңуз кескин начарлап, айрымдардын өнөкөт оорусу козголушу ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кайдигерлик жана жалкоолук ишиңизди артка тартарын эске алыңыз. Бүтпөй турган иш болбойт, белди бекем бууп, эмгек кылуу зарыл. Үй-бүлөдө түгөйлөр ортосунда пикир келишпестиктер келип чыгышы күтүлөт. Ал эми ишембиде жагымдуу окуянын күбөсү болосуз. Жекшембиде жеке жашооңузда бурулуш жасай турган тандоого кабыласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ишкерлик менен алектенгендерге ийгилик жылмайып, капчыктары чоң суммага кампаят. Айрым таразалар иш ордун алмаштырса, айрымдар ишсиз калуусу мүмкүн. Аптанын соңун утурлай кээ бири ден соолугу начарлап маанайы чөксө, айрымдар буюмун жоготуп кайгыга батат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дос катары мамиледе жүргөн адам сезимин арнап, аптанын сиз күтпөгөн окуясы болушу күтүлүүдө. Кесиптештер арасында дагы ушундай жакшы мамиле улансын десеңиз, көпчүлүктүн катарында болуңуз. Өзүңүздү гана ойлосоңуз, элден четтеп каласыз. Апта аягында үй чарбасы менен алектенүүгө мажбур болосуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чогулткан каражатыңызга көздөп жүргөн ири мүлктү сатып аласыз. Буга улай үйүңүздүн босогосун коноктор аттайт. Андыктан тегерек-четти иреттеп, даярдык көрүп койгонуңуз жакшы. Ал эми ишиңизде күтүлбөгөн ийгилик жаралып, кубаныч тартуулайт. Апта соңу той-топур менен уланат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Пландалган иштерди бүтүрүү үчүн убакытты туура бөлүштүрүңүз. Жетишпей калам деп корксоңуз, тааныштарды жардамга тартканыңыз оң. Апта ортосунда тамак-аштан ууланып калуу коркунучу бар, этият болуңуз. Дем алыш күнү эс алуу менен бирге жаңы тааныштарды таап, чер жазуу менен өтөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Көптөн бери чечилбеген маселелер оң жагына чечилет. Иш баштоого киришкендер тийиштүү адистерден кеңеш алып, ишке киришсе ашыкча чыгымдын алдын алган болот. Түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, таарынышуулар орун алат. Жекшембиде айрымдардын чөнтөгүнө акча түшсө, айрымдар чыгым болушат.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Көп эмгек жумшаган ишиңиздин акыбети кайтып, ийгиликке жетишесиз. Муну менен токтоп калбай дагы аракет кылсаңыз, алдыда мындан да чоң бийиктиктерди багынтасыз. Апта ортосунда күтүлбөгөн жерден эски таанышыңызды кезиктиресиз. Эс алуу күндөрү конокко чакыруу алышыңыз күтүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан