ФЕДОСЕЕВДИ САБАП КЕТИШТИ

Кикбоксчу Алексей Федосеев 30-августта түнкү саат бирлер чамасында ооруканага түшкөн. Борбордогу ресторандардын биринде өтүп жаткан үлпөт тойдо ал бирөөлөрдүн токмогуна кабылып, жаак сөөгү сынган.

КҮЧ КОЛДОНУШКАН
Алексей Федосеев кикбокс боюнча 2 ирет Евразиянын чемпиону аталса, 1 ирет Дүйнө чемпиондугун уткан. Орусияда төрөлгөнүнө карабастан, өзү өскөн Кыргызстанды мекеним деп тутунган спортчу.
Алексей 27-сентябрда команда менен Бразилияга Дүйнө чемпиондугуна аттанмак. Барган жеринен медалсыз кайтпаган спортчубуз, тилекке каршы, бирөөлөрдүн токмогуна кабылып, ооруканага түштү. Ал түндүн «каармандары» окуя болгон жерден из суутушкан. Алексейдин машыктыруучусу Александр Воинов билдиргендей, спортчу өзүн сабаган балдардын айрымдарын тааныйт. Бирок алардын үй-бүлөсүнө жаны ачып, укук коргоо органдарына кайрылбасын билдирген. Сабагандардан спортчу болгону дарыланууга кетчү каражатты талап кылат.

«БИР АЙ СПОРТКО КЕЛЕ АЛБАЙТ»
Федосеев учурда Улуттук госпиталдын бет-жаак сөөк хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Аталган бөлүмдүн башчысы Алмазбек Кулназаров билдиргендей, спортчунун жаак сөөгү эки жеринен сынган. Бети-башы көк ала болуп, карттанганы менен, баскан-турганы тың.
Лёшанын «Гермес профи» клубундагы машыктыруучуларынын бири Жанбулат Амантаевге байланышып, анын Бразилияда өтүүчү кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышпай калганын билдик. «Кем дегенде бир айдан кийин спортко кайтат. Бразилияга барбай калды»,- дейт ал. Спортчуга ден соолук тилеп, Алексей жаратчу ийгиликтер алдыда мол экенин айта кетели. Сабагандар сот жообуна тартылбаса да, абийир сотунан өтөт деген ишенич бар.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алексей Федосеев өзүн сабагандарды кечирди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
hey_hey
2013-09-10 15:13:27
Ден-соолук тилейли, батыраак айыгып кайрадан спортко кайтып келсин..
+1
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан