Өткөн аптада УЕФА футбол коомчулугунун көңүлүн имерген 3 маанилүү жаңылык жаратты. Алгач Монте-Карло шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чүчү кулак ташталып, 32 команда төрт-төрттөн 8 тайпага бөлүштүрүлдү. Андан соң УЕФАнын версиясы боюнча 2013-жылдагы Европанын мыкты футболчусунун ысымы аталды. Бул сыйлыкты франциялык Франк Рибери илип кетти. 36 добуш менен Франк Рибери атаандаштары Лионель Месси (13 добуш) менен Криштиану Роналдуну (3 добуш) ашып түштү. Эске салсак, 30 жаштагы француз футболчусу өткөн сезондо командасы менен Германиянын чемпиондугун, Германиянын Кубогун жана УЕФАнын ЧЛсын утуп алган. Акыркы жаңылык УЕФАнын Супер кубогу үчүн лондондук «Челси» менен мюнхендик «Бавария» кез келип, мюнхендиктер оюндан кийинки пенальтилер сериясында утуп алышты.
«А» ТАЙПАСЫ
«Манчестер Юнайтед» (Англия)
«Шахтёр» (Украина)
«Байер» (Германия)
«Реал Сосьедад» (Испания)
«B» ТАЙПАСЫ
«Реал» (Испания)
«Ювентус» (Италия)
«Галатасарай» (Түркия)
«Копенгаген» (Дания)
«C» ТАЙПАСЫ
«Бенфика» (Португалия)
ПСЖ (Франция)
«Олимпиакос» (Греция)
«Андерлехт» (Бельгия)
«D» ТАЙПАСЫ
«Бавария» (Германия)
ЦСКА (Орусия)
«Манчестер Сити» (Англия)
«Виктория « (Чехия)
«E» ТАЙПАСЫ
«Челси» (Англия)
«Шальке 04» (Германия)
«Базель» (Швейцария)
«Стяуа» (Румыния)
«F» тайпасы
«Арсенал» (Англия)
«Марсель» (Франция)
«Боруссия Д» (Германия)
«Наполи» (Италия)
«G» ТАЙПАСЫ
«Порту» (Португалия)
«Атлетико» (Испания)
«Зенит» (Орусия)
«Аустрия» (Австрия)
«H» ТАЙПАСЫ
«Барселона» (Испания)
«Милан» (Италия)
«Аякс» (Голландия)
«Селтик» (Шотландия)
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg