Баткен районунда сыйынуучу ыйык жерлер көп. Алардын катарын Кара-Булак айылында жайгашкан «Муз-Булак» коругу да толуктайт. Биздин бүгүнкү сапарыбыз дал ушул ыйык булактардын жайы катары саналган Муз-Булакка болмокчу.
ТӨРТ БУЛАКТЫН КАСИЕТИ ТӨРТ БАШКА
«Муз-Булак» коругу Баткен районунун Кара-Булак айылында жайгашкан. Азыр кооздугу көз жоосун алып турган учур. Муну көргөндө корук качандыр бир учурда суу жетпей какшып жаткан жер экенине ишенбейсиң. Жазуучу Мурзапар Үсөн бул жердин келечеги бар экенин сезип, азыркы абалга алып келген.
Мындагы булактардын да аталышы бар. Алар: Бала-Булак, Таш-Булак, Муз-Булак, Шор-Булак. Булардын ичинен касиеттүүлөрү Шор-Булак жана Бала-Булак. Шор-Булактын суусу тери ооруларынан арылтып, ден соолуктун чыңдалышына жардам берет. Ал эми Бала-Булакка балалуу болбой жүргөндөр келип, Жараткандан бала сурашат.
Муз-Булакты коруп, Кара-Үңкүрдө жашаган Мурзапар Үсөн менен баарлашып келдик. Ал бизге аталган корукту кантип, кандай кыйынчылыктар менен кургандыгы тууралуу айтып берди. Айта кетсек, биздин каарман «Кан Манастын бейитин издеп», «Ааламдар алкагында», «Сакылар жери», «Өрүктүү өрөөн», «Жазмыш», «Сырттан» деген өңдүү чыгармалары менен белгилүү.
– Кыргыз элинде «последний герой» болуп тоо үңкүрүндө жашаган эки жазуучу бар. Бири Алай тоолорунун Кердегей деген кыштакчасынын Кызыл-Үңкүрүндө жашап жаткан жазуучу Кубатбек Жусубалиев болсо, экинчиси Баткен чөлкөмүнүн Кара-Тоосунун коюнундагы «Муз-Булак» коругунун Кара-Үңкүрүндө жашаган жазуучу – мен, Мурзапар Үсөн. Маңдайыбызга, жазмышыбызга ушундай тагдырды насип кылса керек. Башка бирөөлөргө бул күлкү келерлик жорук туюлуп, жасаган иштерибизге купулу толбой «ай, ушундай да жашоо болчу беле...» деп кол шилтегендер канча болду. Кубатбек акемдин Кызыл-Үңкүрдө жашаганына 20 жылдан ашып, жашы 70тин кырынан өтсө, мен пайгамбар жашка келип, Муз-Булактын Кара-Үңкүрүн байырлаганыма 10 жылдан ашты. Канча өмүр кечирип, кимибиз «последний герой» болобуз, ким билет...
Бала кезимде кой жайып Муз-Булакка көп келчүмүн. Саратанда уйлар Кара-Үңкүрдө көлөкөлөп, булактын тегерегин тикенектер курчап турчу. Андан соң айгүл гүлүн көргөнү келгендерди аталган гүлгө алып барып жүрүп ал жерди мурдагыдан да жактырып калдым.
Жазуучулугума байланыштуу мамлекет тарабынан мага 1 гектар жер бөлүнүп берилмей болду. Мага мамлекет топурактуу жер берем десе, мен Муз-Булакты алууну сурангам. Ошол убакта райондун акими Дастан Бердишев «Ай, ушу жазуучулар, апенди болосуңар да. Кара топурактуу жерден 1 гектар алып картошка экпейсизби?» деп күлүп калган. Атактуу Бекмамат Осмонов да менин жазгандарымды окуп жүргөнбү, «жакшы кыласыңар, жазуучуларга табияттын ошондой кооз жерлерин бериш керек» деп кол коюп бериптир.
Кийин акимибиз «Бул Мурзапар кандай жерди тандады?» деп унаасы менен келип калбайбы. Жазында иш эми башталып, жылга ичиндеги жапайы бадалдардын арасында болгону бир боз үй тигилип турган. Баш-аягы жок, кандай болорун эч ким элестете албаган ишке жан үрөп чапкылап жүргөм. Аким көрүп, «Тандаган жериңиз ушубу?» деп колун шилтеп кетип калды. Менин көңүлүмдү кыя албаган балдарым, аялым да ишке колдору барбай, араң эле, айла жоктон кыбырап жүрүштү. Балдарым менин бетиме айта албай, апасына «ушу атам жинди болгон го» дегендерин кийин уктум. «Силер азыркыны гана көрүп, кийинкини элестете албай жатасыңар. Муз-Булак минтип эле турбас» дегем. Айткандай эле көркүнө чыкты. Андан бери 10 жылдан ашуун убакыт өттү. Мен үчүн эле эмес, эл үчүн дагы Муз-Булак адамдар суктанарлык көркүнө чыгып, жаратылыш паркына айланды.
Муз-Булактын ичине киргенде булактарды эле эмес, Манастын жыгачтан жасалган айкелин жана башка көптөгөн нерселерди көрүүгө болот. Ал жер дем алууга да өтө салкын, черди жаза турган жер экенине күбө болдук.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg