3-сентябрь күнү Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте жаш чек арачылардын классы ачылды. Ал класс Чек ара кызматы тарабынан каржыланган. Саамалык тууралуу 2022-аскер бөлүгүнүн башчысынын тарбия боюнча орун басары, полковник Адылбек Сейдалиев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Биз мектепке атайын жаш чек арачылардын классын ачтык. Баарына эле маалым болгондой, биздин аймак эки мамлекет менен чектешет. Мындай учурда чек ара деген эмне экенин, чек арачылар кандай кызмат аткара турганын билүү окуучулар үчүн өтө зарыл. Ошондуктан балдарды мектептен баштап эле Ата Мекенге кызмат кылууга, патриоттук сезимдерин күчөтүүгө аракет кылып жатабыз. Бул класстан алар чек арачынын ишмердүүлүгү боюнча толук маалымат ала алышат. Аталган класстын окуучулары биздин аскер бөлүккө барып аскердик жактан да билим алып, түрдүү сынактарга катышышат.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg