2-сентябрда Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш Ак-Чечек айылында 4 тажик жараны кармалган. Алар Кыргызстандын чек арасына куралдары менен аңчылык кылуу үчүн өтүшкөн. Аларды кармоо учурунда куралдар алынган. Учурда бул жарандардын үстүнөн чек арадан мыйзамсыз өтүү жана мыйзамсыз аңчылык кылуу боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg