Кызыл-Кыя шаарынын Бам кичи районунда жаңы мектеп салынып бүттү. Ушул айдын орто ченинде колдонууга бериле турган болду. Аталган мектеп 7 бөлмөдөн туруп, 250 окуучуга ылайыкташкан. Ал жергиликтүү бюджеттен жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан каржыланып, жалпысынан 8 миллион сом каражат сарпталган.Бул мектепте окуу жарым ай кечигип башталат.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg