29-августта Баткен районунун Ак-Сай айылына караштуу Сары-Жаз жайлоосундагылар 5 парашютчу асмандан түшүп келе жатканын көрүшкөн. Ошол замат укук коргоо органдарына кабар берилип, 5 күн бою УКМК менен Чек ара кызматынын ыкчам иликтөө тобу шектүүлөрдү издешип, жыйынтык чыгара алышпады. Натыйжада 3-сентябрь күнү Баткен аймагына түшкөн белгисиз 5 парашютчуну издөө токтотулду. «Сыягы, алар Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен» деген жооп болду, тиешелүү органдардан.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg