Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1-мектеп-гимназиясы калаадагы алдыңкы мектеп болуп саналат. Бирок эки жылдан бери 1-класска балдарды кабыл албай жатышканын аталган мектептин директору Алтынай Тургунбаева айтып чыкты. Себеби имараттын эскилиги жетип, шарттары жок. Ошондой эле мугалимдер жана класстар жетишсиз болгондуктан, 1-класска окуучулар алынган эмес. Учурда анда 1500 окуучу орус тилинде билим алышууда. 2013-2014-окуу жылында 11-классты 68 окуучу бүтүрөт.
«Мектебибиз эски, шарт жок деп отуруп албай, балдарды окуу китеби менен 80 пайызга камсыз кылганбыз. Эми дагы китептер алынып келинет»,- дейт директор. Алгачкы окуу күнүндө шаар мэри Муктар Арапбаев ал мектепке барып, балдарды окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
Кенже Тынымбек кызы
jalalabad@super.kg