Нарын шаарынын ичиндеги жөө адамдар басуучу ички жолдор өтө начар абалга түшүп кеткендиги баарыбызга маалым. Учурда шаардын борбор тарабынан күн батышты көздөй кеткен жөө адамдар басуучу аллея оңдолуп, брусчатка төшөлүүдө.
«Нарын шаарынын облустук профсоюзунун имаратынан шаардын санэпид аймагына чейинки бөлүгүнө брусчатка төшөлүп, оңдолуп жаткан учур. Бул долбоорду шаардык мэрия жазып, «АРИС» компаниясы каржылап жатат. Жалпысынан болжол менен
1 миллион 900 миң сом каражат сарпталды. Иштин жүрүшүнүн 95 пайызы аталган компания аркылуу ишке ашырылууда. Буюрса, сентябрь айынын 20ларына чейин аяктап калабыз»,- деп билдирди курулуш иштеринин жетекчиси Давид Курманов.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg