3-сентябрда өкмөттүн облустук администрациясынын жыйындар залында аптанын каарманы болуп жаткан Эрлан Өмүралиевдин билдирүүсүнө карата жыйын өткөрүлдү. Жыйынга облустун аппаратынын өкүлдөрү, Нарын ОИИБинин, УКМКнын, облустук санитардык эпидемиологиялык борбордун жана Нарын шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышышты. Жыйын учурунда өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Эмил Алымкулов жыйындын катышуучуларына тиешелүү тапшырмаларды берип, күч органдарына коопсуздукту жана коомчулуктагы тартипти бекем көзөмөлдөө милдетин тапшырды.
«2-сентябрда берилген Өмүралиевдин маалыматында түздөн-түз Нарын облусу тууралуу кеп болуп жатат. Мындай кырдаалда облустун жетекчилиги, күч органдары жана жалпы эле коомчулук карап отурбашы керек. Элдин коопсуздугу, мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн баарыбыз жапа тырмак кол кабыш кылуубуз зарыл. Ошондой эле коомчулукта да ар кандай чагымчылдык иш-аракеттердин алдын алуубуз кажет»,- дейт өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Эмил Алымкулов.
Эске сала кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланган. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg