ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАЙРАМЫ МЫКТЫ ӨТТҮ

31-август – Өлкөнүн эге­мендүүлүк алган күнү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өт­тү. Майрамдык салтанаттын деңгээлин баамдап турган кө­рүүчүлөр «Союз учурунда уюштурулган параддарды элестетти» деген ойлорун билди­ришти. Облустук өнүктүрүү фондунан жалпы майрамды уюштурууга 100 000 сом бөлүнгөн. Ошондой эле маданият кызматкерлери театралдаштырылган оюн-зоок уюштурган соң бир да мекеме-ишкана калбай майрамдык параддан өтүштү. Нарын шаары Нарын районунда жайгашкандыктан, айрыкча аталган район чоң салымын кошту.
Майрам уюштурулар алдында шаар ичин көрктөндүрүү иш-аракеттери колго алынып, жергиликтүү бийлик бул багытта иш алып барган. Ошондой эле өлкөнүн эгемендүүлүк алганына 22 жыл толушун белгилеген бул салтанатка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышып, жалпы Нарын дубанынын элин куттуктады.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
AFRODITA-89
2013-09-11 21:19:26
Эмнеге кобунчо Наарынды эле чыгарат. Бир теманы ачып окуюн деен эле Наарын деп чыгат.
-2
PROS
2013-09-12 08:33:23
Нарын артта калган облус да, ошон учун онугуп жатат демиш болгон жаналакет да.
-2
TolonturCN
2013-09-13 19:50:31
Кыргызстандан мыкты, алдыңкы, жакшы, сонун, деген жакшы кабарларды көбүрөөк күтөбүз чыныгы.
-1
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан