2013-жылдын 31-августунда Нарын районунда 2 өрт кырсыгы катталды. Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Чуркулуң тилкесинде 21:26лар чамасында өрт кырсыгы катталып, бөлүмгө өрт тууралуу кабар түшкөн. Өрт өчүрүү кызматкерлери Учкун айыл өкмөтү жана айыл тургундары менен биргеликте өрттү толук өчүрүшкөн. 2-сентябрь күнү ошол эле аймактагы кургак кайрак чөп кайрадан тутанган. Өрт түнкү саат 12:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон улам, 3 гектар кургак чөп өрттөнүп, жанында жайгашкан 15 гектар эгин талаасы сакталып калды. Өздүк курамдын күчү менен 1 миллионго чукул элдин материалдык баалуулуктары сакталды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg