КЕЙИБЕҢИЗ, ЖАШООДО МҮМКҮНЧҮЛҮК ЧЕКТӨӨСҮЗ

27-август күнү Каракол шаарындагы Касымалы Жан­тө­шев атындагы музыкалык драма театрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин «Жашоо – чектөөсүз мүмкүнчүлүктөр» аттуу фестивалы болуп өттү. Аталган сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан жана Казакстандан таланттуулар келип, жалпы катышуучулардын саны 40ка жетти. Сынак эстрада, фольклор жана бий багытында болду. Ага 16 жаштан жогору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышып, ата-апалардын да, жаштардын да өнөрлөрүн көрө алдык. Иш-чарага өкмөттүн облус боюнча ыйгарымдуу өкүлү Эмил Каптагаев, шаар мэри Рыскул Калыгулов катышып, фестивалдын катышуучуларына акчалай белек тапшырышты. Аталган фестивалды уюштурган Каракол шаарындагы «Теңдик» уюмунун жетекчиси ГҮЛМИРА КАЗАКУНО­ВАНЫ кепке тарттык.
– 5 жыл мурун Ысык-Көл облусунда ден соолугунун мүм­күнчүлүгү чектел­гендер­дин «Теңдик» ассоциациясы түзүлгөн. Анда өзүбүздүн кө­­ңүлүбүздү кө­төрүү максатында ыр кесе уюштуруп алган элек. 2011-жылы жалал-абад­дык шериктештер келип, аларга ыр кесе сунганбыз. Былтыр ыр кесебиз Кербен шаарында өт­көрүлүп, алар ыр кесенин атын өзгөртүп биринчи республикалык фестиваль деп коюшкан. Быйыл кайрадан бул фестиваль Көл жергесинде өттү.


Эстрада жанры боюнча баш байгени Бишкек шаарынан келген Гүлүм Касымбаева ээлеп, 1-орунга Майлы-Суу шаарынан келген Каныбек Базарбаев жана Перизат Кемелова татыды. 2-орунду Ош шаарынан келген Өмүркан Шермаматов багындырды. Фольклор жанры боюнча баш байгени Бишкек шаарынын тургуну Бакыт Жакыпов, 1-орунду Нарын шаарынан келген Гүлбарчын Исаева, 2-орунду Кербен шаарынан келген Айжамал Чыныбекова, 3-орунду Марс Жакыпов ээлешти. Бий жанры боюнча 1-орунду Айдай Черикбаева, 2-орунду Айбек Боталиев, 3-орунду Бахтияр Мухниса багындырышты. Эстрада жанры боюнча биринчи орунга арзыган КАНЫБЕК БАЗАРБАЕВ буларга токтолду:
– Фестивал­дын шылтоосу менен көп жерди көр­дүм. Атайын Май­лы-Суу шаа­ры­нан келген элем. Буга че­йин да анча-мынча сынактарга катышып жүрчүмүн. Ошол нерсе таасир этти окшойт, биринчи орунга ээ болдум.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
_oichul_
2013-09-09 17:32:29
Жакшы нерсе, туурабы?
0
gulnaz21
2013-09-09 19:50:37
_oichul_, oa menda kowulam sizge
0
jonokoi_myrza
2013-09-10 11:49:42
Азамасынар,мумкунчулугум чектелуу деп олтура бербей озунорду озунор которгуло.Жакшы демилге экен.Анча-мынча шоудагыларга караганда жандуу ун менен ырдашты.Ийгилик силерге!!!
0
jan_91
2013-09-10 14:32:04
Жалал-Абаддык баш тамга менен жазылбайбы?
0
admin_media
2013-09-10 15:01:23
jan_91,
Саламатсызбы! Жок, кичине тамга менен жазылат)
0
Nara_zi
2013-09-14 00:11:48
admin_media, саламатсыздарбы? Качантан бери жер шаарыбыздын аттары (энчилуу аттар) кичинекей тамга менен жазылып калган???
0
Jesu2010
2013-09-11 02:34:37
Биз кичинекей кезде Жалал-Абад, Ысык-Кол сыяктуу жердин аттары жогоруда мен жазгандай жазылчу, кийин сонгу озгортулуп жон гана Жалалабат, Ысыккол болуп жазыла турган болгон, алайлык, оштук, чуйлук деген создор дайыма кичинекей тамгалар менен жазылат. А насчет фестивали жакшы тушунбодум мумкунчулугу чектелгендер деп ким жонундо айтылып атат?
0
allan
2013-09-11 11:59:29
Jesu2010, майыптар жонундо.
0
Jesu2010
2013-09-12 01:59:38
allan, анда бул жакшы демилге.
0
allan
2013-09-14 16:51:27
Jesu2010, ооба,жакшы демилге.Кудайга дагы жагат!
0
Aizat_1991
2013-09-12 20:14:29
Ооба абдан жакшы демилге экен.
0
№ 566, 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан