Эрмек Нурбаев: «СҮЙГӨН КЫЗЫМДЫ БАШКА МЕНЕН ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ»

Адистер текшерүүнүн бул ыкмасын полиграф дешет. А калк арасында ал “детектор лжи” деген аталыш менен белгилүү. Адатта кайсы бир кылмышка шектүү адамдарды полиграф аркылуу текшерүүдөн өткөрүшөт. А биз болсо миңдеген кыргыз кыздарынын сүйүктүү телеалпаруучусу Эрмек Нурбаевди текшердик. Кайсы бир кылмышы үчүн эмес, азыркы учурда жүрөгү сүйүүгө толуп турабы, кыздарды жакшы көрөбү, өзүн жылдыз деп санайбы, жокпу деп. Жыйынтыгына өзүңүз күбө болуңуз, окурман.

(Эрмек суроолорго “ооба” же “жок” деп гана жооп бериши керек эле. Андыктан айрым суроолорго келгенде ойлонуп, толгонуп калып жатты. Текшерүүнү өткөзгөн “Адъютант” коргоо-детективдик агенттигинин адиси Олег Булатов да мындай учурларга комментарий берип жатты.)

– Сен телеалпаруучусуңбу?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Эрмек өз жообуна өзү ынанган жок.
Комментарий:
Эрмек: Жалаң эле телеалпаруучу эмес, өзүмдү КВНчи, юрист деп да билем. Ошондуктан ооба деп жооп бергеним менен оюмда өз жообума кошулган жокмун.

– Сүйгөн кызың барбы?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Эрмек толкунданып жатат.
Комментарий:
Адис: Бул жерде Эрмекти калп айтты деген туура эмес. Анын сүйгөн кызы бар экени көрүнүп турат. Болгондо да азыр сезимдери күчтүү. Ошол үчүн сүйгөн кызы тууралуу сөз козголгондо Эрмек токтоо отуруп “ооба” деп жооп бергени менен, анын кан басымы чыңалып чыкты.
Эрмек: Ооба, бул суроо берилгенде сүйгөн кызым көз алдыма келип, сагынып кеткенимди сездим. Балким, ошондуктан денем реакция бергендир.

– Кудай берген келбетиңе ыраа­зы­сыңбы?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Ооба.
– А карьераңачы?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Ооба.

– Кийип турган футболкаң 52-өл­чөмдөбү?
Эрмек: Жок.
Детектор: Жок.
– Сен 1985-жылы төрөлгөн­сүң­бү?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Ооба.

– Кийип турган футболкаңдын баасы 500 сомдон кымбатпы?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Ооба.

– Дайыма чын сүйлөйсүңбү?
Эрмек: Жок.
Детектор: Эрмек өз жообуна өзү ишенген жок.
Комментарий:
Адис: Биздин жашоодо дайыма жүз пайызга чындыкты айтуу, сүйлөө мүмкүн эмес. Эрмек “жок” деп жооп берип чынын айтканы менен, дайыма чындыкты сүйлөөгө мүмкүн эмес экендигин ойлоп бушайман болду. Ошондуктан детектордогу көрсөткүч менен анын айткан жообу дал келген жок.
Эрмек: Кээде жакшы иш үчүн калп айтууга туура келет. Бир гана менин кызыкчылыгым үчүн эмес, балким, бирөөнү сооротуу үчүн, балким, би­рөөлөрдү жараштыруу үчүн.

– Эгер сен ви-джей болбогонуңда, жаштар арасында популярдуу болот белең?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Ооба.
Комментарий:
Адис: Телеалпаруучу болбогон күн­дө да атактуу болоруна Эрмектин көзү жетет экен. Анткени бул жигит табиятынан лидер экени көрүнүп турат.

– Сен өзүмчүлсүңбү?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Ооба.
Комментарий:
Адис: Жаш, ийгиликтүү, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жигиттин сөздүн жакшы маанисинде алып караганда, өзүмчүл болушу шарт.
Эрмек: Ооба, мен өзүмчүлмүн. Бирок башкалардын пикири, каалоосу менен эсептешпегендей деңгээлде эмес. Кандай түшүндүрсөм... Мисалы, менин сүйгөн кызым менин гана кызым болушу керек, машинам мага гана тиешелүү дегендей...

– Кызганчааксыңбы?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Эрмек толкунданууда.
Комментарий:
Эрмек: Анткени кызымды башка бирөө менен элестете албайм.

– Бакыт кушу, аны Фортуна деп да коёбуз го, сага көп жылмаябы?
Эрмек: Жок.
Детектор: Эрмек өз жообуна канааттанган жок.
Комментарий:
Адис: Бакыт кушу көп жылмайбайт деген менен, Эрмек өз жообуна өзү кошулган жок. Демек, Фортуна жылмайган учурлар болгон. Бирок бул жигит анын мындан да көп болушун каалайт.
Эрмек: Менимче, ийгиликтерге жетишүүдө биринчи орунда Фортуна эмес, эмгек турат. Эгер баарыбыз эле бакыт кушуна гана сыйынып, ошону биринчи орунга коюп алсак, адамдардын баары жалкоо болуп кетсе керек. Андыктан “алма быш, оозума түш” деп жатып алып эле Фортунаны күтө берген туура эмес деп эсептейм. Ал эми эмгектенген адамга кайсы бир күнү бакыт кушу конбой койбойт.

– Өзүңдү жылдыз деп эсептей­сиңби?
Эрмек: Жок.
Детектор: Ооба.
Комментарий:
Эрмек: Бул суроо берилгенде мен эмне деп жооп берсем деп ойлонуп жаттым. Чынын айтсам, өзүмдү жөнөкөй адам деп эсептейм. Бирок көчөдө жүргөндө күйөрмандар таанып, кол тамга сурашып, сүрөткө чогуу түшүп, таанышууну каалашкан учурлар көп болот. Ошондой учурлар көз алдыма келип, балким, жылдыз окшойм деп ойлоп кеттим.

– Шоу-бизнес менен жеке жашоону аралаштырууга болобу же алар бири-бирине тоскоол болушабы?
Эрмек: Ооба, аралаштырууга болот.
Детектор: Эрмек арсар болуп турат.
Комментарий:
Эрмек: Шоу-бизнес – өзүнчө бир интригага толгон саясат. Менимче, эгер өзүңдү ар дайым туура алып жү­рүүгө аракет кылсаң, жеке жашоо менен шоу-бизнести кошо ала кетүүгө болот. Ушуга чейин менде бул жактан баш оору болбой эле келе жатат. Келечекте да болушун каалабайм.

– Сүйүүдөн кийин достук болобу?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Жок.
Комментарий:
Адис: Эрмек бирин-бири сүйүп жүрүп ажырашып кеткен адамдар ортосунда кийин достук мамиленин сакталып калышы мүмкүн эмес деп санайт окшойт.
Эрмек: Эгер адамдар ортосундагы сүйүү сезими жоголуп, андан кийин такыр эле бет карашпай кетишсе, бүткүл дүйнө жек көрүүгө толуп кетсе керек. Ошондуктан сүйүшкөндөр таарынышып, араздашса да достук мамилеси сакталып калса деген каалоом бар. Бирок менин тажрыйбам боюнча айтсам, ажырашып кеткен түгөйлөр дос катары мамилени сактап калышкан күндө да эч кимге айтылбаган, башкаларга байкалбаган таарыныч ортодо калары анык.

– Балмуздакты жакшы көрө­сүңбү?
Эрмек: Ооба, аябай жакшы кө­рөм.
Детектор: Ооба.

– А кыздардычы?
Эрмек: Ооба.
Детектор: Эрмек толкунданууда.
Комментарий:
Эрмек: Эмне, жигиттерди жактырмак белем?.. Эркек болгон соң аялзатын сыйлап, урматтап, барктап, сүйөрүм турган иш. Анан алар туура­луу суроо берилсе, өзүн чыныгы эркек деп эсептеген жан кантип кайдыгер калышы мүмкүн? Анын үстүнө, биздин Кыргызстанда сулуу, назик, мээримдүү кыздар абдан көп болсо... Денемдин толкунданганы ошондон болсо керек.

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
almasberg
2009-08-18 09:47:07
Ишине ийгилик, чыныгы кыргыз жигитисин Эрмек!!!
0
kanat
2009-08-21 15:47:43
мен сени аябай жакшы кором
0
muku
2009-08-23 10:41:20
Эң жакшы. Ишиңе ийгилик каалайм. Кыргызда сендей жашта коп боло берсин!
0
№ 354, 14-20-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан