Аталышы– «Мен күздү күтөм» Өткөнорду – Спорт Ордосу Башталышы – 19:00 (1 саат кечикти) Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы Мыктыномерлер – Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай» ыры Алпаруучулар– Нурзат Токтосунова, Темирлан Билетбаасы – 300-500 сом
Залдын көбүн Динара Акулованын замандаштары ээлешти көрүнөт. Ырчы жарк этип чыга келгенде эле жанымда отурган ини-карындаштарым «Ии, ошонуырдачы, тууракыласың» деп күрү-күү болуп жатышты. Акулованы биринчилерден болуп кызы Малика куттуктады. Апасынын репертуарын дал апасындай ырдап да, укмуш бийлеп да жатты. Ошондон улам баралына келгенде Малика апасынын ордун басмак түгүл, ашчудай деп койдум. Алпаруучулук чылбырды Нурзат Токтосунова менен Темирлан аттуу жигит аркалашты. Нурзат эми дасыккан алпаруучу эмеспи, атына доо кетирген жок. Ал эми берки жигиттин чоң сахнага чыкпаганы билинип турду. Балким, тойлордо тамадалык кылат чыгар деген ой келди. Корейлердин «Гангнам стайлы» дагы деле модада экен. «Учур» театрынын актёрлору Бактыгүл Асанова менен Адыл Болорбеков ал ырды «Күндө той» деп атап ырдап чыгышты. Кемпир-чалдын образын берип, ырдап-бийлеген эски көрүнүштү жөн эле коюшса болмок. Кала берсе, бир эле эмес, кайра-кайра чыгып тажатып жиберишти. Бир маалда карындашым «кытайлыккыргыздардан«Күтүү» дегенчыгарманыалыпкелдимэле. Булжердеотурганкытайлыккыргыздаргаарнайм» десе эле пультта отурган жигит башка ырды берип салбаспы. «Сто-оп!» деп катуу айтканда тык токтогону менен, ал ырды таба албай бир топко убара тартты. Акыры таба албасын билгенде гана алпаруучу Темирлан сахнада көпкө туруп калган Динара эжесин сахна артына узатып койду. Онлайн деп жар салган ырчы кайсы бир интернет-телевидениеден концертти түз алып бериптир. Конок катары келген Нурлан Насип Динара эжесин жана өзүн туулган күнү менен куттуктап, «Менин да сүйүүм ушундай» деген ырын ырдады. Ошондо, ой-бой, залда отургандар ырчыны аябай колдоп салышты. Андан сырткары туулган күн ээсин Өктөм Сапар уулу, Омар, Арсен, «Нон-Стоп» дуэти, Данияр Эрматов куттуктап келишти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
nuishka
2013-09-16 12:36:19
нурлан менен малика ырдаган ырды кантип тапса болот?супер-инфо
0
admin_media
2013-09-16 12:47:25
nuishka,
Саламатсызбы! Ал ырды жакынкы күндөрү биздин медиа-порталдан уга аласыздар.
saxnabiz en kedey saxnalardin biri da
kichine ondop jarkiratip kojushsa,svetteri eptep ele kujup ochup atat
+1
AFRODITA-89
2013-09-16 21:54:40
Жакшы концерт болуптур.
0
erkele
2013-09-17 00:38:23
Маликанын аткаруусундагы суранам тагдыр бизди туболук айрыба бирге омур суролу деген ырды жуктоп коесуздарбы мумкун болсо мага жакты
0
admin_media
2013-09-17 11:23:04
erkele,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жүктөп коебуз. Сунушуңузга рахмат
0
timurlanova20121990
2013-09-17 01:59:13
концерт аябай жакшы болду сахнанын жасалгасы да жакшы екен алып баруучу жигит биринчи жолу чыкса да нурзаттан калышпай анча мынча белгилуу алып баруучуларга караганда жакшы алып барды иши кылып мага динара ежемдин концерти жакты супер болду.
0
timurlanova20121990
2013-09-17 02:08:34
концерт ен мыкты денгеелде отту баары жакшы болду орду орду менен. мага жактыю
-1
eliza89
2013-09-17 02:40:51
Толик сынчыны айрымдар айым деп жатышат эле,ал кайра-кайра "ини-карындаштарым,карындашым"дей бериптир го.Же озун улуу киши элестетишсин деп атайын ушинтип жазганбы...
+2
zamir_kgz
2013-09-17 09:22:18
eliza89, Сынчыны да сынга ала баштаганбы?
+1
tynara81
2013-09-19 21:13:08
eliza89, ошо озун Динарадан да улуу корсотуп атат го, Толик сынчы.
+1
1985nur
2013-09-17 10:30:10
Динарага софия ратарунун стилинди кийинип журсо абдан жарашмак.
+1
Jamalym
2013-09-17 13:22:03
Мен да кузду ушунчалык суйом,негедир.Мен учун куздо чыккан кун да башкачадай сезилет.Ал эми Маликага болсо соз жок,уну аябай кооз.Мумкун Динара эжекебизден да ашкан ырчы болор.
0
venchik
2013-09-18 09:24:15
Маликанын мага Сага деген ыры жакты, жакшы ырдап чыгыптыр. осо турган кыз экен деп койгом, чынында эле апасынан ашпаса кем калбайт го.
0
Kumichi_93
2013-09-18 11:42:50
Супер инфо,нон-стоп дуетинин клиптери,жада калса ырлары медиа порталда жок го,кай жерден тапсам болот?