Дайыма ачык сүйлөп, чечкиндүү, тарсылдаган мүнөзү менен айырмаланган белгилүү айымдардан куру эмеспиз. Айтканын айткандай аткарып, айрым мырзалар жасай албаган жумушту жасап, чыгармачылыкта да ийгиликтерди жаратып келген айымдар өздөрүнүн кулк-мүнөзү тууралуу кеп салышты.
Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын Эл артисти:
«ЧЁРНЫЙЛАР» МЕНЕН ТИЛ ТАБЫШЫП,
МАСЕЛЕНИ ЧЕЧИП КОЁМ»
– Апам айтып калат, «Бала кезден эле бетке чабар, өжөр, көк бет элең» деп. Чөйрөмдөгүлөр да «чортурааксың» дешет. Чындыкты бетке айткан адам 10 адамдын экөөсүнө гана жагышы мүмкүн. Түшүнбөгөндөрү сени душман көрүп алышат. Ушул мүнөзүмдөн уламбы, айтор, улуу-кичүүнүн баары «Дагы эмне балээни айтып жиберет экен?» деп менден сестенип, коркуп турушат. Жиниме катуу тийсе какыс-кукус деле кылып коюудан кайра тартпайм.
Топто жүргөн бир кызым акыркы күндөрү ээн баштык кылып, мени укпай калган эле. Мага билдирбей үй-бүлөлүү киши менен достошуп алыптыр. Кечинде чыгып кетет да, таң атпай мас болуп келет. Айтор, айламды алты кетирген. Кой-айга болбойт, «Менин жашым бир топко келип калган, каалаганымды кылам» деп. Тою болгонго чейин ошентип жүрдү. Акыры аны күйөөгө берип кутулбадымбы. Бирок жаш кезде башкаруу оңой экен, жашы өткөндөн кийин тилиң деле өтпөй калат турбайбы. Мас болуп келгенде жаакка эки чаап, жулкуп-жулкуп отургузуп койчумун. Аны тыям деп жүрүп өзүмө душман арттырып алдым. Көрсө, сууну сиңген жерге куюш керек экен. А мен болсо асфальтка эле куя берипмин да.
Мурун көпчүлүк ырчылар «Эже, сиз айкөл, берешенсиз» деп көңүлүмдү алып, үйүмдө түнөп кетишчү. Алардын катарында Доорон, Мыктыбек, Расул да бар. Алар үйүмдө 1-2 жума жүрүп, мага «Гүлшайыр ака» деп ат коюп кетишкен. Чынында, рэкеттер, «чёрныйлар» менен деле тил табышып, кээ бир күч органдары чече албаган маселени чечип коё алам. Бул ысымга эркек мүнөзүмдөн улам ээ болсом керек деп ойлойм (күлүп).
Назира Жетигенова, куудул:
«КЫЗДАРЫМДЫ ТОГОЛОТО ТЕПЧҮМҮН»
– Түйүлдүк кезимден эле ата-энем эркек болот деп күтүшкөн экен. Кичинемден атамдын кызы болуп чоңойдум. Эсимде, атам мени аяш аталарымдын балдары менен күрөшкө салып, «Кызым, мени уят кылбай, намысыма жарап кой» деп кулагыма шыбырап кетип калчу. Атамды уят кылбайын деп жүрүп мушташка жакшы эле быштым көрүнөт.
Турмушка чыкканымда назик эле болчумун. Шартка жараша өзгөрөт экенсиң. Күйөөм 5-6 жолу кол көтөргөндө тилим чыкты. Кыздарымды да катуу тарбияладым. Жиниме тийишсе тоголото тепчүмүн. Акырында алар «Апа, башка кыздардын энелери антип урбайт экен, бизди деле урбай эле коюңузчу» деп суранып калышкан.
Мүнөз деген өзгөрбөйт тура, апам айткандай, баланы мүнөзү, кыялы менен төрөбөйт экенсиң. Бир чети өжөрлүк мүнөзүм өзүмө жагат, эч кимге жемиңди жедирбейсиң. Жакында эле «Баланча сенин үй-бүлөң тууралуу жаман сөздөрдү таратып жүрөт» дегенди угуп калдым. Жиним менен ал байкени «Көргөн жерден «бачагыңды» чыгарам» деп сөгүп салыпмын. Көрсө, ал эч нерсе айтпаптыр. Кечирим сурасам, кечирбей койду. Азыр мени көргөн жерден байкамаксанга салып басып кетет.
Айнура Турганбаева (Сакиш), куудул:
«ТАМДЫ УРУП АЛЫП КОЛУМ СЫНГАН»
– Мектепте окуп жүргөндө кыздардын «разборкасына» далай жолу катышкам. Дос кыздарыма болушуп эркек балдар менен мушташып эле жүрчүмүн. Бир жолу жиним менен бирөөсүн муштадым эле, ал буйтап кеттиби, айтор, тамды уруп алгам. Жыйынтыгында колум сынып, көпкө гипсте жүргөм.
Негизи, көк беттик, өжөрлүк менде бала кезден эле бар болчу, чоңойгондо ого бетер өркүндөп кетти да. «Бетке айткандын заары жок» дейт, бетине тике карап туруп айткандан эч качан заарканбайм, бул парзым. Чындыкты сүйгөн адамдар бетке айткандарды жакшы көрүшөт. Эгер түшүнбөсө «атаң көрү, түшүнбөгөн немеге бекер эле сүйлөпмүн» деп калам. Менде деле бирөөгө катуу айтып алып өкүнгөн учурлар, мага катуу айтып көңүлүмдү ооруткандар болгон. Бирок бетке айтат десе эле көрүнгөн нерсени шалпактап ирети жок айта бергендерге каршымын. Айтчу нерсени айтыш керек.
Гүлжайна Атаканова, куудул:
«МУШТАШЫП ЖҮРҮП КҮЙӨӨ ТАПКАМ»
– Тымпыйып ичинен бышып, сыр билдирбей жүргөн кыздарды көрсөм эле жиним келе берет. Өзүнчө наздана бербей шарт-шарт айтып сал, атып салса да. Менин ушул мүнөзүм көп эркектерге жагат. Кулк-мүнөзүмдүн арты менен күйөөлүү болгом. Чын, кыздар менен мушташып жүрүп азыркы күйөөмдү тапкам. Бир жолу кафеде отурсам бир кыз тийишет. Кой десем да болбойт. Анан жанына бардым да, "бастырдым". «Жүр эшикке» деп сүйрөп жөнөгөнүмдө бир жигит арачалады эле, аны тоголото түртүп салдым. Эшикке алып чыгып, ал кызды «тазалап» келгем. Экөөбүздү ажыраткан жигит азыр менин жолдошум, ха-ха...
Кичинемден эле мушташка жакынмын. Агамдын достору инилерин көчөгө алып чыгып бири-бири менен уруштурушчу. Иниси жок болгондуктан, агам мени алып чыкчу. Тигилер менен мушташып эле чаңга оонап жатып калчумун, эркектен бетер.
ОшМУда 3-курста окуп жүргөндө бир кыз мени досторума ушактап коюптур. Ал кызды 3-кабаттан түшүп келаткан жеринен аңтара койгонумда, тоголонуп 1-кабатка түшүп калган. Анын боюнда бар экен, анысы түшүп калып, окуудан айдалгам.
Кенже Дүйшеева, ырчы:
«ТИЛИМ МЕНЕН ЭЛЕ ЖЕТЧҮ ЖЕРИНЕ ЖЕТКИРЕМ»
– Бетке таамай айткан мүнөз мага атамдан калган. Чындык ачуу болот. Бирок аны баары эле көтөрө алышпайт. Туурасын айтам деп жаман көрүнөсүң, өзүң да сөзгө каласың. Жаман көрсө көрө берсин, бирок мен чындыкты айтуудан жазбайм. Айтып албасам сыгылып кетем.
Бизде, кыргыздарда, аял киши ашыкча сүйлөбөгөн, назик, сылык жан болуш керек деп эсептешет. Мына Курманжан датка деле күйөөсү көз жумгандан кийин кандай күчтүү бийлик жүргүзгөнүн баарыбыз билебиз. Эгер башкаруу жөндөмү, акыл-эси тунук болсо, аялдар деле эркектерге таандык сапаттарга ээ болсо эмнеге болбосун? Мисалы, жездеңер, кайын журтум мени дал ушул сапатым үчүн жактырышат, баалашат. Мен айрымдарга окшоп муштум менен чечпейм, тил менен эле жетчү жерине жеткирип коём. Бизде дагы бир сапат бар, жакшы адамды оңой эле баткакка салып булгап коюшат, артынан сүйлөп, жамандап жатып калышат. Сөз бар го «Өзү жасай албайт, жасаганды көрө албайт» деген. Ошон үчүн өз убагында жакшыны жакшы деп айткандан эч качан коркпошубуз керек. Кыйытып, майдалап, какшыктап айткандарга тарс-тарс эле бетке айтып жооп берем. Мындан айрымдардын көңүлү ооруйт, таарынышат. Эмне кылайын, канга сиңип калыптанып калган мүнөздү өзгөртө албайт экенсиң да.
Лунара Бекиева
star@super.kg