Акыркы жылдары кыргыз киносу жанданып, чет өлкөдө өтчү сынак, фестивалдарга байма-бай катышып калышты. Бул, албетте, кыргыз киносунун сандан сапатка өтө баштаганынан кабар берет. 5-сентябрь күнү жаш режиссёр Руслан Акун тарткан «Салам, Нью-Йорк!» тасмасына Түштүк Кореяда өткөн Сеул эл аралык кинофестивалынын атайын сыйлыгы тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземинде "корейлер тарабынан эң жакшы кабыл алынган тасма" деп кыргыз кино жаратуучуларынын сахнага чакырылышы биз үчүн сыймык жаратты. Бул кечеге конок болгон тасманын режиссёру Руслан Акундун кубанычы менен бөлүштүк.
– Сыйлык алышыңыздар менен куттуктайбыз, Руслан!
– Рахмат. Жеңишибиздин баары Кыргызстан үчүн. Мекенибизди чет өлкөгө таанытууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз.
– Сеул эл аралык кинофестивалына кантип катышып калдыңыздар?
– Кино жаатында иштеген таанышым Кореядагы фестивалга тасмабызды жөнөткөн болчу. 1-сентябрда бизге ал жактан чакыруу келди. Бардык, бирок бизге сыйлык беришерин күткөн эмеспиз. Кинонун атын атаганда толкунданып, башкача болуп кеттим. Кубанганыбызды айтпа. Аталган фестивалга 120 өлкөдөн 257 тасма катышты. Ошончо тасманын арасынан атайын сыйлыкка татыганыбыз биз үчүн абдан жагымдуу болду.
– Бул өңдүү фестивалдар сиздерге эмне берет?
– Биринчиден, канча өлкөдө фестиваль, сынакка катышса, ошончо жерде Кыргызстандын аты айтылат, таанылат дегендей. Мындай жеңиштер бизге да күчтөнүп иштөөгө чоң стимул берет. Кийин кино тартып калсак, демөөрчүлөрдү, өнөктөштөрдү табууда жеңилдик болот. Кыскасы, бизге ишеним артып калышат.
– Мындан башка да сынактарга катышып жатасыздарбы?
– Ооба, Сеул эл аралык кинофестивалынын атайын сыйлыгын алгандан кийин «Токио», «Шанхай» эл аралык фестивалдарына көрсөтпөйсүңөрбү» деген сунуш түштү. Учурда тапшыруу этабындабыз. Мындан тышкары Анападагы «Киношок», Алматыдагы «Евразия» кинофестивалдарында көрсөтүлөт.
– «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы корейлерге эмнеси менен жагыптыр?
– Сюжети жакканын айтышты. Учурдагы Кыргызстандагы социалдык маселелерди алар 80-90-жылдары башынан өткөрүшкөн экен. Негизи, Кыргызстанды көбү тааный беришпейт. Корейлер тарабынан "чогуу, биргеликте тасма тартсакпы" деген сунуштар да болду. Бул сунуштун үстүнөн ойлонуп жатабыз.
– Фильм атайын корей тилине которулду беле?
– Тасманын өзү орусча, кыргызча котормосу бар, бирок аны түшүнүшпөйт да. Андыктан кореялыктар англис тилиндеги титр менен көрүштү.
– Маегиңизге рахмат! Сизден "Оскар" күтөбүз.
Лунара Бекиева
star@super.kg