ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-сентябрдан 22-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Баштаган ишиңизди бүтүрүүгө көзүңүз жетпей, бушайман болосуз. Эрктүүлүк кылып күч жумшаңыз, ийгилик сиз тарапта болот. Шейшембиде жаңы идеяларды орундатууга мүмкүнчүлүк жаралат. Күтүүсүз жолугушуу, жаңы таанышуулар аптада орун алып, айрым бойдоктор көңүлүнө жаккан адамы менен кол кармашып калуусу мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында жаралган маселени дароо бүтүрүп, эс алууну көздөйсүз. Андыктан белди бекем бууп аракет кылсаңыз, аптанын экинчи жарымында жакшы жыйынтыкка жетесиз. Аны менен катар каржылык абалыңыз да чыңдалат. Дем алыш күндөрү конокко чакыруу түшүшү ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жашооңузду жакшы жагына багыттаган чоң өзгөрүү болору күтүлүүдө. Бул айрымдардын жаңы ишине байланыштуу болсо, айрымдарга сүйүүдөгү сезими түрткү берет. Бейшембиде таарынышып жүргөндөр табышат. Каржы жаатында капчыгыңыз калыңдайт. Дем алыш күндөр адаттагыдай эле эс алуу менен өтөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Көздөгөн максатыңызга жетүү үчүн бул аптада атаандаштар менен жарышка түшүүгө туура келет. Багыт алган жолуңуздан кайтпай тер төксөңүз, ийгилик сиз тарапка оойт. Жеке жашоодо бакытка жетем деп байлыкка көз артуудан алыс болуңуз. Апта аягында достор менен бирге эс алуучу жайлардын бирине баш багасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Айланага болгон көз карашыңызды өзгөртүүгө аракет жасаңыз. Болбосо жакындар менен болгон мамилеңизди суутуп аласыз. Маселени чечүүдө меники туура дегенден алыс болуп, кеңешип иш кылганыңыз оң. Үй-бүлөдө түгөйлөр ортосунда чыр-чатак чыгышы мүмкүн. Жума күнү айрымдардын ден соолугу кескин начарлап кетүү коркунучу бар.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Убакыт кенен деп кенебей жүрө берүү сизге материалдык зыян алып келиши мүмкүн. Бардык ишти өз убагында бүтүрүүгө күч жумшаңыз. Башкаларга убада берүүдөн мурда жакшылап ой жүгүртүңүз. Ишембиде сүйүү жаатында көз кумарын кандырган сезимдер курчайт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада каржы маселесинен кыйынчылыктарга тушугасыз. Бирок сиз күтпөгөн адам жардамга кол сунат. Алакан жайып отуруп калбай, карыз сурагандан тартынбаңыз. Бойдоктор көздөп жүргөн адамын башкага тарттырып жибербейин десе, сезимин арноого тезинен кадам шилтеши зарыл.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кандайдыр бир маселе жаралса, ашыкча кайгырбаңыз. Убакыттын өтүшү менен өзү чечилет. Жакын адамыңыз менен болгон мамилени бузууну көздөгөндөр чыгышы мүмкүн. Алардын сөзүнө маани бербеңиз. Апта ортосунда бойдоктор издеген адамына жолугушу күтүлүүдө. Жекшембиде табият койнуна чыгып эс алууга шарт түзүлөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кесиптештер менен пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Эмоцияга алдыруунун арты өкүнүч менен аяктаарын эске алыңыз. Бейшембиде алдамчылардын тузагына илинип калуу коркунучу бар. Апта соңунда иш боюнча жаңы сунуш түшөт, сизге канчалык пайда алып келерине жакшылап баам салып, анан чечим кабыл алыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Мурда таарынышып же чырдашып кеткен адамдар менен иштешүүгө туура келет. Эскини кечиришип, чогуу аракет кылсаңыз жыйынтыгы жакшы бүтөт. Жума күнү чакырылбаган конок жагымдуу кабары менен үйүңүздүн босогосун аттайт. Эс алуу күндөрү алыс жолго аттанууңуз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта башында тамактан ууланып калуу коркунучу жогору. Этият болуңуз. Шейшембиде талаштуу маселе жаралат. Маселени бир жактуу карап чечим чыгарууга ашыкпаңыз. Болбосо кетирген катачылыктын ордун толтуруу оор болот. Ишембиде узак жол жүрүүгө туура келет. Аптанын соңку күнү жакындарыңыздын бири менен ыркыңыз келишпей, чыр чыгат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Өз алдыңызча канчалык аракет кылсаңыз да, максатыңызга жетүү кыйынга турат. Андыктан өзүм дей бербей, өзгөнүн жардамына муктаж экендигиңизди сезе билиңиз. Узак сапарга аттанууну пландап жаткандар аны кийинкиге жылдырганы туура. Апта соңунда кубанычтын кучагында болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан