Неймар 21 жашта. Анын сөзү бразилиялык футбол сүйүүчүлөрү үчүн Кудайдын сөзүндөй бааланат. Өзү футболдун ысык-суугун көп көрө элек жаш жигит эми гана Европаны багынтууга аттанып, каталондук «Барселонаны» тандады. 3 эле жыл мурун футбол коомчулугунда аты-жыты жок жигит кантип аз убакытта атактуулукка жетишип, кантип европалык клубдардын талашына түшүп калды?
Неймар да Силва Сантос Жуниор
Клубу – «Барселона» (Испания)
Курама командасы – Бразилия
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 4-февраль
Туулган жери – Сан-Паулу, Бразилия
Бою – 174 см
Салмагы – 64 кгЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ
Бразилия: Конфедерациялар Кубогунун жеңүүчүсү (2013)
«Сантос»: Либертадорес Кубогунун чемпиону (2011)
«Барселона»: Испаниянын Суперкубогунун ээси (2013)
АТАКТУУЛАР НЕЙМАР ЖӨНҮНДӨ:
Пеле: «Неймар аргентиналык сологой футболчулар Диего Марадона менен Лионель Мессини ашып түшөрүнө ишенем».
Роналдо: «Неймарда дүйнөнүн мыктысы болуу үчүн бардык сапаттар бар».
Лионель Месси: «Неймар «Барсага» көп пайда алып келчү күчтүү оюнчу».
КАНТИП АТАКТУУ БОЛГОН?
Талант жана интернет
Түштүк америкалык футболчулар атактуулукту Европага келгенде күтсө, Неймар өз жеринде эле интернет сайттар аркылуу белгилүү болгон. Анын өнөрлөрү тасмага түшүрүлүп, интернетке жүктөлөт. Анан ал видеолор дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап, Немарадонанын аброюн көтөрө берген. Неймарды «футболдогу Жастин Бибер» дешет. Анткени канадалык таланттуу ырчы Жастин Бибер ютуб сайты аркылуу талантын көргөзүп, продюсерлерге жортуулга чыккан эмеспи.
Кубоктор
Неймар 2011-жылы «Сантостун» курамында Түштүк Америкадагы ири мелдеш Либертадорес Кубогун уткан. Анда 11 гол менен мелдештин башкы бомбардири аталган. Быйыл уткан Конфедерациялар Кубогу аброюн арттырса, «Барселонага» өткөнү ага 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун алдында өтө чоң жарнама болуп берди.
Чач жасалгасы
Футболчунун чач жасалгасы «ирокез» деп аталып, көп жылдык тарыхы бар. Неймарга бул чач жасалга өзгөчө атак алып келгенин айтпасак болбос. «Кезинде мен да ушундай чач жасалга менен ойногом» деп Пеленин эскергени бар.
«ФУТБОЛДУ ТАНДАДЫ»
Неймарды курамына кошууда мадриддик «Реал» менен каталондук «Барселонанын» ортосунда тымызын согуш болду. Башта «Реалдын»
100 миллион еврого жакын ири суммадагы акчасынан клуб баш тартып, чечим чыгарууну Неймарга калтырышкан. Кийин «Барселона» аны
57 миллион еврого сатып алды. Мадриддиктердин чоң акча менен иш кылганын жактырбагандар: «Неймар акчаны эмес, футболду тандап, «Реалга» эмес, «Барселонага» келди» деп чыгышты.
«АНТКОР ЖЫГЫЛУУНУ ТОКТОТ»
Неймар Криштиану Роналду сыяктуу анткор жыгылууну мыкты өздөштүргөн. Мындай жорукту европалык күйөрмандар жаман көрөт. Неймар «Барсага» келген күнү эле интернет айдыңында «Анткор жыгылууну токтотуп, таза ойно!» деген маанидеги эскертүүлөр, талкуулар күчөп кетти.
«МОДАНЫ ЭМЕС, ФУТБОЛДУ ОЙЛОНСО»
Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле ушундай пикир билдирген. Пеле «Эл Неймарды Бразилиянын жүгүн көтөрөт деп жаңылышат. Ал учурда футболго караганда чачын жасалгалоону, мода кууп кийинүүнү жана гезит-журналдарга чыгууну көп ойлонот. А биз аны дүйнөнүн мыктысы деп жатабыз» деп кейиген.
МЕССИНИН КӨЛӨКӨСҮНДӨ КАЛБАШЫ КЕРЕК
Бразилиялык футболчулар майданда лидерликке шыктуу келишет. Азыр Неймар келип кошулган командада аргентиналык Лионель Месси лидер. Анын башка бразилиялык жылдыздардай болуп кетүүсү үчүн Мессинин көлөкөсүндө калбоосу тийиш.
КУРАМА КОМАНДАНЫН ЛИДЕРИ
Неймар быйыл Конфедерациялар Кубогун утуп, өзү "Мелдештин мыкты футболчусу" аталды. Мындан улам, 2014-жылы Бразилияда өтчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда аны команданын негизги күчү катары кабылдап жатышат.
БИР УУЛДУН АТАСЫ
2011-жылдын августунда уулдуу болгон. Ата болгондо ал 19 жашта эле. Уулуна Давид Лукка деген ысым ыйгарган. Кызыгы, ага уул төрөп берген сүйүктүүсү Каролина анда 17 жашта болчу.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg